ПРЕЗИДЕНТТИН КҮЧТҮҮ КАДРЫНА ЧАБУУЛДАР БАШТАЛДЫБЫ?

1-январдан тарта "О!" уюлдук операторунун кардарлары үчүн бирдик жүктөө кызматынын баасы 10 сомго чыкканы нааразычылыктарды жаратты. Ал эми уюлдук оператор төлөм кызматынын кымбаттоосуна компаниянын тиешеси жоктугун, кызматты Төлөмдөр системи боюнча операторлор ассоциациясы кымбаттатып жатканы тууралуу билдирүү таратты. Карапайым эл ашыкча чыгымына кайгырып жатса, кимдир бирөөлөр бул окуяны саясий кызыкчылыктарына колдонууга аракет кылышты. Алар бул окуяны Максим Бакиевдин "60 тыйыны" менен салыштырып, интернет айдыңында президенттин ишенимдүү кадры Сапар Исаковду каралоого өтүштү. Бул каралоонун социалдык тармактарда тездик менен таркашы анын атайын уюштурулганынан кабар берет.
Сапар Исаков SUPER.KG порталына: "Фейсбук баракчаларында, айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында мени "элди карактоочу" деп күнөөлөшүүдө. Ал жөнүндө Пекинде жүргөндө уктум. Бул карандай калп маалыматтарды таркатып жаткандардын бет тырмарлыгына таң калдым. Бул жана социалдык тармактарда мага таңууланып жаткан башка иштерге эч кандай тиешем жок. Муну мен жалган жалаа катары, мени эл алдында жаман көрсөтүү аракети катары баалайм. Жалпыга жеткиликтүү мейкиндикте таркатылып жаткан ушундай чындыкка коошпогон маалыматтар, көө жабуулар жана жаманатты кылуу аракеттери менин ар-намысыма жана мамлекеттик кызматкер катары беделиме шек келтирүүдө. Ошондуктан мен өзүмдүн конституциялык укугумдан пайдаланып, сотко арыз берүү тууралуу ойлонуп жатам. Бирок жалган маалыматтарды таркатып жаткандардын ысымдары ойдон чыгарылган анонимдүү ысымдар болуп, бул ыплас иш үчүн жоопкер адамды так аныктоо кыйын болуп жатат.
Ооба, биз демократиянын эң башкы принциптеринин бири болгон сөз эркиндигин сыйлайбыз жана колдойбуз, бирок ал өзүм билемдикке алып келбеш керек. Эркиндик менен бирге жоопкерчилик да болушу керек деп ойлойм",- деп билдирди.
6-январда Монополияны жөнгө салуу агенттигинде "О!" мобилдик операторунун жана төлөм системинин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өтүп, анда эки тарап балансты толтуруу акысын мурдагы өлчөмдө, тагыраагы, 5 сом бойдон калтыруу чечимине келишти.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 741, 13-январь-19-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан