БИШКЕКТИ 5 ПАРТИЯ БИЙЛЕЙТ

11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоонун жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаардык кеңешине 5 партия келет. КСДП 13, "Республика-Ата Журт" 12, "Өнүгүү-Прогресс" 8, "Мекеним Кыргызстан" 7 жана "Кыргызстан" 5 мандатка ээ болду. Бирок мандатты алууга келгенде үгүт маалында жарыяланган тизме кайрадан өзгөрүүгө дуушар болду. Бул жагынан алганда бир гана КСДП тизмесин өзгөрткөн жок, туурасы, өзгөртүүгө дааган жок. Себеби президент Алмазбек Атамбаев соңку маалымат жыйынында шайлоодон кийин тизмени өзгөртүп жиберген партияларды "бул – шайлоочуларды алдоо" деп кескин сындаган болчу.
Эң көп орун өзгөрткөн "Республика-Ата Журт" болду. Тизменин алдыңкы сабынан 8 адам алынып, арткы орундагы талапкерлер мандатка көрсөтүлгөн. Ошондой эле кадамды "Мекеним Кыргызстан" партиясы жасап, алар алдыңкы 4 талапкердин ордун өзгөртүшкөн. "Өнүгүү-Прогресс" партиясында 2 жана "Кыргызстан" партиясында 1 адамдын орду өзгөртүлгөн. Элге жарыяланган тизме КСДПда деле өзгөрүшү мүмкүн. Мисалы, талапкерлер өздөрү арыз жазып БШКга кайрылышат да, ордун "чыныгы ээсине" бошотуп беришет.

Бектур Токтоноев,
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 739, 30-декабрь- 05-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан