“ПУССИКАТ ДОЛЛС”

ИЙГИЛИКТЕРГЕ КАРАЙ ЖОЛ
“Пуссикат Доллс” бий тобун 1995-жылы америкалык популярдуу топтор менен иштешип келген Робин Антин деген хореограф түзгөн. Робин топко бийге шыктуу деген кыздарды чогулткан эле. Топтогулар популярдуу болгонго чейин бир топ кыйынчылыктарды баштарынан өткөрүшөт. Бий менен машыгуу үчүн атайын жай болбогондуктан, Робиндин көңүлдөшү Кристина Эплгейт аттуу айымдын машина коюучу жайында машыгуу өткөрө башташат. Кыздардын талантына, аракетчилдигине күбө болуп келген Кристина тааныштары менен байланышып, Лос-Анжелес шаарындагы престиждүү клубдардын биринде кыздарга эл алдына бийлөөгө мүмкүнчүлүк түзүп берет. Кыздардын бийлегендери клубдун кожоюну менен ал жерге эс алганы келген коноктордун купулуна толот. Биринчи жолу жаркыраган имараттын ичинде, көп көрүүчүлөрдүн алдында кыздар жогорку деңгээлде бийлешет. Ошондон соң топко кызыккандар чыгат. Көп өтпөй эле топтун шоу дүйнөгө жолу ачылып, өз күйөрмандарына ээ болот. Ошентип, аз убакыттын ичинде “Пуссикат Доллс” Голливуддун белгилүү бий тобуна айланат. Алардын концерттик шоу-кечелерине билеттер алдын-ала сатылып кетип, көпчүлүккө жетпей калган учурлар да кездешет. Бир топ абройлуу жылдыздар да бий тобу өткөргөн шоуга чакыруу баракчасын күтүшө тургандыктарын жашырышкан эмес. Топтун бийчи кыздары бир нече жыл бою Памела Андерсон, Пинк, Перис Хилтон аттуу белгилүү жылдыздар менен бир сахнага чыкканга жетишишет. Топтун бир солисткасына Рикки Мартин дүйнөлүк турнеге өзү менен бирге чыгууну сунуштаган. Канчалык топтун популярдуулугу ашып турса да, бир да ырчы топту өздөрүнүн концертин коштоп жүрүүгө алган эмес. Ушундан уламбы же ырчылар менен аралашып калгангабы, айтор, кыздар өздөрү ырдап чыгууну чечишет. Бул идея топтун жетекчиси Робин Антонго да жагат. Кыздарга жакшы ырларды жаздыруу максатында Робин топ менен иштеше турган үн жаздыруучу компания издей баштайт. Бирок, көп өтпөй бийлеп жүргөн кыздардан мыкты ырчы чыкпасын ойлоп, Робин топко ырчылык талантка ээ кыздарды кабыл ала баштайт. Бүгүнкү күнгө чейин болжол менен топко 25 кыз келип-кеткени маалым.

ШОУ-БИЗНЕСТЕН ОРДУН ТАПКАН ТОП
Ошентип, топко ырчылык дарамети бар келишимдүү кыздар кабыл алынат. Алар Жесика, Кармит, Эшли, Кимберли, Мелоди жана Николь Шерзингер. Азыркы кезде “Пуссикат Доллс” тобунун стилин көпчүлүк учурунда бир топ популярдуу болгон “Spise Girls” тобуна окшоштурушат. Топтун кыздары бул тууралуу “Spise Girls” тобундай популярдуулукка жетсек жаман эмес” деп айтышууда. Топтун жаңы кыздары чыгармачылыкка жандили менен берилгендиктен, ыр дүйнөсүн багындырууга тез эле жетишишет. Топтун Баста Раймс аттуу реппер менен биргеликте жаздырган “Dont Cha” деген ыры чыгаары менен радиолордон жаңырып, хит-параддардан орун алат. Бул ыр Америкада гана эмес, чет жерлерде да хитке айланат. Реппер менен иштешүү топтун кыздарына да, продюсерине да жагат. Топтун кыздарына иштешүүгө ар тараптан сунуштар түшө баштайт. Топтун кыздарынын сүрөттөрү бир нече журналдардын биринчи беттерине жарыяланат. Аны менен бирге “Ангелы Чарли” деген тасмага тартылууга үлгүрүшөт. Чыгармачылыкка чоң кызыгуу менен аттанган “Пуссикат Доллс” тобунун 2005-жылы алгачкы ”RCD” деген альбому жарыкка чыгат. 2006-жылдын акыркы айларында топтун “Buttons” деген ыры хитке айланып, бүгүнкү күнгө чейин популярдуулуктун туу чокусунда келүүдө.

