«Азыр таш ыргытсаң, ырчылардын башына тиет. Клиптерин деле эптеп-септеп тарта беришет. Клипмейкерлерде идея түгөнүп баратабы, айтор, окшош жерлерде, окшош сюжет менен тарта беришет» деген сын сөздөрдү көп угам. Туура, бирок ырчылардын көбөйүшү – сандан сапатка алып барарын эске алышыбыз керек. Чынын айтсак, ырчылар байма-бай клиптерди тарттырып жакшы эле аракет кылып жатышат. Мурункудай тоо-ташка чыгып алып 1 бактын түбүндө клип тарткыча бул жакшы көрүнүш деңизчи, бирок кемчиликтери да жок эмес. Биз бул жолу ырчылар менен клипмейкерлердин «кулагына күмүш сырга» кылып, кыргыз клиптериндеги «ляптарды» санай кетели.
ОМАР – «КАМДУУ ЖООКЕР»
Асанкалый Керимбаевдин «Энекем» аттуу ырын ырчы Омар жаңылап ырдап чыгып, клибин элге тартуулады. Клипти эл көрдү, жакшы кабыл алды. Бирок сюжетинде бир катачылык бар экенин айта кетпесек болбойт. Клипте Омар аскерде кызмат өтөп жүрүп, айылдагы апасын сагынганы сүрөттөлөт. Бирок аскерге жөнөп жатып апасы менен коштошконунда Омарды аскердик формачан көрүүгө болот. Биздин билишибизче, аскердик форманы жоокерлер кызмат өтөй баштаганда гана беришчү эле. Клипти көргөндөн кийин "же азыр келечектеги жоокерлердин ар биринин үйүнө формасын алдын ала таштай башташканбы?" деген ой келет. Балким, келечектеги жоокер өкмөттү кыйнабайын деп өзүнө аскердик форма сатып алып, аскерге дапдаяр жөнөгөн чыгар...
ТАРЫХЫЙ «БУТСА»
«Кеңеш» тобунун «Ханышам» деген ырын уккан чыгарсыз. Ал ырдын клибин көрсөңүз кыска метраждуу тарыхый тасманы көргөндөй болосуз. Бир гана катачылыкка жол берилгени болбосо, жалпы жонунан жакшы тартылган клип. Байкоочу камера даяр! Баштадык! Негизинен клипте эски доор сүрөттөлүп, анда бийчи кыз менен курал-жарак жасаган баатырдын сүйүү баяны чагылдырылат. Күндөрдүн биринде устанын сүйүктүүсүнүн бийлегенин көрүп, көз артып калган падыша желдеттерин кызды алып келүү үчүн жиберет. Желдеттер иниси менен келе жаткан кызды капыстан зордоп уурдай качышат. Окуяга күбө болгон иниси устага чуркап барып эжесин бирөөлөр уурдаганын кабарлайт. Стоп! Кадрдын так ошол жерин жакшылап караңыз. Баланын бутунан белгилүү бир фирманын спорттук бут кийимин көрүүгө болот. Клиптин демөөрчүсү ошол бут кийим чыгарган фирма болгонбу же клипмейкер бул жерин байкабай калганбы, же чын эле илгери эле спорттук бут кийимдер бар беле, айтор, ушул жери окшошпой калган...
НУРЛАНДЫН «СЫЙКЫРЧЫСЫ»
Ырчы Нурлан Насиптин «Алдайсың» деген ырынын клиби телеканалдардан тынбай көрсөтүлүүдө. Сюжетине токтолсок, ырчы байдын кызынын айдоочусу болуп аны окуусуна ташып жүрөт. Байдын кызы айдоочусун ар кандай кылык-жоруктары менен бушайманга салат. Бир күнү үйгө кирип кыздын бөлмөсүнөн «шефи» менен өзүнүн сүрөтү жанаша турганын байкап калат. Андан кийинки эпизоддо кызды окуусуна жеткирген жерине жакшылап көз чаптырсаңыз, кыз үйдөн чыгып унаага отурганда ак кийимчен болот да, унаадан түшкөндө кара кийимчен болуп калат. Ушуну менен гана тим болбой, окуу жайдан кара кийимчен чыгат да, унаада кетип баратканда кыздын кийими кайрадан ак болуп чыга келет. Эмне эле Нурлан бул ырында кайра-кайра «сыйкырчы жандайсың» деп кайталап жатат десе, көрсө, кыздын көз ачып-жумгуча кийим которууга жетишкен сыйкырчылык жайы бар тура...
БАКТЫЛУУ МҮНӨТТӨР, ОКШОШПОГОН СҮРӨТТӨР...
Айгерим Расул кызынын «Келчи, келчи» деген ырынын клибин көргөн чыгарсыз. Ал клипте жаш жубайлардын бактылуу жашоосу көрсөтүлөт. Клиптин режиссёру байкабай калганбы же эл байкабай калат деп ойлогонбу, айтор, бир жеринен «ляпты» байкоого болот. Эгерде өз көзүңүз менен көргүңүз келсе, клипте келин үйдүн ичин жыйнап жатып пианинонун үстүндөгү үй-бүлөлүк сүрөттү колуна алган жери бар. Жакшылап карасак, сүрөттөгү баласын көтөрүп түшкөн жаш жубайлар менен клиптеги каармандар бири-бирине такыр окшошпойт. Демек, сүрөт клип тартылган үйдүн ээсинин сүрөтү же боло берет деп тартып коюшкан өңдүү...
Асхат Субанбеков
star@super.kg