Бала кезинен "Ак шоола" балдар хорунда, "Кылым" тобунда чогуу ырдап, кийин да бири ырчы, бири продюсер болуп эгиз козудай ээрчишип жүргөн Чолпонай менен Эрнест Уметалиев баш кошушту. Мындан 4 жыл мурун Эрнест Чолпонайдын жеке концертинен кийин колун сурап шакек салганы маалым. 10 жылдан ашуун убакыт кыз-жигит болгон түгөйлөрдүн бири Чолпонай: "Мени кыргыздын салты менен үйдөн алып кетишти. Үй-бүлө курууда жасалып келген бардык салт-санаалар колдонулду. Мени өткөн жылы эле (ред. 2016-жыл) алып кетишкен. Баш кошкондон бир нече ай өткөн соң расмий каттоодон өтүп, нике күбөлүгүн алдык, эми үлпөт той берүү планыбыз бар. Бул кубанычыбызды сиздер менен бөлүшүп жатабыз",-деп билдирди.