КЫРГЫЗ СПОРТУ-2016: БАГЫ ЖОК КОЛО, СҮЙҮНТКӨН ЖАШ ЧЕМПИОНДОР

Кыргыз спорту үчүн 2016-жыл түрдүү окуяларга бай болду. Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Олимпиада жана Ысык-Көлдө өткөн II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көпчүлүк күйөрмандардын эсинде калды. Бул мелдештерден тышкары, өткөн жылдагы кыргыз спорту кандай окуялар менен өзгөчөлөнгөнү тууралуу баяндайбыз.

АЗИЯ КУБОГУНА ДАЯРДЫК



2016-жылы "Ак шумкар" бир катар жолдоштук беттештерди өткөрүп, 2017-жылда орун алчу Азия кубогунун тандап алуу оюндарына даярдык көрүүдө. Александр Крестинин баштаган футбол боюнча улуттук курама команда күйөрмандарын кубантууну улантууда. Футболчуларыбыздын көрсөткөн оюну мыкты болуп, негизги курамга Одил Абдурахманов, Аманбек Маныбеков сыяктуу жаштардын да чакырылышын байкаса болот. Эсте калчу оюн катары 30-августтагы "Ак шумкардын" Казакстанды 2:0 эсебинде жеңишин белгилесе болот, коңшулар бул жыйынтыкка дагы да болсо арданып бүтө элек. ФИФАнын рейтингинде 99-орунга чейин көтөрүлүп, өз тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчкө жетти. Ошондой эле Түркмөнстанды 1:0 эсебинде жеңип, Бахрейн менен 0:0 эсебинде тең чыкканы менен, филиппиндерге 2 жолу утулуп калды.

КЫРГЫЗ ВОЛЕЙБОЛУ ЖАНДАНДЫ



Көпчүлүк спорт күйөрмандары волейбол боюнча улуттук курама командабыз кандай экенин 2016-жылы байкай алды. Эгемендүүлүк алгандан тарта улуттук курама команда 2015-жылы гана эл аралык мелдешке катышып келген. Ал эми өткөн жылдын октябрь айында Чолпон-Атада Дүйнөлүк чемпиондукка тандап алуу оюндарын тосуп алды. Бангладеш менен Мальдив аралдарына бир дагы партияны уттурбаган командабыз атаандаштардан бир кыйла мыкты экенин көрсөттү.
Ал эми 22-декабрдан тарта Азия чемпиондугунун Борбордук зонасында ат салышып, Ооганстан, Непал, Бангладеш жана Мальдив аралдары менен ойноду. 27-декабрда финал болуп Кыргызстан Бангладешке биринчиликти тарттырып жиберди.

КАЗАКТАРГА ЖООП



Күйөрмандар үчүн байгесиз Олимпиаданын ызасы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз улакчыларынын казактарды утушу менен унутулгандай болду. Бул жеңиш бардык утулууларды актап кетти. Дал ушул казак улакчылары Азия чемпиондугунда кыргыз спортчуларын утуп алышып, I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келбей коюшкан. Чолпон-Ата шаарынын борбордук ат майданында кыргыз улакчылары атаандаштарынын таш талканын чыгарып, 15:3 эсебинде жеңишке жетишти. Намыс үчүн ушундай ири эсепте жеңүү керек болду. Ал эми Манас Ниязовдун улак менен кошо тай казанга ыргып түшүп упай алганы бир чети таң калдырса, бир чети бул оюнга кызыккандардын санын арбытты.

ДОПИНГ МЕНЕН КҮРӨШ



"Рио-2016" Олимпиадасы Изат Артыков менен байланышкан окуясы менен да эсте калды. 69 килограмм салмак ченинде күчүн сынаган спортчубуз алгач Ташкент шаарында Азия чемпиондугун багындырган. Кезек, Риону багынтуу эле. Изат коло байгеге жетишкенде бүткүл кыргыз элин кубанткан. Бирок майрам аз гана убакытка созулду. Артыковдун организминде стрихнин аттуу тыюу салынган козуткуч каражат табылып, ал медалынан айрылган. Бир канча айдан бери спортчу жана анын талапташтары күнөөсүз экенин айтып келишет. Ал эми анын ишин спорттук арбитраждык сот 2017-жылдын 11-январында Швейцариянын Лозанна шаарында карап баштады.

ММА ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДА



Кыргыз эрежесиз уруш чеберлери жыл сайын атагы алыска чыгып, дүйнөлүк уюмдар менен келишим түзүү аракеттери көрүлүүдө. Алардын алгачкысы катары "Жаш-күч" клубунун спортчусу Тилек Батыров Азиядагы эң олуттуу саналган "ONE Championship" уюмунда өнөр тартуулап баштады. Алгачкы беттешинде жеңишке жетише албай калса да калгандарга үлгү көргөздү. Өлкөбүздө "WEF", "JFC" уюмдары бир катар эл аралык мелдештерди өткөрүп келе жатканы менен, эл аралык деңгээлге саналуу гана спортчулар чыгууда. Быйылкы жылы MMA боюнча Ильяс Чыңгызбек уулу Кореяда Азия чемпиону наамын жеңсе, Бакыт Кадыров Индияда өзгөчөлөнө алды.

МЕДАЛСЫЗ ОЛИМПИАДА



Кыргыз балбандары 2016-жылы бир канча мелдештерге катышып, кай биринде мыктылыгын далилдешсе, дагы биринде жеңишке жетишкен жок. Капалантканы "Рио-2016" оюндарында медалдарга жетпей калганыбыз болду. Балбандарга башынан эле талап күч. Жыл ийгиликтүү башталган. "Бангкок-2016" Азия чемпиондугунда Жанарбек Кенжеев менен Каныбек Жолчубеков чемпион аталышса, Олимпиада оюндарына 7 балбан лицензия алууга жетишкен. Чечүүчү беттеште Арсен Эралиев менен Айсулуу Тыныбекованын кармаштарын сыналгыдан тиктеген күйөрмандар да жашын тыя алышкан жок...
Олимпиада менен кыргыз балбандары чектелип калган жок. Күзүндө Каныбек Жолчубеков студенттер арасында Дүйнө чемпиону наамын утуп алса, Эламан Догдурбек уулу Венгрияда өткөн Дүйнөлүк чемпиондукта коло байгеге татыды.
Грузиянын баш калаасы Тбилиси шаарында кадеттер арасындагы (16-17 жаштагылар) Дүйнөлүк биринчиликте Акжол Махмудов алтын медаль тагынып, Айпери Медет кызы күмүш медалга татыган. Бул жаш спортчулардын ийгилиги кыргыз күрөшүнүн эртеңи бар экенин көрсөттү.
Айта кетчү жагдай, ушул жылдын башында Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары болуп Руслан Түмөнбаевдин ордуна Жанарбек Кенжеев дайындалды.

АЛЫШТА АЛДЫДА



Кыргыз балбандары алыш жана бел боо күрөшү боюнча алдына эч кимди салбай, мыктылардын катарында экенин дагы бир ирет көрсөтө алышты. Сентябрда Чолпон-Ата шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда Нурбек Аканов менен Дилдора Рахманова чемпион аталышкан. Ал эми Беларустун Минск шаарында 10-11-декабрь күндөрү болуп өткөн алыш боюнча Дүйнө кубогунда Кыргызстан командасы жалпы эсеп боюнча биринчи болушту. Алтын медалды Алтынай Мамарасул кызы, Ирлан Казбек уулу жана Кайрат Маматзакиров аттуу спортчуларыбыз тагынды.
2016-жылдын жыйынтыгы спорт жаатында дагы талыкпай эмгектенүү керектигин көрсөттү. Эми спорттун кайсы түрүндө жыйынтык болсо, ошол спорт федерациясы жана ийгилик жаратып жаткан спортчулар мамлекет тарабынан колдоого алынарын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
Быйылкы жылы спортчуларыбыз XXVIII Кышкы Универсиада, VIII Кышкы Азия оюндары, IV Ислам оюндары жана башка эл аралык мелдештерде күч сынашат.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
admin_superstan
2017-01-18 12:45:01
Joki1, сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
daniyar93
2017-01-21 10:13:47
Бали
0
LadyB
2017-03-30 18:54:20
о Футболе Азамат Байматов Обожаем тебя! а стадион срочно надо строить новый крутой стадион, людии, давайте обратимся все с просьбой к Президенту, все пишите комменты на разные гос.сайты и через прессу через СМИ попросим дружно всем народом Новый Современный Стадион! Он Добрый если хорошо попросить выполнит. я в него Верю!
0
№ 741, 13-январь-19-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан