ДҮЙНӨНҮ БООРУКЕРЛИККЕ ҮНДӨГӨН ДАЛАЙ-ЛАМА

Далай-лама – тибеттик буддизм дининин жогорку өкүлү. Будда дининдеги адамдардын ишенимине ылайык, ал буддачыларга боорукерлик кылуучу Авалокитешваранын өзү, болгону башка денеден гана түнөк тапкан. 1391-жылдан тарта Далай-ламалар Тибеттин эң жогорку диний жана мамлекеттик жетекчилери болуп келишет. "Далай" сөзү монгол тилинен алганда "океан, улуу" деген маанини берет. Ал эми "лама" тибетче "мугалим, окутуучу" дегенди туюндурат. Учурдагы 14-Далай-ламаны көбү эң акыркы Далай-лама деп сыпатташат. Ал андан мурунку өткөн Далай-ламалар сындуу эле боорукерликке, жакшылыкка, зордук-зомбулуксуз жашоого дүйнөнү үндөп келет.

ДЫЙКАНДЫН УУЛУ КАСИЕТТҮҮ ЭКЕНИН ЭЧ КИМ БИЛГЕН ЭМЕС

14-Далай-лама 1935-жылы Тибеттин кичинекей Такцер деген айылында орто заар жашаган дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ата-энеси ага жарык дүйнөгө келгенде Лхамо Тхондуп деген ысымды ыйгарышат. Лхамонун ата-энеси жалпысынан 16 балалуу болуп, анын ичинен тогузу эрте эле чарчап калышкан.
Бир кызык жагдайды белгилей кетүү керек. 1909-жылы 13-Далай-лама Такцер кыштагына келип, аймактын сулуулугуна суктанып, дагы бир ирет бул аймакка келип кетүү ниетин билдирген. Бирок ал ошол бойдон келбей, 1933-жылы көзү өтүп кетет. Ал эми 1937-жылы Тибеттин борбору Лхаса шаарынан атайын кечилдердин тобу Такцер кыштагына келип конушат. Айрым маалыматтарга ылайык, кечилдердин бирине каза тапкан 13-Далай-лама реинкарнациялык (өлгөн адамдын жанынын башка денеде жаралышы) жол менен Такцер айылы тараптагы адамдардын биринен түнөк тапканы боюнча аян келген эле. Кечилдер айылдагы үйлөрдүн бирине конуп кетүү үчүн баш багышат. Ал үйдүн кичүү уулуна көз салып, балакай менен ойноп жүрүм-турумун байкаган кечилдердин бири 13-Далай-лама дал ошол Лхамо Тхондуп болуп жаралганын билдирет. Аз күн өтпөй атайын делегация келип, 13-Далай-ламанын оюнчуктарын башка оюнчуктарга аралаштырышып кичинекей Лхамонун алдына жайышат. 3 жашка эми аяк басайын деген Лхамо жаңылбастан 13-Далай-ламанын оюнчуктарын алып "булар меники" деп жыйнай баштаган. Ошону менен чакан айылдагы кичинекей бала 14-Далай-лама болуп жарыяланат. Далай-лама өзү эскергендей, "менде эмес, менин ата-энемде да алардын үйүндө Далай-лама төрөлүп калышы мүмкүн деген ой эч болгон эмес" деп эскергени бар.

15 ЖАШЫНДА ТИБЕТТИ БАШКАРГАН ДАЛАЙ-ЛАМА

1940-жылы Лхамо Тхондупту расмий түрдө Тибеттин диний жетекчиси деп жарыялашкан. Мындан ары 5 жаштагы Лхамо Далай-лама болуп, чачын ар убак кырдырып, кечилдердин кийимин кийип жүрүшү керек болгон.
1950-жылы Кытай армиясы Тибеттин айрым чек ара постторуна кол сала баштайт. Кытайлык коммунисттер империалисттердин колунан Тибетти бошотобуз деп шылтоо кылышкан. Чынында негизги максат Тибетти өз аймагына кошуу эле. "Мен Тибет чоң коркунучка кептелгенин билип турдум. Бизде болгону 8500 гана жоокер бар болчу, ал Кытайдын жер жайнаган армиясына туруштук бере алмак эмес",- деп эскерет ал күндөрдү Далай-лама. Ушул эле жылы Тибет элинин демилгеси менен 15 жаштагы Далай-лама Тибеттин мамлекеттик да, диний да жетекчиси болуп дайындалат. Андан соң Британияны, Американы Кытайдын Тибетке карай баскынчылыгына кайдигер карабоого чакырып, атайын делегаттарды жөнөтөт. Бирок британдыктар да, америкалыктар да жардам колун сунушкан эмес. Ушул эле жылы Тибет Кытайдын курамына автономдуу район болуп кирген. 1950-1959-жылдар аралыгында Далай-лама Кытай бийлигинин Мао Цзедун баштаган жетекчилерине жолугуп, Тибетте тынчтыкты сактоого бар күчүн жумшаган.

ИНДИЯДАГЫ КИЧИНЕКЕЙ ЛХАСА

1959-жылдын 10-мартында Чжан Цзиньу аттуу кытайлык генерал Далай-ламаны театрга чакырат. Бирок ага Тибеттин жетекчиси жан сакчылары жок келиши керек эле. Мындай чакыруу Далай-ламанын өмүрүнө коркунуч жаратмак. Ошол убакта кечил олуя Нечунг да Далай-ламанын Тибетте калбашы керектигин айтып, аны качууга үндөйт. Аз өтпөй жөнөкөй жоокердин кийимин кийип жашырынган Далай-лама ишенимдүү жана жакын адамдары менен Индияга качкан. Ошол жылдардан тарта Далай-лама Индиядагы Дхарамсала деген аймакка отурукташып калган. Дхарамсаланы учурда кичинекей Лхаса деп да атап коюшат. Дүйнөдөгү буддизм динин тутунган адамдар жайы-кышы дебей бул аймакка зыярат кылып турушат. 1989-жылы ага дүйнөдөгү тынчтыктын сакталышы, зордук-зомбулуктун болбошу үчүн жасаган аракеттери үчүн "Нобель" сыйлыгы ыйгарылган.

ЖОГОЛГОН ПАНЧЕН-ЛАМА

14-Далай-ламанын көзү өткөндөн кийин анын жаны түнөк тапкан башка адамды табуу маселеси турат. Маалыматтарга ылайык, кийинки Далай-ламаны Панчен-лама табуусу керек. Панчен-лама Далай-ламадан кийинки эле диний лидер. Көзү өткөн Панчен-ламанын денеси Гедун Чокьи Ньиму аттуу 5 жаштагы баланын денесинде жаралганын 14-Далай-лама 1995-жылы өзү айтып чыккан. Аз өтпөй ал 5 жаштагы наристе дайынсыз жоголуп кеткен. Анын ордуна Кытай бийлиги бөлөк баланы Панчен-лама болот деп дайындап коюшкан, бирок аны тибеттиктер Далай-лама баш болуп кабыл албай келишет. Керек болсо Далай-лама мындан ары бар же жок болушун тибет эли өзү чечет деп билет.

ДАЛАЙ-ЛАМАНЫН ОЙЛОРУНАН:

"Адегенде адам акча табуу үчүн ден соолугун садакага чабат. Кайра ден соолугун калыбына келтирүү үчүн акчасын коротот. Мындай убакта келечеги үчүн абдан тынчсызданат да, азыркысы менен ырахаттанбайт. Жыйынтыгында ал азыркысы менен да, келечеги менен да ырахаттана албайт. Ал эч качан өлбөчүдөй жашайт. А өлүп жатып таптакыр жашабаганына өкүнөт."

"Чыныгы дин – бул таза жүрөк."

"Жардам бере алсаң бер. Бере албасаң жок дегенде зыян тийгизбе."

"Мүмкүнчүлүк болгондо боорукер болгула. Бул үчүн ар дайым мүмкүнчүлүк бар."

"Мен кээде чиркей сүйүүнү билерине ишенбей кетем: маселен кээде чиркей колума конот. Боорум ооругандыктан ага канымды ичүүгө жол берем. А тойгондон кийин ал рахмат айтпай туруп учуп кетет."

Дүйнө лидерлери менен жолугушууларда Далай-лама ар убак алсыздарга көңүл бөлдүрүүнү максат кылат.


Ушундай балапан курагында Далай-лама болуп Тибеттин диний жетекчисине айланган.


Жаш экенине карабай ал Кытайдын лидери Мао Цзедун менен жолугуп, Тибеттеги тынчтыкты сактап турган.


Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Nur1k
2017-01-20 11:16:15
Мына кызык
0
ofcourse
2017-01-20 20:12:03
Kazat Akhmatovtun da kitebi bargo ARXAT degen
+1
gulzar_gulu
2017-01-21 00:10:39
Мен да ошол китептеги киши окшойт деп ойлоп кеттим. )))
0
odin-takoy
2017-01-23 10:26:30
Эми ушунун баш соогунон чашка жазап канча мин долларга сатат экен тибеттиктер.
0
№ 741, 13-январь-19-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан