"Мен жашоомду тоналдык кремсиз элестете албайм..." Мындай кепти айымдардын көпчүлүгүнөн угууга болот. А сиз алардын катарын толуктайсызбы? Бул каражатты бетиңизге сүйкөп жатып анын курамында эмне бар, териңизге кайсы түрү туура келет, деги эле анын тарыхына кызыгып көрдүңүз беле? Төмөнкү макала дал ушул косметикалык каражат тууралуу болмокчу, таанышып коюңуз.
ТАРЫХЫ
Алгач Байыркы Мисирде, Байыркы Рим жана Байыркы Грецияда упа пайда болгон. Алар упаны шайтандардан коргойт деп ишенишкен. Кийинчерээк, бул каражатты колдонгон айымдар ак сөөктөрдүн урпактары экендигинен кабар берген. Аны ун, бор, чопо, акиташтардан жасашкан. Бирок мындай упаны колдонгондордун ден соолугу начарлап, жыйынтыгында жүрөк, боор ооруларына чалдыгышкан.
Ал эми кытайлык гейшаларга ден соолук керек тура. Алар жүзүн канаттуулардын кыгы, өсүмдүктөрдөн бөлүнчү чаң (пыльца растений) жана күрүч упасы менен агартышкан.
Албетте упа кийин тоналдык кремдин пайда болушуна түрткү болгон. 1935-жылы "Max Factor" фирмасы тарабынан актёрлор үчүн грим катары колдонуу максатында, чакан банкада "блинчик" аталышында чыккан. Андан бери сулуулук индустриясы бул жаатта бир топ өнүктү. Бүгүнкү күндө ар бирибиздин суроо-талабыбызга жооп берчү тоналдык кремдердин түрү бар. Болгону алардын кайсы түрү кандай учурда жана эмне үчүн колдонуларын билүү зарыл.
ТОНАЛДЫК КРЕМДИН ТҮРЛӨРҮ
Крем-камуфляж
Курамына суу сиңирбөөчү силикон, боёгу бар пигменттер кирген өтө коюу тоналдык крем.
Артыкчылыгы: Беттеги бардык кемчиликтерди жашырат жана сүйкөгөндөн кийин узакка чейин кетпейт.
Кемчилиги: Бетке сүйкөө өтө кыйын, атайын каражаттар менен гана кетирүүгө болот.
Тоналдык крем-упа
Кеңири тараган тоналдык каражат катары эсептелинет.
Артыкчылыгы: Майлуу тери үчүн эң мыкты табылга. Себеби курамында бетиңиздеги майды сиңирип алуучу кошулмалар бар. Күндө колдонсоңуз болот.
Кемчилиги: Үбөлөнүп түшө бергени.
Мусс түрүндөгү тоналдык крем
Артыкчылыгы: Сүйкөгөндөн кийин топтошуп калбайт, жалтырабайт. Жашы өткөн айымдарга жана майлуу териге ылайыктуу. Зыяндуу кошулмалары жокко эсе болгондуктан такай колдонууга болот, жеңил сүйкөлүп, жеңил жуулат.
Кемчилиги: Беттеги кемчиликтерди идеалдуу кылып жаппайт.
Тоналдык крем-флюид
Бул кремди жылдын эң аптаптуу мезгилинде колдонуу туура.
Артыкчылыгы: Курамында терини жумшартуучу кошулмалар көп. Андыктан кургак, сезгич тери үчүн ылайыктуу. Күнүмдүк колдонууга ылайыкталган.
Кемчилиги: Сепкил, безетки сыяктуу бетиңиздеги кемчиликтерди толук жашырбайт.
Твинстер
Бош убактысы аз, дайыма шашып жүргөндөр үчүн ылайыкталган.
Артыкчылыгы: Упа катары да, тоналдык крем катары да колдонсоңуз болот. Упа керек болсо кургак губка менен, тоналдык крем керек болсо нымдалган губка менен бетиңизге сүйкөсөңүз болот.
Кемчилиги: Жок.
Суюк тоналдык каражат
Артыкчылыгы: Териңиздин өңүнөн айырмасы жокко эсе, тегиз жана оңой сүйкөлөт, оңой жуулат, кемчиликтерди жакшы жабат, кургак жана нормалдуу терилер үчүн мыкты каражат.
Кемчилиги: Курамында зыяндуу компоненттер бар болгондуктан дайыма колдонууга болбойт, жакшысы, кечки макияж үчүн кээде гана колдонгонуңуз оң.
Чакан стиктер
Майлуу кошулмаларга бай болгон бул каражат видеого же сүрөткө көп түшкөн ар бир бийкечтин сумкасында болууга тийиш.
Артыкчылыгы: Кандай кемчилик болбосун жашырат. Теринин бардык түрүнө, өзгөчө көйгөйлүү терилер үчүн ылайыктуу.
Кемчилиги: Колдон келишинче азыраак колдонуу керек. Себеби теринин дем алышына тоскоолдук жаратат.
ТОНАЛДЫК КРЕМДИ БЕТКЕ ШЫБООДОГУ КОЛДОНУЛУУЧУ КАРАЖАТТАР:
Кисть – суюк каражаттарды колдонууга ыңгайлуу. Жакшысы, жалпак формадагы кисть сатып алыңыз.
Губка жана спонждор – тоналдык кремиңиздин териңизге жакшы сиңип, көпкө кармалуусун кааласаңыз, анда губка, спонж колдонуңуз. Губканы нымдап алсаңыз тоналдык крем териңизге идеалдуу сүйкөлөт.
Колдун жардамы менен күндүзгү макияжды сүйкөңүз. Себеби колуңузга тийген тоналдык крем жылып, сүйкөгөнгө оңой болот жана крем аз сарпталат.
ТӨМӨНКҮ КРЕМДЕР ТОНАЛДЫК КАРАЖАТ ЭМЕС!
Бийкечтер үчүн төмөндөгү бет майлардын популярдуулугу жогору. Ооба, бет май, себеби алар тоналдык крем болуп эсептелбейт. Бирок көпчүлүк бул тууралуу кабардар эмес. Анда ВВ-кремдер тууралуу маалымат.
ВВ
Англисчеден «beauty balm» сулуулук бальзамы болуп которулат. Ал беттеги безеткилерди дарылайт, күн нурунан коргойт, терини жумшартат, (бирок жумшартуучу бет майдын ордун толук баса албайт) Дайыма тоналдык кремдин астына сүйкөгөнүңүз туура.
РР
«Pink рerfect». Күлгүн түстөгү бет май. Макияж үчүн база, терини тегиздеп, бырыштарды, тактарды жашырат. Бул кремдин түсүн көрүп чочубаңыз, сүйкөгөндөн кийин териңиздин түсүнө окшошуп калат. Бардык теринин түрлөрү үчүн ылайыктуу.
DD
«Daily defense» которсок, күнүмдүк коргоо деген мааниге ээ. Беттин терисин күндөн жана чаңдан коргойт. Жашы өткөн айымдар үчүн. Эскертүү: DD-кремдер теринин тешиктерин бүтөп коюшу мүмкүн, ошондуктан такай колдонууга болбойт.
СС
«Color сontrol» түстү көзөмөлдөө дегенди түшүндүрөт. Териңиздеги түрдүү түстөгү (өзгөчө сары, кызыл) тактар менен күрөшүүчү каражат. Майлуу жана көйгөйлүү терилерге ылайыкталган эмес.
Айнура Сагынбаева, врач-дерматолог, косметолог:
– Бетиңиздин териси сезгенип, косметикалык каражаттар жакпай жаткан учуру болсо, же күнгө өтө эле күйүп калса тоналдык каражатты колдонуудан карманып турганыңыз оң. Ал эми жүзүнө безетки чыккан, аллергиясы бар айымдар атайын терисине ылайыкталган тоналдык кремди колдоно беришсе болот.
Нуркыз Курманбек кызы
kenesh@super.kg