(Башталышы өткөн сандарда)
– Мен сени Айдай эмес, Покахонтас дейм эми,- Дэвид жылмая Айдайга карады.
– Эмнеге?
– Билесиңби Покахонтас ким?
– Билем, индей уруусунун ханбийкеси...
– Ооба, анан европалыктар менен жергиликтүү элди ынтымакка чакырган, сулуу, акылдуу айым болгон. Билесиңби Покахонтастын урпактары ким? Нэнси Рейган, Эдит Вильсон... Экөө тең АКШнын президенттеринин жубайлары, биринчи айымдары болушкан.
– Мм...
– Покахонтас, менин ойлорумду түшүндүң да, ээ?
– ...
– Мени менен Австралияга кетчи! Билип турам, биздин урпактарыбыз да мыкты адамдар болушмак. Балким президент, балким биринчи айымдар...
– Жок!- Айдай чочуп кетти. Бирок ал ар убак бул жактагы азап-тозогун унутуп, башка мамлекетке кетүүнү эңсеп жүрчү, антсе да чоочун, улуту башка мырза менен кетүү ою аны коркунучка кептеди.
ххх
– Апа, бир нерсе айтайын уксаң...- Айдай Барчындын жанына келип отурду.
– Ии...
– Апа, Дэвид мени Австралияга чакырып жатат. Мен макул болбой койдум...
– Эмнеге?- Барчын чочуп кетти.
– Эмнеге макул болбодуң?! Айдай, бул чоң мүмкүнчүлүк. Сени окута да албайбыз. Абалыбызды көрүп турасың... Кет! Келечегиңе жакшы болот. Оюма койсо, Айдайкам, сени жанымдан чыгармак эмесмин. Бирок кеткениң өзүңө эле жакшы, берекем. Ал өнүккөн, бай өлкөдө жашаганыңдын эмнеси жаман?! Суранам, кызым, кет!
ххх
– Дэвид, мындай кылабыз... Мен сени менен кетем. Бирок үйдөгүлөргө экөөбүз чогуу түтүн булатарыбызды айтпа. Жөн гана иштеп, окуусуна жардам берем де. Антпесе алар мени түшүнүшпөйт.
– Сен каалагандай болот, Покахонтас!
Көп өтпөй Дэвид экөөбүз Австралияга жөнөп кеттик. Биз 5 жыл ынтымактуу үй-бүлө болуп жашадык. Бирок акырында сый гана коштоштук. Тагдыр ушундай экен, мен балалуу болуу бактысынан ажырап калыптырмын. Боюмдан алдырганым залакасын тийгизген окшойт. Дэвидди жанымда кармап жүрө бергим келбеди. Ал да бала жытын жыттасын. Азыр биз абдан жакшы мамиледебиз. Жакында ал уулдуу болду. Мен уулунун киндик энеси болдум,- Айдай жылмая сөзүн аяктады.
– Анан? Эрлан агай менен кандайча табышып калгансыңар?
– Калганын Эрлан менен жолуккандан кийин айтып берейин. Мени алып барасызбы?
– Мейли.
ххх
– Рита Мадиевнага келгенбиз, бизди киргизип коёсузбу?- Элиза нөөмөттө турган айымга кайрылды.
– Ким деп айтайын силерди?
– Эркинов Эрландын жакындары экен деңиз,- нөөмөттөгү айым телефон аркылуу Рита Мадиевнага байланышты да, Айдай менен Элизаны киргизди.
Рита Мадиевна иш бөлмөсүндө кандайдыр бир баракчаларга чиймелеп бир нерсе жазып жаткан экен. Элизаны көрө сала ордунан турду.
– Кел, Элизка. Мен сени жалгыз экен депмин,- дарыгер айым Айдайды башынан ылдый "бул ким?" дегендей суроолуу карады.
– Айдай! Рита Мадиевна, бул Айдай.
– Сенби?- дарыгер айым таң кала сурады.
– Мен,- Айдай жылмая жооп берди.
– Биздин жигитти акыл-эсинен адаштырган кандай кыз болду экен деп далай жолу ойлонгом... Мен ойлогондон да жылдыздуу экенсиң. Дарыгерлик тажрыйбамда мен оорулуу адамдарды көргөм. Бирок сүйүү менен, сүйүктүүсү менен ооруган, сагыныч менен ооруган адамды көргөн эмесмин. Сүйүү үчүн акылдан адашуу – жиндичиликпи? Аруулукпу? Обу жоктукпу? Сени карап турам да, ичимдеги ойлорумдун баарын сыртка чыгарып салдым.
– Мен Эрланды көрө аламбы?
– Эрлан акыркы күндөрү абдан ачуулуу болуп кетти. "Айдай, Айдай!" деп оорукананы жаңыртып кыйкыра берди. Сурасам "Айдайды тапкыла, ал кайда кетти?" деп алактайт. Жанындагылардын тынчын ала бергенинен аны өзүнчө палатага бөлүп койгом...
– Мен аны көрүшүм керек!
Рита Мадиевна саамга Айдайды тиктеп турду да, анан чечкиндүү түрдө столунун тартмасынан байланган ачкычтарды алып чыкты.
– Жүр!
Узун коридордун эң аягындагы каалгага келип токтошту.
– Эрлан ушул жакта. Мына ачкыч, сен өзүң эле ачып кир. Элиза экөөбүз сыртта болобуз,- деди Рита Мадиевна жылмая.
Айдай акырын эшикти ачып кирди. Эрлан тескери карап дубал тиктеп бүрүшүп жаткан экен. Кыздын дене бою калтырап чыкты. Мына-мына ыйлап жиберчүдөй...
– Эрлан...- кыздын үнү акырын чыкты.
– Келдиңби?- деди жигит көңүл кош, дубал тиктеген калыбында.
– Ооба, келдим,- кыз коңшу керебетке келип отурду.
– Келбей эле койсоң болмок... Сенсиз жашоого да көнө баштагам. Сен эмне, мен өзүм башымда ойлоп таап алган эле жансыз элес, жетпеген кыялсың да. Муну моюнга алуум керек. Сен кеткенсиң. Мени таштап кеткенсиң. А мен кусалыктан жүдөгөндө сени кайра ойлоп таап албадым беле?! Болду эми кете бер... Мен эми баягы жинди Эрлан эмесмин...
Марат Жанбараков
(Уландысы кийинки санда)