МЕРГЕН ТУРГАН НААМ АЛБАГАНЫНА НААРАЗЫ
Жаңы жылдын алдында бир нече маданият өкүлдөрү сыйлык алышкан. Бул ирет да бир топ эл сүйгөн маданият кызматкерлери наамсыз калышкан экен. Алардын бири Мерген Турган интернеттеги баракчасына: "Замандаштар, мага дагы "Эмгек сиңирген артист" деген наамды беришпеди. Сыйлыктарды балам менен теңдер алышты. Абдан жаман акыбалда жүрөм. Адилеттик качан орнойт, кыргыздын маданияты кайда? Менин 35 жылдык эмгегимди тебелеп жатышкандыктан унчукпай тура албадым",- деп жар салды. Ырчыга байланышканыбызда ал:
– "Маданияттын мыкты кызматкери" эмес, "жаман кызматкери" деген наамды да бизге ыраа көрбөсө керек. Маданият министрлиги "сыйлыкка көрсөтөбүз" дешкенинен документтеримди чогултуп бергем, комиссиядан да өткөн. Анан эмне болду билбейм, наам түгүл эки барак грамота да жок. Бирок "Казакстандын Эмгек сиңирген артисти" деген сыйлыгым бар. Өтө уят иш болду, жогорку билимдүү ырчымын, 35 жылдан бери элиме кызмат кылып келем. Анан чоңдордун тоюна ырдап берген 17, 18 жаштагыларга сыйлык берсе капа болосуң да. "Кардыма эмес, кадырыма ыйлайм" деген ушул. Алар сыйлыкты алышты, ошонун кадырына жетип иштейби же эмгекти сиңирип койдум деп бой көтөрүп басып кетеби? Мындайды токтотуш керек, жок дегенде маданият тармагы таза, коррупциясы жок болушу кажет. Болбосо "сыйлык, наам сатылат" деп жазып коюшсун, кыйналып, ден соолуктан айрылып эмгек кылбай эле сатып алалы. Мен эмгек сиңиргем, уялбай эле "беришсин менин сыйлыгымды!" деп талап кылам. Мен жеке өзүмдүн эмес, мага окшоп эмгеги бааланбай калган инсандардын атынан сүйлөп жатам,- деп агынан жарылды.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (52)
Алгандарда эмес да куноо туурабы?эл баалайт кыргызстанда каша эмес улпак ботко болуп калды)))
Эмгек Синирген Артист деген наам алса не акча беришеби?
Азыр акча чечип калыптыр да,ошонучун 2 ыр ырдагандар эл артисти болуп..20,,30 жыл ырдагандар ала элек..Мерген албаса да башка эже агалар коп эле ошолорго беришсе болмок калыстык жок...
Супер силер билесинер до созсуз. Эмнелерине карап "Заслуженный артист" жана "Народный артист" наамдары эмнелерге карап берилет?
akil.91,
Super жооп бербединер дагеле......
akil.91, саламатсызбы? Сурооңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип коёбуз, рахмат.
Гулжигит Мирбек Гулзада Юлия силер наамга таптакыр татыксызсынар силерге бергенден көрө кыргызча ырдаган индус кытайларга берсе ыраазы болмокмун аябай аракет кылып тил жаттап эмгек кылып ырдашат а силер бирөөнүн эмгегин даяр ырды ырдап элге эмгегинерди синирбей эле койгула эл кабыл албайт силердин эмгегинерди Мерген байке капа болбонуз силердин эмгегинер эл үчүн эбак сиңген кыргыз эли сизди ар дайым колдойт баалайт
Ушунча калыптыр Нурлан Насипке да беришсе болмок го кичине Гулзада Гулжигит Руцкаяга караганда кынылдап ырдаган ырлары коп))) Анан да бизден таланттуу куудулдарга эч кандай наам берилбегени окундурот
Бек Борбиевке берсе болмок Сатыбековко жарашат
Уялынчы айнанайыыын,1 эле ырынызды билем.1 ыр мн 35 жыл журупсузда анда а...
Наам бербеди деген пародия концерт койсун.же сатып алам деген.!баары сатылат да аны баары билет
Андай болсо кайрат примбердиевге беришпейби
Мерген Турганга эл берген эмгек синирген артисти ал эми жакында алгандар бут сатып алгандар ишенбесенер элге опрос иретинде сурасанар аларды эч ким тааныбайт.
Мерген Турганды тааныбаган киши жок.Эчак алыш керек эле.Азыркы наам алгандар садикте жургондо эле Мерген Турган эмгек синирип койгон
Lapushka15, ушу сиз билет окшойсуз Мерген тургандын чыгармачылыгын.. кайсы ырларды , кайсы обондорду жаратты эле ьул артист.????
Мерген брат Гулжигитке атаандашпай турун сизди ХХХ ХХХ.
bond02, кимдир-бирөөнү мазактаган билдирүүлөрго тыюу салынган. Эскертүү!
baltabai, кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт. Эскертүү!
emgegi singidei emne kildi ele bul mergen turgan baikebiz