НИКОЛЬ
Топтун эң көрктүү кыздарынын бири Николь Шерзингер 1978-жылы 29-июнда төрөл­гөн. Николдун апасынын канында орус каны бар. Беш жашынан Николь актёрдук чеберчиликке үйрө­нүү ийриминен сабак алган. Кийинчерээк театралдык окуу жайга тапшырган. Бирок, ыр жүрөгүнө жакыныраак болгондуктан, окуусун таштап, бир топко ырчы болуп орношот. Көп узабай Николь кабыл алынган топ таркап кетет. Дал ошол кезде ийгилик жылоолоп, Николь “Пуссикат Доллс” тобуна чакыруу сунушун алат.

КАРМИТ
Кармит Бэчер 1974-жылы 4-сентябрда төрөлгөн. Кармиттин чыгармачылыкка аралашып калганына ата-энеси себепкер болгон. Анткени, атасы бийчи болгон, ал эми апасы бий сабагынан мугалим болгон. Кармит он жашынан тартып гимнастика боюнча эл аралык мелдештерге катышып ийгиликтерге жетише баштаган. 1992-жылы олимпиадалык оюндардан 5-орунду багындырган. Андан соң АКШнын гимнастика боюнча курама командасынын мүчөсү болууга жетишкен. Мындан тышкары, Кармит Лос-Анжелес шаарында Музыкалык Академиядан билим алган. 1995-жылы топ жаңы түзүлүп жатканда мүчө болуп кирген. Ал топтун эң аксакал солисткасы болуп саналат. Кармит “Король Скорпион” деген киного тартылгандан тышкары, Рикки Мартин, Жанет Жексондор менен турнеге чыгууга жетишкен ырчы.

ЖЕССИКА
Жессика Сатта 1982-жылы 15 майда төрөлгөн. Ата-энеси кызы үч жашка толгондо эле бий ийримине беришкен. 14 жашка толгондо аны мыкты деп эсептелинген бий мектебине жиберишкен. Бий менен катуу алектенип жүр­гөн кезде ал эки тизесинен жаракат алат. Доктурлар кызга бийин улантууга уруксат беришпегендиктен, Жессика театралдык бөлү­мгө которулат. Качан гана денсоолугу калыбына келгенде, “Miami Heat” деген бий тобуна кошулат. Жакшы бийлегендиктен, эки жылдан кийин аталган топтун башчысы болуп калат. 2002-жылы Робин Антиндин чакыруусу менен топко келген.

МЕЛОДИ
Мелоди Торнтон 1984-жылы 28-сентябрда төрөлгөн. Мелодинин апасы мексикалык болсо, атасы афроамерикалык. Мелоди топтун эң жаш солисти. Ал топтогу кыздардан эч качан бий ийримине катышпагандыгы менен айрымаланып келет. Бирок, кичинесинен эле созолонто жакшы ырдаган таланты менен өз­гө­чө­лөнүп турат. Мелоди “Пуссикат Доллс” тобуна кастинг жарыяланып жатканын МТВ каналынан угуп кайрылган. Жагымдуу үнү­нөн улам топко кабыл алынган. Мелоди өзү келечекте “аренби” жанрындагы ырчы болууну каалайт. Жакында өзүнүн жеке альбомун чыгарууну пландоодо.

КИМБЕРЛИ
Кимберли Уайтт 1982-жылы 4-февралда төрөлгөн. Кимберлинин атасы алыскы сапарга чыгуучу айдоочу болгон. Ал эми апасы атасын жандап саякаттап көп жүр­гөн. Ошентсе да алар кызын жети жашынан бий ийримине беришкен. 14 жашында Кимберли Нью-Йорк шаарындагы бий мектебине жолдомо алган. Ал жакта эки жыл окуган соң ырчылардын клиптерине ылайыктап бийлөө сценарийин өзү түзө баштаган. Ошол кезде “Пуссикат Доллс” тобунун жетекчиси менен таанышып, топко кошулуу сунушун алат.

ЭШЛИ
Эшли Робертс 1981-жылы 14-сентябрда төрөлгөн. Эшли үч жашынан бийге катышкан. Ал эми сегиз жашында ырдай баштаган. Музыкага болгон шык ага атасынан өткөн. Себеби, атасы музыкант болуп иштеген. Апасы фитнес боюнча машыктыруучу болуп эмгектенген. Эшли бой жеткенде бир нече теле-шоуга катышып эл көзүнө түшөт. Чырайлуу кыздын талантын Робин Антин байкап, топко ылайыктуу экенине көзү жетип, топтун курамына кошулууну сунуштаган.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 222, 2-8-февраль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан