ПРЕЗИДЕНТТИН ЭМЕС, ПРЕМЬЕР-МИНИСТРДИН ДООРУ КЕЛДИ

Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум көптөгөн талаш-тартыштан кийин 11-декабрда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо күнү менен бирге болуп өттү. Жыйынтыгында референдумга
1 миллион 190 миң 855 киши добуш берүүгө катышып, алардын 79,6 пайызы Баш мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөргө макул, 15,4 пайызы Баш мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөргө каршы экендигин билдирген. Президент Алмазбек Атамбаев 28-декабрда референдумда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Жаңы Конституциянын тексти "Эркин-Тоо" гезитинин 30-декабрдагы чыгарылышында элге жарыяланат. Мыйзамга ылайык, ал 2017-жылдын 15-январынан тарта күчүнө кирет. Ал эми Баш мыйзамдагы 70, 72, 75, 81 жана 87-беренелерге киргизилген өзгөртүүлөр 2017-жылдын 1-декабрынан тарта иштей баштайт. Бул беренелер Жогорку Кеңеш, өкмөт жана президенттин ыйгарым укуктарына тиешелүү.
Жаңы Баш мыйзамда президент, премьер-министр жана парламенттин укук-милдеттери өзгөртүлгөн. Эң негизги өзгөртүү катары эксперттер президент менен премьер-министрдин укуктарында өзгөрүү болгонун, өкмөт башчынын бийлиги өсө турганын айтышууда. Ал нормалар келерки жылдын аягында, тактап айтканда, Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин иштеп баштаары да көпчүлүктө суроо жаратууда. Ошентип, премьердин бийлиги Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин күчөмөкчү. Ага чейин башка суроолор күн тартибинде турат. Конституция күчүнө кирген соң парламент мөөнөтүнөн мурун таркатылып, кайра парламенттик шайлоо өтөбү? Учурдагы өкмөт кызматта калабы же министрлер кабинети да алмашабы? Мыйзам боюнча, парламенттин өзүн-өзү таратышы үчүн эң аз дегенде 61 депутаттын добушу керек болот.

Бектур Токтоноев,
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 739, 30-декабрь- 05-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан