"ВРЕМЯ И СТЕКЛО"

2015-жылдын февраль айынан тартып интернет, сыналгы, үналгы, деги койчу, көчөнүн ар бир бурчунан «Забуду имя любимое твоё» деген ыр саптары жаңырып жатканын өзгөчө жаштар байкады өңдүү. Оозубуздан түшпөй калган бул хиттин аткаруучулары украиналык "Время и Стекло" тобу. Кеп учугун топтун тарыхы жана мүчөлөрү тууралуу уласак.

ТОПТУН ЖАРАЛУУ ТАРЫХЫ

2010-жылы "Потап жана Настя" дуэтинин мүчөсү Потап жубайы Ирина жетектеген үн жаздыруучу студия менен биргеликте жаңы топ ачуу максатында Украинада кастинг жарыялашат. Анда топко ырчы кызды гана издешкен, себеби ырчы жигиттин ордун Позитив деген каймана ат менен Украинада белгилүү болгон Алексей Завгородний ээлей турганы башынан маалым эле. Ошентип тандоонун жыйынтыгында Надежда Дорофеева топко мүчө катары тандалып алынган. Дуэттин алгачкы "Так выпала карта" аттуу ырынын клиби 2010-жылдын 17-ноябрында эл сынына коюлуп, 10 күндөн кийин эле Ютубдагы "Дүйнөлүк музыканттар" бөлүмүндө 5-орунга көтөрүлгөн. Ошондон тартып топ хит артынан хит жаратуу менен атактуулугун арттырышты. Дуэттин башында жубайлар тургандыктан, көпчүлүк "Время и Стекло" тобун үй-бүлөлүк бизнес деп аташат.

Түзүлгөн жылы – 2010-жыл
Курамы – Надежда Дорофеева, Алексей Завгородний (Позитив)
Продюсери – Алексей Потапенко (Потап) жана анын жубайы Ирина Горова
Мекени – Украина
Белгилүү чыгармалары – "Кафель", "Любви точка нет", "Имя 505", "Так выпала карта", "Наверно потому что" жана башкалар

АЛЕКСЕЙ

Туулган жылы, күнү – 1989-жыл, 19-май
Туулган жери – Украина, Киев шаары
Билими – Украинадагы Маданият жана искусство университетинин шоу-бизнес менеджери факультетин аяктаган
Бою – 185 сантиметр
Салмагы – 69 килограмм
Учурда – "Время и Стекло" дуэтинин, "Mozgi" жигиттер тобунун ырчысы жана актёр

Дуэттин 1-мүчөсү Алексейдин ысымын чоң атасынын атынан коюшкан. Анын Лиза аттуу эгизи бар экенин көпчүлүк биле бербейт. Экөө жашоодо бири-биринен көпкө ажырай албаган жакын сырдаштардан. Алексейдин чыгармачылыгы 11 жашында эле башталган. Анда ал эч ким тааный элек рэпер Потап менен таанышкан болчу. Потап менен Позитив чыгармачылыкка чогуу кадам таштап, көп тажрыйба топтогон, акыры мындай атактуу дуэттин мүчөсү болду.
"Эмне үчүн Позитив деген ысым менен эл алдына чыктыңыз?" деген суроого ырчы: "Бир жолу уктап жатсам түшүмдө баары мени Позитив деп чакырып жатышыптыр. Ойгонуп эле алгач туугандарыма, анан досторума "мындан ары мени Позитив деп чакыргыла" дедим. Ошол бойдон ушул атка конуп калдым",- дейт Алексей.
Ырчынын жеке жашоосуна көз чаптырсак, 2013-жылы ырчы окуучулук кезинен бери сүйлөшүп жүргөн Анна аттуу кызга баш кошкон. Позитивдин достору "эрте үйлөнүп жатасың, ойлонуп көр" дегенине карабай ырчы сүйүктүүсү менен никелешүүгө шашылган. Себебин Алексей "Анна мени эч ким тааный элек кыялкеч бала кезимде сүйгөн. Ал менин атактуулугума көз арткан кыздардан эмес" деп түшүндүрөт.

Алексей жубайы Анна менен.


НАДЯ

Туулган жылы, күнү
– 1990-жыл, 21-апрель
Туулган жери – Крым, Симферополь шаары
Билими – Москвадагы Орус мамлекеттик искусство жана маданият университетинин вокал боюнча факультетин сырттан окуп бүтүргөн
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 55 килограмм
Учурда – "Время и Стекло" дуэтинин ырчысы жана модель

"6 жашымда эле үйгө келген коноктордун жанын койбой аларга ырдап, бийлеп берчүмүн. Ата-энем колунан келишинче чыгармачылык менен байланыштуу ийримдерге жиберишти. Менимче, ошол нерселердин жыйынтыгы атактуулук менен кайтты".
Атактуулукту алып келген дуэттин мүчөсү болгуча Надя орусиялык "М.Ч.С." тобунда ырдаган. Топ жабылган соң Надежда жеке ырчы катары Маркиза деген каймана ысым менен чыккан. Ырлар жыйнагын да чыгарып, өзүн сынап көргөн. Чыгармачылыктан ылайыктуу ордун таба албай изденүүдө жүргөн кезде Потап тарабынан кастингге катышуу сунушу түшөт.
Ырчынын жеке жашоосуна кайрылсак, учурда ал украиналык ырчы, алып баруучу Владимир Дантес аттуу мырзанын жубайы. Алар 2015-жылдын 8-июлунда баш кошушкан. "Владимир мыкты мырза. Ал мен тапкан акчага колун тийгизбейт. Анын кирешесин болсо чогуу коротобуз (күлүп)",- дейт жолдошу тууралуу ырчы. Ичине сыр ката албаган, ачык-айрым Надежданын жеке жашоосу дагы ачык китеп сыяктуу. Каалаган адам окуй берсе болчудай.

Надежда жолдошу Владимир менен.


Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
ilgis1991
2017-01-18 22:53:14
Биздин ырчыларга да ушундай ийгиликтер келе берсин.(жуксун,жуксун)
+2
jama9210
2017-01-19 21:08:23
Наверно это потому что Потап озу популярный
0
karashkin
2017-01-22 18:33:52
Эн сонун дуэт.
0
karashkin
2017-01-22 18:56:59
Сиздерден сураныч, эмки сандарда Егор Крид жонундо жазып чыгаргылачы
0
admin_superstan
2017-01-23 09:47:22
karashkin, саламатсызбы? http://www.super.kg/article/show/32663
0
№ 741, 13-январь-19-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан