Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова бир нече жыл кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп, эки ажырым жолго кетишкени белгилүү. Сүйүү романын ырчы кыздын суранычы боюнча коомчулуктан жашырып келишкен түгөйлөр таарынышып кетишкенден кийин гана чын эле кыз-жигит болушканын ачыкташкан. Асел Кадырбекова 1 жыл мурун бизге берген маегинде "Экөөбүздүн бири-бирибизге кошкон салымыбыз зор. Нурланга мен муза болсом, ал мага шоу чөйрөгө жол көрсөтүп берди. Бирок экөөбүз келечекте бирге болорубузга көзүбүз жетпей дос бойдон калдык" деген. Сүйүшкөн түгөйлөрдүн ортосунда түшүнбөстүктөр, таарынычтар, ажырашуулар болуп турат эмеспи. Эң башкысы жүрөктө сүйүү жашап, тагдырлары бир болсо кайра табышуу кеп эмес. Жаштардын жетелеше сейилдеп жүрүшкөнүн көргөн күйөрмандары редакцияга бул маалыматты кубануу менен кабарлашууда. Эки ырчынын сезимдери убакыт менен сыналып кайрадан тил табышкандыгын сахналаш достору да билдиришти. Демек, үйлөнүү тою жакындап калган өңдөнөт.