Актан Рыскелдиев: "АРАБА ТҮРТҮП, БУТ КИЙИМ ТАЗАЛАГАН БАЛАЛЫГЫМДЫ САГЫНАМ"

Тамашакөй, жайдары, элпек, ачык мүнөз жигит Актан Рыскелдиев бүгүн бизде конокто. "Турмуштун өйдө-ылдыйы көп экенин жакшы билем. Бирок азыркы заманда мээни иштетип жакшы жашаса да болорун түшүндүм",- деген Актан өткөн-кеткени, келечектеги максаттары тууралуу ой бөлүштү.

– Салам! Актан, келе жаткан Жаңы жылың менен! Маанай кандай?
– Саламатсыздарбы? Рахмат. Жаңы жылдык кыйраткан деле маанай жок. 5-6 жылдан бери бул майрамга мурдагыдай толкунданбай деле калгам. Азыр баарынан жыл жаңырары менен январь айындагы Сочиге барарыбызды эстеп, "кандай болор экен, эмне болор экен, даярданыш керек эле?" деген ойлорго курчалып кабатырланып жүрөм.

– Аталган сапар туурасында токтоло кетсең...
– "Позитифф" командасы Кыргызстанда канча лига болсо баарын жеңдик, эми сыртка чыгууга убакыт келди. "Азия MIX'тин" "Ала-Тоо" лигасында 5 команданын ичинен жеңүүчү деп табылып, жыйынтыгында Сочиде өтүүчү КВН командаларынын арасындагы эл аралык фестивалдын ачылышына катышканы турабыз. "Азия MIX" командасынын Жогорку Лиганын жеңүүчүсү болгону бизге да илеби тиет деп ишенем. Эльдияр Кененсаров өзү дагы "жардамымды берем" деген сөзүн берген. Командадагы 7 баладан тышкары бул чөйрөдөгү досторубуз да өз каражаттарына "барып келсекпи?!" деген ойлорун билдиришти. Мисалы, Бахридин, Урмат (ред.Борченов) жана "Ак кеме" командасынын балдары. Ар бир адамга орто эсеп менен барып келүү үчүн 50 миң сомдой каражат кетет экен.

– Жергиликтүү оюндарда, теледолбоорлордо, кинотасмаларда ийгиликтерди жаратып келесиңер...
– "Тамашоунун" жаңы сезонуна катышкан жокпуз, жаштардын кезеги келди дегендей. Бирок чоң-чоң оюндарда конок катары барып турсак деген ниеттерибиз бар. Ал эми теледолбоорлор боюнча колубуздан келишинче иштеп жатабыз. "Эл эмне дейт?" долбооруна режиссёрлордун чакыруусу менен келгенбиз, жыйынтык жаман эмес. Кудай буюрса, Жаңы жылдын алдында 4-сериясы чыгат. Айыл турмушу, жөнөкөй элдин жашоосу, эл үчүн ар дайым актуалдуу, кызыктуу, ал эми бул нерсени тамашалуу вариантта тартууласаң сиңимдүү да болот. Бул жаатта пландарыбыз да көп. Өзүбүздү кино жаатында да сынап жүрөбүз. "Конок" деген кино тарттык эле билбейм, продюсерлердин катачылыгынанбы, негедир сатыкта жакшы болбой калды. Бирок келечекте бул тармакта да ийгиликтер жылмаят деген ойдомун.

– Юмор жаратууда кризис деген түшүнүк барбы?
– Кудай сактасын, андай боло элек. Тамашоудо жаңы ойной баштаган учурда "тамашалар түгөнүп калса кантебиз?!" деген ойлор келип кетчү. Бирок жашоо жүрүп жаткандан кийин күнүгө жаңы тамаша жаратса болот экен, идея да эч качан түгөнбөйт. КВНде "штурмовка" деген термин бар. Команда тизилип отура калабыз да, идеяларыбызды баракка жазып, анын ар бирин жалпылап талкуулап чыгабыз. Талкуу учурунда тамашалар жарала берет. "Эл эмне дейт?" долбоорунда болсо кызыктыруучу нерсе – бул акча, кимдин идеясы жакшы болуп өтүп кетсе акысын алат.

– Кээде туура эмес тамашалап алып, анын запкысын тартып калган учурлар болобу?
– Тамашоудо калыстарды туура эмес тамашалап алып анан сахна артында "антпей жүрсөң" деген эскертүү алып жаткан балдарды көргөм. Бирок өзүмдө андай боло элек. Албетте бардык тамашаларым элге жагып турат, бирок мыкты КВНчимин, юмористмин же актёрмун дегенден да алысмын. Болгону мага ушул иш менен алектенүү жагат.

– Бирок кесибиң боюнча режиссёрсуң да?
- Ооба, бир тууган байкем Дастан (ред.Дастан Жапар уулу) экөөбүздүн ортобуз 1 жаш гана болгондуктан бала кезибизден ээрчишип чоңойдук. Ал мектепке барганда мен 5 жашта экениме карабай анын артынан мектепке бардым. Кийин Искусство институтунда да чогуу окудук. Эмнегедир менин "жиндилик" жоруктарымдан уялчу беле, айтор, "экөөбүздүн бир тууган экенибизди эч ким билбеши керек, институтта жүргөндө жаныма жолобо, мага сүйлөбө" деп көп айтчу. Ошентип экөөбүздүн бир тууган экенибизди группалаштарыбыз кийин гана билишкен. Чынын айтыш керек, Дастан байкем менден кыйын. Кыйындыгы үчүн дүйнөлүк "А" класстагы кинофестивалды жеңип келген "Атанын керээзи" тасмасынын жаратуучуларынын бири болуп жатат да.

– Эки бир тууган биригип кино тарталы деген пландар болбой койбосо керек?
– Экөөбүздүн кино тартканыбыз да кызык. Бир кыска метраждуу тасмабыз бар. Пикир келишпей калса мушташа кетчүбүз. Бир жолу эч эле бир ойго токтоло албай калып, тасмага тартылып жаткан актёрлорубузду "чыгып тургулачы" деп чыгарып коюп мушташып алдык да, кайра киргизип тартуу иштерин улантканбыз. Удаа өсүп калганга менин эгизимдей эле. Анын жанында мен "шустрыйлык" кылып биринчи үйлөнүп алып жатпаймынбы. Аны үйдөгүлөр "камерасына үйлөнүп алган" деп тамашалап калышат. Таң калганым ойлонгонубуз да окшош экен. "Атанын керээзи" тасмасынын сценарийин мага айтып берип жатканда оюма туура келип "бала атасынын күлүн алып келгенге болбойбу?!" деген идеямды айтсам "сен сценарийди окуп алыптырсың" деп мага ишенбей койгон. Көрсө, ал нерсе мага чейин эле сценарийде бар экен.

– Тамашакөйлүк бул өнөр. Өнөр балага үй-бүлөдө бирөөдөн өтчү эле?
– Тамашакөйлүк мага атамдан өткөн десем болот. Ажыкызданып, тамашалап калмай жайы бар. Андан тышкары таякелерим да бул жаатта аябай таланттуу. Талантты деле бакпасаң калып калат. Жамандыр-жакшыдыр азыркы деңгээлиме өзүмдүн эмгегим менен эле жеттим деп ойлойм.

– Учурда өзү ата болууга жетишкен Актандын балалыгына кылчая кетели...
– Бала кезде жетишпеген турмуштун запкысын жакшы эле тарттык. Азыр деле кыйратып жашап жатам дебейм, Кудайга шүгүр эл катарындабыз. Ошентсе да базарда араба түртүп, элдин бут кийимин тазалап акча тапкан, БЧКнын суусуна көлгө түшкөндөй чумкуган күндөрүмдү деле сагынам. Ал кезде апам базарда иштечү, биз араба түртүп, таякем соода кылып бүткөндө катарларды шыпырар эле. Таежем Орусияга иштеп кетип анын 2 баласы да биз менен болчу. Бешөөбүз катарларды аралап картошка, сабиз, пияз дегендерди бир сумка кылып терип келчүбүз. Ошол биз үчүн чоң кубаныч эле. Элде болгон велосипед, топ, оюнчук менде болгон эмес. Азыр ошондуктан канча акча таппайын коротконго даярмын. Бир нерсе жагып калса, дароо сатып алам. Анын айынанбы же башка себеби барбы, канча тапсам деле Нарындан келгенден бери батирден батирге көчүп, үйгө жетпей келебиз. Аздан болсо да акча топтоп үй алалы деген ойдун курчоосунда жүргөн чагым. Кара жумуш бала кезде көкөйгө тийип койгон окшойт, азыр айдама болуп калдым. Үйдөбү, кайын журттабы кыйыныраак иш чыгып калса, дароо шылтоо таап жылт коём (күлүп).

– Кызыктуу маегиңизге чоң рахмат.

"Экран – бизди ар түрдүү кубулуп турууга аргасыз кылат. Кээде дудук, кээде кыз болом"


"Үй-бүлөнүн амандыгынан артык эмне байлык бар? Кудайыма шүгүр".


Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Siren.ms
2017-01-04 09:29:07
жакшы апасына окшош экен Актан азаматсын ийгилик сага
0
Surgut777
2017-01-04 09:43:54
Азамат ийгилик.
+1
momun74
2017-01-04 11:05:10
актерлорду чыгарып мушташып алгандары жакты соооонннннун маек болуптур уй булолук бакыт каалайбыз!
+3
janka7
2017-01-04 11:14:04
Апасына окшош экен аябай
0
altyn_kyz
2017-01-04 11:36:18
Жасалмасы жок суйлойт да ушул байке,ишине ийгилик Азия Михтин жолун жолдоп силер дагы чемпион болгула! Айдатма деген созу эле жакшы))) инстаграмга коп жазат ушул созун
0
Kroxa
2017-01-04 16:51:39
Ийгилик..сонун маек...
0
Basko94
2017-01-04 21:13:57
Актан позитив, дайыма позитив тартуулайсын, бар бол, ийгилик!
0
Jyrgal8
2017-01-05 12:01:50
мен эмнеге эле жаккан нерсени сатып алмайын жаным жай албайт десе жаш кездин таасири болот окшойт ушул нерсеге акылым жетпептир молодчик атына затын жарашкан Актан экенсин....
+4
LadyD
2017-01-05 12:29:59
Актан азаматсын! Сочиде ийгилик кутсун силерди! "Конок" тасмасын инстаграмга ишенип, ошол эле жерден реклама кылып койдунар, ТВга чыкпай, ошол себептен эл аз барды. Ал эми там алууга акча топтолбой жатса, курулуп жаткан коп-кабаттуу уйдон батир алганын туура болот го, оздорунун графиктери бар внос кылганга,жанталашып чогултасын акча, коп эле долбоорлордо эмгек кыласын, колунан келет. Ийгилик сага!
0
Zinazima
2017-01-06 15:51:40
Супер инфо байкесинен да интервью алгылачы сураныч
0
admin_superstan
2017-01-06 16:24:43
Zinazima, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
akubeku
2017-01-08 12:22:43
эээ актан азаматсын иним сени жакшы кором себеби менин баламын атыда актан
0
suiuktuujar
2017-01-08 18:25:19
Ийгилик бактылуулук каалайм.
0
NURDANCHIK
2017-01-10 12:29:16
Aзаматсын алга жагат
0
Sagidko88
2017-01-10 14:41:31
Азамат!!! Айрыкча ак терек кок теректе укмуш кулдуросун
0
№ 739, 30-декабрь- 05-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан