Өтүп кеткен жыл маданият өкүлдөрү үчүн жакшы жылдардан болду. Түтүн булаткандар, үй-бүлөдө көбөйүүлөр көп болду. Гүлзинат Суранчиева да бир топ жыл бала жытын сагынып жүрүп уулдуу болду. Анда кеп учугун ырчы айым өзү уласын.
– Саламатсыңбы, Гүлзинат? Өтүп кеткен жыл сен үчүн жакшы жылдардан болду десек жаңылышпайбыз, уулдуу болдуң дегендей...
– Саламатчылык. Сөз башында кыргыз элимди жаркырап кирип келген 2017-Жаңы жылы менен куттуктайм. Бул жыл ар бир үй-бүлөгө бакыт-таалай алып келсин! Өтүп кеткен жыл мен үчүн өзгөчө жылдардан болду. Анткени ак эткенден так этип жүрүп, наристе жытын искедим. Кызым менен уулумдун ортосу 12 жаш. Эки баламдын жаш курагы алыстап кетпесин деп буга чейин аябай аракет кылдым. Мен барбаган дарыгер, табып калган жок. Курбуларымдан, тааныштарымдан "бул дарыгер жакшы экен" дегенди уксам эле жөнөп калчумун.
Буга чейин эгиз балдарым боюмдан түшүп калган. Аларды УЗИден билгенден кийин элдин баарына жар салып сүйүнчүлөгөм. Боюмдан түшүп калганда "көз тийип кеттиби, элге айтпай эле койбой" деп ичим ачышып калды. Ошондо катуу депрессия болдум, эстегенде азыр да ыйлап жиберем. Кыскасы, уулум төрөлгүчө эмнени гана башымдан өткөргөн жокмун. Бул сапар боюмда бар экенин эч кимге айтпай, жашырып жүрүп төрөп алдым. Ичимден уул төрөп алсам экен деп кабатырланып, жүрөгүм түпөйүл тарта берчү. Ошол санаамдан кутулуп жан дүйнөм тынчып калды.
– Уулуңа азыр канча ай болду, аты ким?
– Кызымды Рузана деп атасы койгон. Уулума Рауль деген ысымды койгум келген, бирок чоң атасы Ибрагим деген ат ыйгарды. Ибрагим азыр 10 айга толду. Кылыктары чыгып көзгө көрүнүп калды. Жолдошум экөөбүз тең баланын жытын сагыныптырбыз. Баса калып өпкүлөйбүз.
– Бала багуудан алыстап калыптырсыңбы?
– 12 жыл чоң убакыт да, бала бакканды таптакыр унутуптурмун. Башында аябай кыйналдым. Мен жардамга чакырбаган жакындарым калган жок. Кайненем, өзүмдүн апам, эжем, сиңдим, жеңем жардамдашышты. Биринчи жолу эне болгондой эле болдум. Кантип киринтиш керек, кантип жалаягын которуш керек, кыскасы, баарын башынан үйрөндүм. Ата-эне статусун алганда экөөбүз тең жашпыз да, кызымды эмне кылып чоңойтконумду деле билбейм. Анын үстүнө кызым аябай жоош болчу, мага кыйынчылык деле туудурган эмес. Азыр балабыз ооруп калбасын деп ар бир нерсени китептегидей жасап жаткан чагыбыз. Кызым болпоюп эле жата берчү. Уулум укмуш кыймылдуу, алам дегенин алат, колундагысын бергиси келбесе бербейт. Артынан жүрүп арыктап кеттим.
– Чыгармачыл адамсың, ыр жаздыруу, тойлорго баруу деген бар, анын үстүнө мугалимсиң, наристеңди ким карап жатат? Бала багуучуң барбы?
– Бала багуучум бар. Ансыз менин "крышам" кетип калат го. Негизи жаңы төрөгөн аялга сиңдисиби, чоң энесиби, жардамчы сөзсүз керек. Биздин бала багуучубуз жакшы аял, мен ага ишенем. Баламды аябай жакшы көрөт. Тойго кетемби, концерткеби, көңүлүм тынч жүрө берем.
– Жентек той берип, ага-туугандан бата алдыңарбы?
– Кайын-журтумду, өзүмдүн туугандарымды чакырып кан чыгарып бата алганбыз. Бирок чоң той бере элекпиз. Менде дагы бир жакшы жаңылык бар. Жолдошум экөөбүз там салып, жаңы үйүбүзгө көчкөнбүз. Жазында тамдын тою, уулумдун тою кылып, жакын санаалаштардын баарынын башын бириктирели деп турабыз.
– Эми чыгармачылыгыңа кайталы, эмне жаңылыктар бар?
– Жаңы ырларды жаздыруу менен алекмин. "Энекем" деген ырым чыкты. "Бийле" деген ыр жаздырып жатам. Ушул эки ырга жакында клип тарттырам.
– Токмок тараптагы белгилүү эс алуу жайларынын биринде ырдайт деп уктум, чынбы?
– Ал жакка атайын чакыруулар менен көп барам. Дайыма иштегенге жаш балалуу айымга кыйын болуп калат го.
– Чыгармачылыктын казанында кайнап жатканыңа көп жыл болду, мамлекеттик наамдарга аракет кылып көргөн жоксуңбу?
– Ооба, туура айтасың, чыгармачылыкта кичинемден бери эле жүрөм. Башкача айтканда музыкалык мектепте окудум. 4-класста республикалык кароо сынакта 1-орунду алып, Москвадан 5 жыл стипендия алдым. 2000-жылы пианисттердин эл аралык сынагында баш байгени жеңип, Президенттин "Алтын шаты" стипендиясынын ээси болгом. 2008-жылдан тарта жеке ырчы катары эл аралык сынактарга катышып, Астана шаарынын 10 жылдыгына карата уюштурулган сынакта 1-орунду жеңип алгам. Ошондо жолдошума телефон чалып "1-орунду алдым" деп ыйлаганым эсимде.
Орусиянын "Беш жылдыз" эл аралык сынагына бардым. Тандоо турунда финалга Мирбек Атабеков экөөбүз чыкканбыз. Биздин калыстар "экөөңдү тең таарынтпайлы" деп экөөбүздүн резюмени, ырларыбызды Орусиядагы уюштуруучуларга салышып "өзүңөр чечкиле" дешкен. Жыйынтыгында мен барып "Сочи шаарынын көрүүчүлөрүнүн сүймөнчүгү" наамына татып кайттым. Кыскасы, ата мекендик, эл аралык сынактарда көп ийгиликтерге жетиштим. Мунун баарын эмнеге айтып жатам? Анткени мамлекеттик сыйлык алып жаткан адам бир нече этапты басып өтүшү керек деп билем. Биринчиден, наам алган адамдын музыкалык билими болушу керек. Экинчиден, ата мекендик, эл аралык сынактарда орунга илинүүсү шарт. Анан ардак грамота, андан кийин Эмгек сиңирген артист наамын алуу кажет. Мыйзамды сыйлаган адам катары бардык этаптарды өзүмдүн эмгегим, талантым менен өттүм деп эсептейм. Сыйлык алчу күндөрүм алдыда деп ойлойм. Эл аралык эмес, ата мекендик сынактарга катышпай туруп алгандарга "сыйлыгыңар кут болсун!" демекчимин.
– Жеке ишкерлик кылайын деген оюң барбы?
– 4-5 жыл мурун 2 квартираны бириктирип сулуулук салонун ачып иштетип көргөм. Мага бир жерден жылбай иштеген жарашпайт экен. Моюнунан байлаган иттей болуп 1-2 ай иштеттим окшойт, анан ижарага берип салгам. Азыр ишкерлик кылайын деген оюм жок.
– Рахмат маегиңе, бешик бооң бек болсун, оорубай, аман-эсен чоңоё бергиле.
Сүйүн Кулматова
Алишер Алиев
star@super.kg