Алмазбек Атамбаев: "БИЗ ЖАҢЫ БАРАКТЫ АЧЫП ЖАТАБЫЗ"

24-декабрда Кыргыз мамлекетинин президенти Алмазбек Атамбаев иш сапары менен коңшу Өзбекстанга барды. Бул иш сапар тарыхый болуп каларында шек жок, буга чейин суз тартып келген мамиле жылуу өңүткө өттү.

ЭКИ ӨЛКӨНҮН ЭЛИ КҮТКӨН ЖОЛУГУШУУ

Өзбекстандын жаңы шайланган президенти Шавкат Мирзийоевдин чакыруусу менен коңшу өлкөгө барган Алмазбек Атамбаев адегенде эле Самарканд шаарындагы мурунку президент Ислам Каримовдун күмбөзүнө жаңы өзбек лидеринин коштоосунда барып гүл койду.
Андан соң эки өлкө лидери Өзбекстандагы «Man Auto-Uzbekistan» өзбек-немис биргелешкен ишканасына барып, анда жасалып жаткан техникалар, мекеменин ишмердиги менен таанышып чыгышты.
Кыргыз жана өзбек президенттери ушул эле күнү жолугушуу өткөрүшүп, эки тараптуу мамилелер, чечүүнү талап кылып күн тартибинде турган маселелерди талкуулашты.
«Биз бүгүн Өзбекстандын биринчи президентинин жаркын элесин эскердик. Ислам Абдуганиевич сиздер акыркы жолу кандай сүйлөшкөнүңүздөр тууралуу айткан эле. Ал мага сентябрда биз сөзсүз Бишкекке барарыбызды, ага даярдык көрүүнү билдирген. Ал эмне айткан болсо, биз аны аткаруубуз керек. Үч ай ичинде биздин делегация сиздерге барды, сиздердин делегация бизге келишти, эки элдин ортосунда позитивдүү жагдайлар орун алды. Алар муну көптөн күтүшкөн эле»,- деди өзбек ажосу. Буга катар ал эки өлкө ортосунда соода-экономикалык жаатта кызматташуу керектигин баса белгиледи.
Кыргыз мамлекетинин башчысы Алмазбек Атамбаев Шавкат Мирзийоевге чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирди. Белгилей кетчү жагдай, Шавкат Мирзийоев президент болгондон тарта эң биринчиден болуп Кыргыз өлкөсүнүн президенти менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Алмазбек Атамбаев: "5 жыл биз Ислам Абдуганиевич менен иштештик. Ал июнда Ташкентте өткөн жолугушууда бардык маселелерди чечиш керектигин айтып, сентябрда Бишкекке КМШ өлкөлөрүнүн жыйынына барууну убадалаган. Тилекке каршы, Жараткан башкача чечип койду. Бүгүн биз ага арнап куран түшүрдүк. Жаткан жери жайлуу болсун... Ислам Абдуганиевичтин зор эмгеги бар. Ал чыныгы көз карандысыз Өзбекстанды кура алды. Биз анын 2010-жылдагы чоң көмөгүн унуткан жокпуз. Ислам Абдуганиевичтин туура позициясы провокациялык кагылыштарды токтотууга чоң өбөлгө болду. 2010-жылы июнь айында сиз менен да күн сайын бир нече жолу телефондон сүйлөшүп турганыбыз эсимде. Ошол учурдагы жардамыңыз үчүн абдан ыраазыбыз. Сиз Өзбекстан эли күтүп жүргөн лидерсиз. Көз карандысыздык үчүн күрөштүн мезгили бүттү, эми экономикага, мамилелердин чыңдалышы, ар кандай керексиз тоскоолдуктарды алып салууга басым жасоо керек",- деген оюн билдирди.
1996-жылы дал ушул 24-декабрь күнү Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда түбөлүк достук келишимине кол коюлган. Президент Атамбаев бул жагдайды символикалуу деп атап: "Бул юбилейлик күндө биз жаңы баракты ачып жатабыз",- деди.

"БУЛ ЖОЛУГУШУУДАН ДҮЙНӨЛҮК КООМЧУЛУК КӨП НЕРСЕ КҮТӨТ"

Өзбекстандын жана Кыргызстандын ортосундагы мамилелердин жанданып баштаганын көптөгөн эксперттер жакшы көрүнүш катары баалап жаткан убак. Өзбекстандык философия илимдеринин кандидаты Равшан Назаров "Спутник" Өзбекстан маалымат булагына: "Кыргыз өлкөсүнүн башчысынын өзбек жерине болгон сапарынан жеке эле эки мамлекеттин эли эмес, дүйнөлүк коомчулук да көп нерсени күтүп жатат. Борбор Азиядагы туруктуулук аймакта жашаган бардык мамлекеттердин жылуу кошуналык мамилелеринен көз каранды. Эгер Өзбекстан Кыргызстан менен бардык маселелерин чечип алса, бул чоң жетишкендик болот жана мындай тажрыйбаны башка мамлекеттер менен да, ошол эле Тажикстан менен жүзөгө ашырууга болот",- деген пикирин билдирген.

ЧЕК АРАЛАР ТАКТАЛАТ

Президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун айтымында, жолугушуудан кийин жалаң жакшы таасирлер калды. "Белгилей кетүүчү жагдай, өзбек тарап бардык протоколдук эрежелерден чыгып, Шавкат Мирзийоев Алмазбек Атамбаевди аэропортко чейин өзү узатып келди. Өлкө башчылардан биз бир ай ичинде ишке ашчу так тапшырмаларды алдык, аны жүзөгө ашыруу үчүн күнү-түнү иштейбиз",- деп билдирди. Бир ай ичинде аткарылчу тапшырмалардын негизгиси, албетте, чек ара маселелери. Сапар Исаковдун айтымында, өзбек-кыргыз чек арасын тактоо боюнча 2017-жылдын январь айына чейин эки өлкөнүн тиешелүү тармактары бир нече жолугушууларды өткөрүшөт.

Маалымат үчүн: Кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1378 чакырымга созулат, анын 320 чакырымы тактала элек. Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргыз өлкөсүндө 878 миң 615 өзбек улутундагы адам жашайт. Ал эми Өзбекстанда 300 миңге чукул кыргыз күн кечирип келет.

Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун күмбөзүнө барып гүл койду.


Өзбекстан Кыргыз мамлекетине жеңил жана жүк ташуучу автоунааларды, автобустарды экспорттоого кызыкдар.


Алмазбек Атамбаев мамилелердин бекемделишине басым жасоо керектигин билдирди.


Шавкат Мирзийоев Алмазбек Атамбаевди аэропортко өзү узатып келди.


Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 739, 30-декабрь- 05-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан