SUPER.KG’ден Күнсереп

SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

22-декабрь:
ДИНИЙ ҮГҮТТӨР КОРКУНУЧ ЖАРАТУУДА

Ысык-Көлдө диний уюмдардын өкүлдөрү айылдарды кыдырып, балдарды мектепке жөнөтпөөгө чакырык жасап жатышат. Бул тууралуу 22-декабрда парламентте депутат Каныбек Иманалиев билдирүү жасап, өкмөттү ыкчам реакция жасоого чакырды. Мындай маалымат тараганына 1 аптадан ашканына карабай Башкы прокуратура үн катпай жатканын сындаган депутат: "Бул конституциялык түзүлүштү бузуу. Жакында тажикстандык профессор "биздин 25 жылдагы эң чоң жетишкендигибиз – дин менен мамлекеттик башкарууну ажырата алганыбыз" деп айтты. Биз болсо, тескерисинче, динди мамлекеттин иштерине аралаштырып жатабыз",- деди.
Баш мыйзам боюнча, Кыргыз мамлекетинде дин мамлекеттик башкаруудан тышкары. Иш жүзүндө дин ишмерлери элди башкарууга, атүгүл "муну шайла, тигини шайлаба" деп саясий иштерге да эчак аралашып, өз бийлигин жүргүзө баштаган. Эмдөөгө болбойт, мектепке барууга болбойт, Жаңы жылды майрамдоого болбойт жана башка дагы толгон-токой "болбойттор". Мындай үгүттөр коомчулукту эки лагерге бөлүп, ич ара тирешүүгө чейин жеткирери Чубак Жалилов менен депутат Жанар Акаевдин окуясында белгилүү болду. Ак-караны өз алдынча таанып-билүүгө билими жетишсиз, жашоо шарты начар, коррупциялашкан, жөнөкөй калктын кызыкчылыгы корголбогон коомдо радикалдашуу тез жүрөт жана аягы мамлекет үчүн коркунучтуу. Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү абал бул коркунучту эселеп өстүрүүдө. УКМК, Дин иштери боюнча комитет, Билим берүү жана илим министрлиги, Жогорку Кеңеш, ИИМ, дегеле саясатчылар, өлкө жетекчилиги бул коркунучка олуттуу мамиле кылуусу зарыл...

23-декабрь:
ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ ОЛИГАРХТАР МОНОПОЛИСТКЕ АЙЛАНЫП ЖАТЫШАТ

Жогорку Кеңештеги ири ишкер депутаттар мыйзам чыгаруу мүмкүнчүлүгүн өз кызыкчылыктарында колдонуп жатышканы буга чейин эле айтылып келген. Эми бул сындар парламенттин трибунасында, депутаттар тарабынан айтыла баштады. "Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов парламент жыйынында өлкөнүн кирешелүү тармактарын чиновниктер ээлеп алганын айтып, "өлкөдөгү бизнести биротоло 5-6 адамга бөлүп берип койбойлубу..." деп мазак аралаш сындады. "Курулушту "Авангард", спирт ичимдиктерин "Аю" компаниясына өткөрүп бергиле. Ун өндүрүшүн кесиптештерибиз Чыныбай Акунович менен Бакыт Эргешович алсын. Ошентип ири ишкердикти беш-алтооң бөлүп алгыла анда",- деди Сулайманов. Белгилей кетсек, "Авангард строй" курулуш компаниясы учурунда "Ата Мекендин" катарында жүрүп министр болгон, кийин президенттин командасына өтүп кеткен, учурда өлкө башчысынын кеңешчиси Калыкбек Султановго таандык. Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков менен "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин ун өндүргөн ири ишканалары бар. Өлкөнүн дары каражаттары рыногун ишенимдүү ээлеп келе жаткан "Неман фарм" ишканасынын кожоюну депутат Осмонбек Артыкбаевди да бул тизмеге кошууга болот. Депутаттардын мындай талаш-тартыштары "акчалуулар депутаттыкка бизнесин калкалоо үчүн келишет" деген сынды бекемдеди...

26-декабрь:
ӨЗБЕК ЛИДЕРИ АТАМБАЕВ ҮЧҮН "ЭРЕЖЕНИ" БУЗДУ

Кыргыз-өзбек алакасында жылыштар байкалууда. Президент Алмазбек Атамбаев 24-декабрь күнү иш сапары менен Өзбекстандын Самарканд шаарына барып, маркум өзбек башчысы Ислам Каримовдун бейитине гүл коюп, жаңы шайланган президенти Шавкат Мирзийоев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан ары ал аэропортко чейин келип кыргыз ажосун узатып койду. Адатта протоколдон тышкары жасалган кадамдар эки лидердин гана эмес, эки мамлекеттин мамилесинин өнүгүүсүнө, алардын ортосундагы маселелердин ылдам жана ызы-чуусуз чечилишине оң таасирин тийгизет. Ислам Каримовдун бийлигинин акыркы жылдарында Өзбекстан менен болгон Кыргыз мамлекетинин алакасы жылуу деп айтууга жакындабайт эле. Жаратылыш газы, Нарын дарыясынын жана башка Кыргыз жеринен коңшу өлкөнү көздөй аккан сууну пайдалануу, суу сактагычтар, такталып бүтө элек чек арадагы тилкелерде маал-маалы менен орун алган чыр-чатактар, чек араны жаап салуу, санай берсе, кыргыз-өзбек арасындагы чечилиши керек болгон маселелер ондоп-жүздөп саналат. Шавкат Мирзийоев президенттик кызматка киришкенден бери алгачкы жолу кабыл алган мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев болду.
Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун айтымында, эки тараптуу сүйлөшүүдө күн тартибинде турган бардык маселелер талкууланды.
Ушул жылдын март айында, кийинчерээк август айында кыргыз-өзбек чек арасында маселелер чыгып, абал эки тараптын такталбаган аймактарга блокпост коюп, жөнөкөй жарандарды "аймакта мыйзамсыз жүрөт" деген шылтоо менен барымтага алып, бир аймакта жаралган маселени чечүүгө экинчи аймакты пайдалануусуна чейин жеткен. Мындай абалда элдин нааразычылыгын кайсы бир күчтөр өз кызыкчылыгында пайдаланып, көкүтүү менен эки элдин арасында жаңжал чыгарып жиберүүсү толук мүмкүн эле. Мына ошондой курч кырдаалдан бүгүнкүдөй жылуу мамилеге кайтуу бардык учурда эле мүмкүн болчу иш эмес. Кыргыз-өзбек мамилесинин жакшыруусун быйылкы жылга карата тышкы саясатта жасалган жакшы кадам катары кабыл алууга болот. Маселелердин чечилишин эки өлкөдө жашаган, бири-бирине каттаган, соода-катыш кылган миңдеген жарандар да чыдамсыздык менен күтүп турушат...

27-декабрь:
САЛЯНОВА ӨЗҮ КАЗЫШКАН АҢГА ӨЗҮ ТҮШТҮ

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты, мурунку башкы прокурор, мурунку юстиция министри Аида Саляновага каршы Кылмыш жана жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү боюнча кылмыш ишин козгоду. Депутат "юстиция министри кезинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп шектелүүдө. Аталган берене боюнча 5 миллион сомго чейин айып пул салынат же үй-мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Салянова "юстиция министри болуп иштеп жатканда кылмыштарды жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.
Салянова өзүнө карата кылмыш ишин козгоого негиз жоктугун айтып, бул ишти саясий куугунтук катары баалады. "Лицензия мыйзамдын бардык нормаларын сактоо менен узартылган. "Адвокаттык ишмердүүлүк жөнүндө" мыйзамда лицензияны узартпай коюуга бир да негиз болгон эмес. Бул кылмыш иши саясий мүнөзгө ээ экени көрүнүп турат. Бул басым референдум боюнча позициямды ачык билдиргенден кийин күчөдү",- дейт ал. 25 жыл ичинде саясий куугунтуктардын аягы кандай бүтөрүнө элдин көзү жетип калды. Акаевдин бийлиги Феликс Куловду "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды" деп 7 жылга, ушундай эле берене менен Бакиевдин бийлиги Исмаил Исаковду 8 жылга эркинен ажыраткан. Жыйынтыгында экөө тең акталып чыкты.
Мыйзамдын коргоочусу катары көрүнгөн депутат айымдын атына көлөкө түшүргөн окуялар дагы жок эмес. Алсак, анын күйөөсү Бакыт Абдыкапаров "алдамчылык" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" кылмыштарына айыпталып, 7 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган. Депутат айымдын тууганы Калыбек Салянов 19 жаштагы кыз Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу алгач шектүү катары, кийин күбө катары суракка алынып, ал ишке бүгүнкүгө чейин чекит коюлбай келет.
Интернетте аз күн мурун Аида Салянова менен Жылдыз Мамбеталиеванын сүйлөшүүсү жазылган аудио тараган. Эки айымдын ортосунда сөз Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышы тууралуу жүрөт. 2010-жылы июнь айында Аида Салянова юстиция министринин милдетин аткаруучу, Жылдыз Мамбеталиева анын орун басары болуп турган. Экөөнүн сүйлөшүүсүнөн улам лицензияны узартуу боюнча документтер Мамбеталиева тарабынан даярдалып, Салянованын кол койгону түшүнүктүү болот. Жылдыз Мамбеталиева кийинчерээк КСДПнын квотасы менен бул министрликти жетектеген. Ошентип юстиция министри болгон эки айым тең ошол 2010-жылдын 28-июнунда Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу мыйзамдуу болгон дешет. Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын пикири бул эки айымдыкынан кескин айырмаланат. Башкы прокуратура Саляновага карата кылмыш ишин 304-берене боюнча козгоду. "Коррупция", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" өңдүү беренелер оор кылмыш иштери деп саналып, мындайда депутаттык иммунитет жардам бербейт. Андыктан прокуратура кылмыш ишин козгоп, жоопкерчиликке тартуу үчүн Салянованы кол тийбестиктен ажыратуу сунушу менен Жогорку Кеңешке кайрылган жок.
Кыргыз саясатында өзү казган орго кайра өзү түшүп калуу мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп калды. Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылдын ноябрында ошол кезде парламент депутаты Ахматбек Келдибековго Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, ал кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Жогорку Кеңешке чакырылган ал кездеги башкы прокурор Аида Салянова: "Депутат Ахматбек Келдибековго өтө оор кылмыш боюнча айып тагылгандыктан, аны кармоо үчүн Жогорку Кеңештин макулдугун сураган жокпуз",- деген. Депутаттын кол тийбестик макамы Келдибековду сактай албагандай эле эми Саляновага да жардам бере албай калышы мүмкүн...

28-декабрь:
ДЕПУТАТТАРДЫН ЭЛДИН ЭСЕБИНЕН ЖАСАЛГАН ПАЙДАСЫЗ САЯКАТТАРЫ ТЫЙЫЛАБЫ?

Парламент спикери Чыныбай Турсунбеков айрым депутаттардын Тайвань аралына иш сапары менен барып келиши кыргыз-кытай мамилесине көлөкө түшүрүп жатканын айтып, эл өкүлдөрүн чет өлкөгө чыгарда мамлекеттин позициясын эске алууга жана сапарды алдын ала макулдашууга чакырды. Кытай Кыргыз мамлекетинин стратегиялык өнөктөшү, өлкөдө ири долбоорлордун көбү Кытайдан алынган карыздын эсебинен жасалып жатат. Бирок Кыргыз өлкөсү эгемендүү мамлекет катары тышкы мамилелерди башка өлкөлөрдүн маанайына карап эмес, мамлекеттин кызыкчылыгына жараша жүргүзүшү керек. Тайвань аралына барган депутаттар коркунучтуу эч нерсе жасабаганын, болгону аталган аймактын ооруканалары менен таанышканын айтышты. Тайванга барган депутаттардын бири, вице-спикер Нурбек Алимбеков бүгүн төраганын орун басарлыгынан кетти. "Кытай менен стратегиялык өнөктөш экенибизге маани беришибиз шарт. Биз тараптан күнөө кеткенин моюнга алуу менен, вице-спикерлик кызматты өз каалоом менен тапшырам",- деди ал. Кытай Тайванды өз алдынча мамлекет катары тааныбайт, бирок Тайвань өзүн Кытайдан көз карандысыз өлкө деп эсептейт.
Иш сапарлар өлкөнүн аброю эле эмес, ириде мамлекеттик чыгым. Андыктан депутаттардын тышкы сапарларын көзөмөлдөө туура көрүнүш. 2011-жылы ошол кездеги спикер Ахматбек Келдибеков менен Мамлекеттик каттоо кызматынын ошол маалдагы башчысы Жаныбек Бакчиев жеке учакта, мамлекеттик казынадан 70 миң доллар коротуп саякаттап келгенин Өмүрбек Текебаев айтып чыккан. Ушул эле жылы спикер Келдибеков баштаган парламенттик делегация Малайзия жана Индонезияга иш сапары менен барып, ага 200 миң доллар коротулган. 36 адамдан турган делегациянын курамында Келдибековдун аялы, жеке дарыгери, фотографы, оператору, котормочусу жана жардамчылары болгону катуу сынга алынган. Бул сапардын максаты, натыйжасы көпчүлүккө белгисиз бойдон калган. Мына ушундай ашкере ысырапкорчулукту, шектүү учууларды тыюу керек. Эл төлөгөн салыктын эсебинен чиновниктердин жеке максатта эл-жер кыдырып саякаттоосуна жол берилбеши кажет...

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 739, 30-декабрь- 05-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан