Апабыз – биздин бейишибиз, ошондуктан айтылса керек «апасы бар адамдар эч качан картайбайт» деп. Тилекке каршы, убакыт дейбизби же ажалбы, айтор, кези келгенде ыйыгыңдан, бейишиңден ажыратып коёт экен. Ырчы Роза Шакирова гүлдөгөн бакчасынан, өмүр бою айтып бүтө алгыс дастанынан айрылып кабыргасы кайышып турат. Кечээ эле «мен үчүн апам – күн, ай, жер, асман» деп ырдап апасына сахнадан гүл сунган ырчы бүгүн апасын эскерип отурду.
«АПАМ ЭРКЕКТЕЙ АЯЛ ЭЛЕ, ӨЗҮ 2 КАБАТ ВРЕМЯНКА САЛГАН»
-Апам Урмат 1953-жылы Баткендин Кайыңды айылында төрөлгөн. Бала кезде кыйынчылык көп тарткан экен. Ал жакта турмушка чыгып, 1 балалуу болгондо ажырашып, кайнатасы баласын алып калган. Кийин менин атама турмушка чыккан. 8 баланы багып өстүрүп, тарбиялап, ар бирибизди окутуп-чокутуп, туурубузга кондурду.
Атам раматылык катуу киши болчу, анын бир сөзүн эки кылган жок. Апамдын чыныгы мусулман аялга тиешелүү кулк-мүнөзү бар эле. Атам 67 жашында көзү өттү, ошол кезге чейин тике карап, каяша айтканын көргөн жокпуз. Атам өмүр бою айдоочу болуп иштегендиктен үйгө түнү келип, таң атпай жумушка кетчү. Жадакалса канча уй, кой, эчки бар экенин деле билчү эмес. Апам байкуш эшикте эркектин, үйдө аялдын жумушун жасачу. Үйдүн жанына эки кабат времянка салдык. Усталар келип пайдубал куюп, жыгач кагып бергени эле болбосо, апам ылайдан дубал тургузган. Албетте, бирөөбүз ылай ташып берип, экинчибиз инилеримди карап, тамак жасашып жаттык. Атам эртең менен таң атып калганда жумушка баратып «ай-ий, ушул жерге чейин уруп койдуңбу, менин кемпирим кыйын» деп мактап коюп кетип калчу. Бизди да кара жумушка бышырды, талаага алып барып чалгы менен чөп чаптырчу. Чөп жыйылганда атам КамАЗ менен барат, апам айры менен чөптү үстүндө турган атама ыргытат эле.
«АПАМ ТИККЕН ПАЛЬТОНУ КИЙБЕЙ КОЙГОНУМА ӨКҮНӨМ»
-Айылдагы ар бир үйдө апамдын сайган саймаларын, кураган курактарын кездештиресиң. Кимдин кызы турмушка чыга турган болсо, апама буюртма берип сеп тиктиришчү. 6-классымда мага килем токуганды, сайма сайганды, төшөк көктөгөндү, курак кураганды үйрөткөн.
Биздин студент кезибиз Союз тарап, кыйынчылык заманга туш келип калбадыбы. Ошондо апам мага пальто тигип алып келген эле. "Уят го, муну мен кантип кием?" деп 2 күн кийип эле таштап койгом. Азыр ошенткениме өкүнөм, апамдын өз колу менен тигилген ал пальтону тапсам киймекмин. Чебердиктен сырткары түш жоруп, кичинекей балдарды эмдеген касиети бар болчу.
«РОЗАНЫКЫНА БАРСАМ ЭЛЕ ЖАКШЫ БОЛОМ ДЕГЕН ЭКЕН»
-Апам шаштырып инимдин тоюн 30-ноябрга белгиледи. Тойдон кийин, 1-декабрда куда тостук, эртеси кудалар бизди чакырып сыйлады. Мен тойдун эртеси келип эле Жаңы жылдык көрсөтүүлөргө тартылып жүрсөм, «апам ооруканага түшүп калды» деп чалышты. 7 жыл мурун атам өткөндө Бишкекке алып келип көрсөтсөк сактап калат белек деген жүрөгүмдө өкүнүч калган. Ошондуктан дароо бул жакка алдырттым. Аэропортто күтүп турсам элдин баары чыгып жатат, апамдар жок. Эң аягында «Тез жардам» менен алып чыгышты. Чуркап эле кирип бардым. «Апа, жакшысызбы?» десем, мени жалооруп карап «үйгө алып кетчи мени» деди. «Азыр дарыгерлерге бир көрсөтөлү, анан барабыз үйгө» деп, апамды машинага агам менен жолдошум көтөрүп салды. Көйнөгүнүн этеги кичине түрүлүп кетсе, алы жок кыймылдай албайт да, уялып ошону жабам деп аракеттенет. Ыйманыңдан кагылайын, апакем, ай. Ооруканага барсак, дем алыш күнү болгонуна карабай дарыгерлер чогула калып бири жүрөгүн текшерип, экинчиси анализ алып жакшы карап жатышты. Жылына 1 жолу келип дарыланып кетчү. Мунусунда «баламдын тоюн өткөрүп алып, 10-декабрда келип дарыланам» деп жаткан. Ооруп жатканда эжелериме «Розага барсам эле жакшы болом» деген экен. Бирок ажал келсе кыйын деген дарыгерлер да сактай албайт турбайбы... Канчалык аракет кылып жан талашканым менен, апам өз колумдан үзүлүп кете берди...
«АПАМ ЖАШАГАН БӨЛМӨНҮ МУЗЕЙ КЫЛЫП КОЙДУК»
-Ата-энени жерге берүү мурас дешет экен. Бирок эч ким апа деп боздобосунчу... Апамдын акыркы айткан сөзүндө «инилериңерди жакшы карагыла, акеңерди ата ордуна көргүлө. Ынтымактуу болгула, силер бир атанын балдарысыңар» деди. Анан «мени кырымдан жаткыргыла» деп суранды. Оңдоп жаткырсак «үүх» деп үзүлдү...
Апанын ордун эч ким толтура албайт экен. Апам жөнүндө сүйлөгөндө эле жүрөгүм лакылдап кысылып чыгам. Эми үйгө барганда кубанып, берерге ашын таппай бизди ким тосуп чыгат?! Учурда үйгө, жерге батпай жүрөм, мындай жоготуу айрыкча кыз балага оор экен. Үйгө кирсем бүт буюмдары турат, апам жок. Эжем Салтанаттын сунушу менен апам жашаган бөлмөнү музей кылдык. Өзү жасаган төшөктөрүн, курактарын, саймаларын сактап койдук. Шифоньерге кийимдерин, жоолуктарын илдик. Биз барганда апамдын жыты жыттанып турсун ал бөлмөдөн дедик, мындан башка аргабыз жок да.
Апам ушунчалык жароокер жан эле. Келиндерине катуу айтчу эмес. «Анын жаш баласы бар, мунусу суукка чыкса болбойт» деп өзү уй саап, өзү эшик шыпырып жаны тынчу эмес. Биз барсак «билет алдыңарбы, кызым, үйүңөргө качан кетесиңер?» деп этият болуп турчу.
Жасаган тамактарына сөз жок. Бала кезибизде айылда кезектешип улак кайтарчубуз, ошондо чабатыга эт, фантазиясына жараша азык-түлүк салып ороп берчү. Аны түштө жечүбүз. Азыр ойлосом, апам ошол кезде эле бизге шаурма жасап берчү экен да. Шорпосунун даамычы, этти чоң-чоң салып куюп берет эле, чекең тердеп жыргап ичесиң. Тандырга нан жаап бизге берип жиберчү, андай нандын даамын эч жерден таппайсың. «Апам жапкан нанды сагынам» деген ырды уксам да маани берчү эмесмин, эми ошол ырдын кадырына жетип, апамдын нанын сагынып, куса болуп ичим туйлап жатканына 40 күн болду. Бул убакыт мага кылымга тете болуп кеткендей сезилет...
Замира Рахманбердиева
star@super.kg