Анжелика: “5 АЙДАН КИЙИН НАРИСТЕЛҮҮ БОЛОМ”

Бул сулуу 3-курста окуган 21 жаштагы айым. Жаштыгына карабай баарына жетишүүдө. Үй-бүлө күтүп, ырчы катары күйөрман топтоп, бир кызды тарбиялап, анан да сулуулук салонун башкарып келүүдө. Кичинекей кезинен сахнадан түшпөй келе жаткан Анжелика бизде конокто.

– Анжелика, кандайсың, көптөн бери көрүнбөй кеттиң?.. Байкашымча, кош бойлуу окшойсуң, куттуктайм!
– Рахмат, баары жакшы. Жаздын башталышы менен Таласка барып, кайненемдин туулган күнүн өткөрүп келдик. Андан сырткары Манас атанын күмбөзүнө барып куран окуттук. Тууган-туушкандар менен жолугуп, сагынычты таркаттык дегендей.
Сиздин дароо эле байкашыңызга караганда, ичим чоңоюп калыптыр да, ээ? Өзүмө көп байкалбай эле. Буюрса, беш айдан кийин наристелүү болом. Пландап, календарды санап, эркек бала төрөп алайын деп жаткам. Ага жетпей эле боюма бүтүп калыптыр. Мейли, Кудайдын бергени деп жүрөм. Жолдошум Урмат кош бойлуу экенимди угуп, аябай сүйүндү. “Карасаң, кипкичинекей болуп алып жакында эки баланын энеси болот” деп тамашалап жатат.
– Кызың да чоңоюп калгандыр, бала бакчага барабы?
– Айымага 2 жаш 4 ай болду. Менчик балдар бакчасында тарбияланып жатат. Бийге катышат, азыр бийдин бардык кыймылдарын өздөштүрүп калды. 5-6 куплет ырды жатка билет. Такылдап сүйлөйт. Менин ырларымдын баарын жаттап алыптыр, кээде сөздөрүн таппай калганымда эстетип турат. Баскан-турганымдан ырдаганыма чейин туурайт. Балдар бакчасында жалаң орус, англис тилдеринде сүйлөгөндүктөн, кыргызча жакшы билбейт. Ага карабай биз кыргызча сүйлөткөнгө аракет кылабыз. Салонго барып чачын фендеп, тырмагына маникюр жасатып, боёнуп, кыскасы, чоң кыздардай эле.
Кайненем дайыма элечек кийип жүргөндүктөн, элечек кийгендерди көрсө эле апам дей берет. Бала бат эле чоңоёт турбайбы. Кудай буюрса, эки кыз, эки уулдуу болсом деген тилегим бар.
– Жогоруда «айылга барып келдик» дебедиңби, кайын журтка барганда кызмат кыласыңбы?
– Биз айылга жылына эки-үч жолу барып турабыз. Мен эң кичүү келини болом. Урмат 8-класстан эле шаарга окууга кетип, бул жактагы иштери менен алектенгендиктен, өзүнөн улуу агасын апамдарды караганга калтырган. Ошондуктан биз ал жакка конок катары эле барып келебиз. Менден башка да кызмат кыла турган келиндер көп. Мен болгону чай куйганга эле жетишем. Чай бергенимде “Анжеликанын колунан чай ичтик” деп кубанып калышат. Кайненем 76 жашка чыкты, мени ушунчалык жакшы көрөт. Анжелика дегенге тили келбей “Акинтай, муну же, муну кий” деп сандыгынан сактаган буюмдарын алып чыгып берет. Кайненедей болуп бир ишиме кийлигишип көргөн эмес.
– Жолдошуң кайсы кесиптин ээси? Орусияда бизнеси бар дешчү эле...
– Урматтын кесиби юрист. Бирок жеке ишкерлик менен алектенет. Бизнесин алгач Орусиядан баштаган. Азыр ал жактагы бизнесин инилери улантып жатышат. Урматтын жашы кеңседе отуруп иштечү куракка келип калбадыбы. Башкача айтканда, буту-бутуна тийбей чуркаган курактан өттү да. Азыр Дубайда соода-сатык иштери боюнча өкүл болуп иш алып барууда. Ортобузда ишеним болгондуктан, бизде кызгануу жок. Тескерисинче, жолдошум мага оригиналдуу белек бергенди жакшы көрөт.
– Ошол оригиналдуу белектеринин бири азыр иштетип жаткан салонуң болсо керек?
– Ооба, көз тийбесин, эки жылда салонумду бутуна тургузуп кеттим. Азыр өзүн-өзү каржылап жатат. Белгилүү косметика фирмалары менен иштешебиз. Келечекте бул салондун филиалдарын чет жакта ачсам деген тилегим бар. Балким, дагы зер дүкөнүн ачармын. Дизайнын өзүм ойлоп тапкан кийимдердин салонун ачсам деген да оюм бар. Кыскасы, максаттарым көп. Таланттуу адам бардык жагынан таланттуу болушу керек. Мен кандай жумуш болбосун алып кете алам деп өзүмө ишенем. Адам бир иш баштоодо коркпостон, өзүнө ишенип баштаса, иши алдыга жылат деп айтар элем.
– Жапжаш туруп баарына жетишкениң тарбияңданбы же табияттанбы?
– Тарбиядан болушу керек. Мисалы, менин апам деле жаны тынбаган эмгекчил адам. Иштин көзүн билген, тың аял. Аскер кызматкери экенине карабай колунан көөрү төгүлгөн уз. Бала кичине кезинде кыйынчылыкты көрүп чоңойсо да сарамжалдуу болот. Баланы тарбиялоодо эч качан “сен жашсың, улуулардын ишине аралашпа, кийлигишпе” деп тыйган болбойт. Апам мага баласындай эмес, курбусундай мамиле кылат. Азыр деле баарын үйрөтүп турат.
– Буга чейин атаң жөнүндө ар кандай сөздөр айтылып келген. Өз атаң жөнүндө да айта кетсең...
– Бул жашоодо ата-энени тандабайт экенсиң. Атам менен апам ажырашып кетишип, мени 3 жашымдан бери азыркы атам багып келе жатат. “Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы” деп коюшат го. Мени өз кызынан артык көрүп, эч нерседен кем кылбай тарбиялады. Эки иним бар. Өз атам жөнүндө сөз кылуунун кажети жок.
– Сени “Санат ырын” жазды, ал ырда “жасаган жакшылыгыңды милдет кылба” деген сыяктуу сөздөр бар деп уктук. Кыскасы, Айчүрөк эжеге арналган ыр деп жатышат...
– “Замандаш” деген санат ырын жаздырсамбы деп жатам. Сиз айткандай эмес, “өз тилиңди унутпа, жакшылык кыл, замандаш” деген сөздөрү бар. Бирок бул ырдын эч кандай Айчүрөк эжеге тиешеси жок. Ырдын сөзү даяр болгону менен, жазыла элек. Ырдалабы-жокпу, билбеймин.
– Айчүрөк эжеге болгон кол салууну сага тиешеси бар деген сөздөр чыкты эле? Ошол кезде эженин акыбалын сурадыңбы?
– Албетте, Айчүрөк эжеге кол салуу болгонуна жүрөгүм ооруду. Мени күнөөлөсө жүрөгүм аябай муздап калгандыктан, Айчүрөк эженин абалын сураган жокмун. Мени деле цирктеги долбоорго катышып жүргөндө подъездден белгисиз адам коркутуп, муунтуп кеткен. Эс-учумду жоготуп калганда кошуналардын жардамы менен аман калгам. Эми бул элге айта турган сөз эмес болчу. Баарын Кудай көрүп турат эмеспи. Айчүрөк эжеге өмүр бою ыраазычылыгымды айтуу менен бирге сыйлап келем. Келечекте өзүмдүн башымдан өткөн окуялар жөнүндө сонун китеп жазсам деп жатам.
– Быйыл жеке концертиңди пландап жаткандай болдуң эле...
– Ырчы концерт берүү менен эле чектелбейт да. Элди тажатпай, сагындырып, 4-5 жылда бир концерт берип турса жакшы болот. Азыр 5 ыр жаздырып, 2 клип тарттырып койдум. Формама, ырларыма аябай көп акча жумшадым. Эми бир аз эс алат окшойм. Эмнегедир акыркы кездерде өзүм үчүн, үй-бүлөм үчүн жашагым келип калды. Өткөндө менде сакталган “Супер-Инфонун” бир санын окусам, интервьюмда “30 жашка чыккыча эле ырдаймын” деп айткан экем. Дагы канча ырдаймын, аны убакыт көргөзөт, бирок элдин эсинде ушул жаштыгым, сулуулугум менен калгым келет.
Быйыл көптөгөн чет өлкөлөргө чакыруулар болду. “Ноорузга карата Кыргызстандын жүзү болуп ырдап кел” дегендер чыкты, баарынан баш тарттым. Андан көрө аман-эсен төрөп алайын. Чет өлкөгө жакшы эле чыктым окшойт, барбаган өлкөлөргө кийин деле жетишем да. Быйыл Кыргызстанда кандай сулуулар конкурсу болбосун, баш байгени сен тапшыр” деп калыстарга өкүл кылып мени чакырып жатышты.
– Сулуулук демекчи, жакында эле биздин сайтта жүргүзүлгөн сурамжылоодо эң сексуалдуу айым болуп табылдың...
– Андай конкурс болуп жатканын деле билбептирмин. Биринчиликти алганымды гезиттен окудум. Менимче, “сексуалдуу” дегенди которгондо “идеалдуу аял” дегенди түшүндүрсө керек.

КЫСКАЧА

  • Өтө ачык кийинбейт.
  • Төрөгөн соң кыялындагы заманбап чоң үйгө көчүүгө камынууда.
  • Эртең менен саат 08.00дө ойгонот.
  • Алгач адамдын көзүнө эмес, бут кийимине көңүл бурат.
  • Такыр бут кийим жыртпайт.
  • Кызы экөөнүн кийимине көп акча коротот.
  • Үлпөт көйнөгүн Франциядан алдырган.
  • Кызын дайыма циркке алып барат.
  • Боёнуу боюнча адис жана мугалим.
  • Салонго келген кардарлар көбүнчө “өзүңдөй сулуу кылып бер” деп кайрылышат.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Aizilya
2010-03-31 11:41:57
suktana turgan dele adam emes. erte turmushka chygyp aldy. el kozundogu adam bolgondon kiiin bashkacha andai kadamdarga barbai ele kichine bolso da kuto tursa bolmok....

Кызыксыз го ээ? Эмнени кутот,озунну бактысын таап кеткени жаманбы? Ар кимге соз болгондон коро куйоого тийип алганы жакшы болгон наоборот.
0
kyrs
2010-03-31 12:17:40
Emi boloru boldu da min kuto tursa bolmok, je jakshy kyldy degeniner beker. Ekoo baktyluubu boldu da. Eto ih nei jizn nam ta shto!!!
0
Mile
2010-03-31 15:06:26
Негизгиси "Аялдык бакыт" демекчи Анжелика бактылуу. Копчулук аялдар карьера деп турмуш курбай жашап келишет го.
0
mony
2010-03-31 19:25:33
Анжелика умница.куйоого тие албай жургондор коро албай айта беришет.Бакыт каалайм.
0
Гука
2010-03-31 20:00:13
Azamat!Baktiluu bol!!!
0
Aijanka sweet
2010-04-01 11:50:50
бАКТЫЛУУ БОЛ
0
Пифагор
2010-04-02 01:18:07
Tunu tapkaninar bala bolsun,ishtep tapkaninar akcha bolsun!maksatina jet.
0
dobrajelatel
2010-04-02 11:18:17
азаматсын келечектеги баатыр эне
0
italia
2010-04-02 18:12:55
Чота мен тушунбой калдым,жатап алыптыр деп кызы аран еле 2,5жашта екен озунун ырларын озу жататырды да же жалгыз еле жатап алгандай кызы бир аз чонурак болсо емне. суйлосо дагы ойлонуп суйлосо боло.
0
Chippolino
2010-04-03 02:05:29
Anjelika ---kempirdi ele jashartyp koigondoisun da.Bul jashoodo koptu korup,koptu bashynan otkorgon adamdai baarlashat ekensin.Kuuluguna,ailakerligine chyn ele baa berdim.
0
Halidos
2010-04-03 15:17:10
"Үлпөт көйнөгүн Франциядан алдырган".
Анжеликанын улпот койногу, квартирада жайгашкан "Люкс" аттуу салондон алынган деп билчу элек. Бул жерде бир башкача кылып урдуруп ийген турбайбы хе хе хе. Анткени, улпот тойунан койногу менен тушкон суротторун с гордостью илип отурушкан эле дейм да салондогулар:)))Же ойлоп коем озумчо, экинчи жолу турмушка чыкты беле деп:)
0
Elgiza
2010-04-04 05:53:20
Anjelika suluu yrchy ayim koz tiybesin aman esen koz jaryp alsyn.
0
Anjel
2010-04-04 18:32:40
Коро албагандар айта берет.АЛГА!!!
0
kyrs
2010-04-05 20:27:33
Anjelika_ kyrgyzdyn Jenifer Lopasy.
0
info
2010-04-16 15:33:49
Debi, Selina,бул жерди чатка айлантууга болбойт!
0
№ 386, 26-март - 1-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан