"Индияда күн сайын кино тартылабы?" дечү элек. Эми "корейлердин сериалдан башка иши жокпу?" дегендер четтен чыгат. Корей атактууларынын өңүн ажырата албай, атын жаттай албай жүдөчүбүз. Азыр аларды бир тууганындай билгендер жетиштүү. Баш айланткан кореямания кантип башталды эле?..
"ЖҮРӨГҮМДҮН ЖЫЛДЫЗЫНАН" БАШТАЛГАН СТАРТ
Учурда "корей толкуну" деген түшүнүк бар. Аны азыр Түштүк Кореянын экономикалык керемети деп да коюшат. "Корей толкуну" дегенди кытай журналисттери Түштүк Кореянын заманбап маданиятынын өтө тездик менен жайылуусунан улам чыгарышкан. Азыркы толкундун алгачкы сыдырым жели эмнеден башталган? Албетте, корей сериалдарынан. 1998-1999-жылдар эсиңиздеби? Жапырт кыздардын жүрөгүнөн түнөк тапкан Кан Мин Хи. Анын гелденген көкүлү жигиттердин арасында мода да болуп кеткен. Дизайнер Ли Жун Хини да унута элек чыгарсыз? Көз күйдүргөн эки мырзанын ортосунда калган жетим кыз Юн Хичи? Мына ушул 1997-жылы тартылган "Жүрөгүмдүн жылдызы" "корей толкунун" жараткан сериалга айланган.
Андан ары гана "Кышкы соната" (2002-жыл) менен "Ва банкты" (2003-жыл) корей сериалдарынын мега-хити десе болот. Голливуддан тышкары эң көп гонорар алган актёрлор, актрисалар түштүк кореялыктар болуп саналат. "Кышкы сонатанын" жылдызы Пэ Ён Жун тасмага тартылуу үчүн 5 миллион доллар сурайт. Ал эми "Сарай бермети" (2003-жыл) сериалы дүйнөнүн 89 өлкөсүндө көрсөтүлгөндүгү менен корей дорамаларынын рекордун койгон.
КОРЕЙЛЕР КИНОДОГУДАЙ СУЛУУБУ?
Адамда эмне жок болсо, ал ошого жетүүнү самайт деп коюшат эмеспи. Корейлер кинолору жана сериалдары аркылуу сулуулукка ашыкча суктануусун жашырышпайт. Бекеринен, Түштүк Кореяда пластикалык операция жасатуу популярдуу болбогон чыгар. Аны менен "Made in Korea" косметикасы адегенде Азияда, акырындык менен дүйнөлүк рынокто өз ордун ээлеп жатат. 2012-жылы Кытайда териге кам көрүүчү каражаттардын сатуусу боюнча корей бренддери "Johnson&Johnson", "Unilever" сыяктуу гиганттарды артта калтырган. BB крем, маска, терини нымдуу кылган спрейди азыр кыргыз кыз-келиндеринин косметичкасынан оңой эле табууга болот. Баса, BB крем биринчи болуп Германияда 1968-жылы чыгарылган. Анын макияж үчүн эмес, операциядан кийин тырыктарды айыктыруу үчүн ойлоп табылганы кызыктуу.
"КЕСМЕ ЭМЕС, БУЛ РАМЁН"
Буга чейин корей ашканасы десе, сабиз менен фунчёза кошулуп жасалган салатын, туздалган капустадан турган кимчхини гана элестетер элек. Корей сериалдарында башкача бир табит менен тамактанып жаткан каармандарды көргөндө, азыр кантип дүкөнгө жетип барып, рамёнду сатып алганыңызды билбей каласыз. Мындай жеңил тамакты жасоодон эрингендерге борбордо рамёнду бышырып саткан жайлар да бар. Кимбап, ттокпокки, кимчхиччиге, пулькоги... Оромо, шорпо, палоо, кесме деген тамак-аштай эле болуп бара жатат. Бир гана айырмачылыгы корей ашканасы жалпы жонунан ачуу тамактардан турат жана аз калориялуу, демек, диета кармагандарга идеалдуу меню болуп берет.
K-ПОП: КАЧКЫЛА, ФАНАТТАР КЕЛЕ ЖАТАТ...
К-поп – бул Түштүк Кореяда жаралган музыка жанры. Өмүрү уга элекмин десеңиз, калпычы болуп каласыз, жок дегенде PSY ырдаган "Gangnam style’ды" уксаңыз керек. Корей поп топтору сулуу жүздүү, келишкен келбеттүү, бирдей мыкты ырдай да, бийлей да алган жигиттерден же кыздардан турат. Ырларынан хип-хоптун таасири билинет. Топту, же ырчыны атактуу кылуу үчүн аталган өлкөдө компаниялар 400 миң долларга чейин акча коротушат. 9-10, кээде андан да жаш курагында тандалган болочоктогу жылдыздар компаниянын катаал эрежеси менен жатаканада жашап, жылдар бою ырдоону, бийлөөнү үйрөнүшөт. К-поп топторунун эң алды жылына 30 миллион доллардан ашуун киреше табышат. Бул тармактын дагы бир өзгөчөлүгү – анын фан-клубдарында. DBSK тобу "дүйнөдөгү эң чоң фан-клубу бар" деп 2 жолу Гиннесс рекорддор китебине кирген. 2008-2009-жылдары топтун 1 миллион 200 миң фанаты болгон. JYJ тобунун бир жолку Сеулда өткөн концертине чет жактан 7 миң күйөрманы учуп келген.
"БИР ГАНА БИЗНЕС..."
"Жеке эч нерсе жок. Бир гана бизнес" деген Майкл Корлеоненин сөзүндөй, "корей толкуну" чоң бизнес долбоорундай өлкөсүнө миллиондогон долларларды алып келген киреше булагына айланды. 2014-жылы аталган өлкөгө 14 миллион чет жердиктер барган, ал 2012-жылга караганда 4 миллионго көптүк кылат. Андай туристтердин көбү сүйүктүү сериалы тартылган жайга зыяратка барышат. Анын арасында кыргыз жигити Эрик Жумабаев да бар.
Корей актёру Ли Мин Хо, же эл тааныгандай Гу Чжун Пёнун "корей толкуну" тууралуу айткан сөзү менен жыйынтыктайлы: "Жактырган сериалы тууралуу маалыматты табуу башка өлкөдө жашаган күйөрмандарга кыйын. Бирок корей дорамасын көрүү үчүн корейчени үйрөнүп, кийин Кореяга кызыгып келген адамдарды көргөнүмдө "корей толкунунун" күчү мына ушул" деп кабыл алам".
Эльвира Караева
star@super.kg