Тагдыр
Ар кыл тагдырлар бар. Бирине уу сунуп, экинчисине бал сунган тагдыр бүгүнкү каарманга да каарын салгандай. Редакцияга балдак менен кирип келген Мээримдин аянычтуу тагдырына өзүңөр күбө болгула.
«ТӨРТ ЖАШЫМДА БУТУМДАН АЖЫРАП...»
– Мен деле азыр курбуларымдай болуп өз бутум менен басып, балким, мээримдүү эне, сүйкүмдүү жар болот белем? Томпоңдоп ойноп жүргөн төрт жашар наристе кезимде кырсыкка туш болдум. Жолдун четинде ойноп жүргөн мени КамАЗ сүзүп кеткен. Кийин уксам, айдоочу мас абалында машина айдагандан улам кырсык болгон экен. Кырсык болору менен апам менен атам эмне кыларын билишпей, ооруканага чуркашат. Башкы дарыгер ошол учурда конокто отуруптур. Андан башка сабаттуу дарыгер жок болгондуктан, аны мас абалына карабай алып келишет. Дарыгер мастыгы менен менин жабыркаган оң бутумду сандан өйдө кесип салат. Кичинекей болсом да, ошол күн бүгүнкүдөй эсимде. Эмнегедир наркоз да берген эмес. Бутумду кантип кесип жатканын, темир скальпелди (хирургдун бычагы) азыркыга чейин элестете алам. Ал элестен азыркыга чейин денем дүркүрөйт. Ошентип, эки бирдей мас адам менин убалыма калып, түбөлүккө майып атка кондум.
Кийин борборго алып келишкенде бул жактагы тажрыйбалуу дарыгерлер “бутуңду бекер кестиргенсиң. Тизеден ылдый болгондо сөөктөрдү чогултуп, бутуңду калыбына келтирүүгө болот эле” дешти. Адамдардын ушунчалык кайдыгерлигине таң калам. Мени майып кылган айдоочу да, бутумду жок жерден кесип салган дарыгер да кийин менден кабар алып коюшкан жок. Атам милиция кызматкери болгондуктан, айдоочунун туугандары “атасы милиция кызматкери экен. Бизге күч колдонуп жатат” деген куру жалаа менен араң үч жылга кестириптир. Баарынан да “өзү чыга калган. Ата-энеси жакшы карабайт беле” деген сыяктуу ойлорду айтышыптыр. Атам болсо "Кудайга койдум, Кудай өзү жазалайт" деп эле тим болуптур. Айдоочу үч жыл отуруп чыгып кетти. А мен өмүр бою балдак менен басып, майып аталганымды кимге айтам?! Ал айдоочу менин түбөлүккө майып болуп калганымды деле билбейт болушу керек. Эмне дейм, ал кишинин деле үч кызы бар экен. Баары бир менин бейкүнөө аккан жашым, тагдырым ал адамды жөн койбосо керек.
ТУРМУШ СЫНООСУ
– Менин кырсыкка кабылганым үй-бүлөмө да залакасын тийгизди. Оорулуу адамды багыш да оор экен. Атам мени ойлоп жүрүп, инсульт болуп каза болду. Өзүбүз миң-куштук болобуз. Бирок турмуштун айынан Бишкекке көчүп келип, батирде туруп калдык. Апамды, бир туугандарымды жакшы эле кыйнадым. 9-класска чейин орто мектепте окудум. Ошентип, эл катары бойго жеттим.
Күндөрдүн биринде менин көңүлүмдү Талант аттуу кошуна жигит буруп, экөөбүз тил табышып калдык. Ага чейин деле балдар менен сүйлөшүп калчумун. Алгач көптүн катарында эле мамиле жасачумун. Кээде үстүмө үйрүлө калган учурларын, мага болгон мамилесин аяныч катары эле кабыл алып жүргөм. Бирок ал мени сүйүп калган экен. Бир күнү эле “Мээрим, мен сага үйлөнгүм келет” деди. “Сен муну жакшылап ойлонуп туруп айтып жатасыңбы? Өмүр бою майып адам менен жашоого кудуретиң жетеби?” дедим. “Мен сени эч кимге кор кылбайм. Бизде баары жакшы болот. Мен сенсиз чын эле жашай албай калдым” деди.
Канчалык ишенбейин десем да ишендирди. Мен деле адаммын да. Менин да жүрөгүм, сезимим, от болуп кайнап турган жаштыгым бар. Талант ала качып кеткенде каршылык көрсөтпөй эле отуруп калдым. Канчалык бул кадамдын артын ойлоп турсам да, макул болдум. Бул күндөр менин жашоомдогу эң бактылуу күндөр болчу. Бардык иштерди экөөбүз чогуу кылып, Талант менин майыптыгымды кайын журтума билгизбегенге аракет кылчу. Мен деле созулуп отуруп албай, колумдан келген ишти кылчумун. Бир күнү Таланттын теңтуштары мени көргөнү келишиптир. Чай ичкенден кийин сырттан балдардын үнүн угуп калдым.
– Талант, досум, эмнеге мындай кызды алып алдың?- деди бири таңыркап.
– Сүйүп калдым,- деди Талант.
– Сүйүү сүйүү менен. Бирок өмүр бою бул чолок менен кантип жашайсың?
Бул сөз жүрөгүмдү тепчип өттү. Мени кордогондон эмес, “ушул сөздү Талант кантип көтөрүп жатат?..” деген ойдон жүрөгүм кысылды. Көрсө, сүйүү турмуштун катаалдыгын көтөрө албайт тура.
«ДОСТОРУНУН СӨЗҮНӨ КИРИП...»
– Талант экөөбүз болгону жыйырма күн жашадык. Ага-туугандарынын, досторунун сөздөрү башкача таасир этти. Ортодон менин оорум да күчөп калды. Анткени бутумдун майыптыгы эле эмес, боордун циррозу деген дарт да жабышып алган. Боорум чоңоюп, ичим көөп кетти. Бул күндөрү Таланттын мага деген мамилеси өзгөрдү. Сөзү, колу тие баштады. Майыптыгымды күнөөлөчү болду. Мурда кандай көз менен карап алганына түшүнбөй мен ыйлайм. “Бутум жок экенин мурда эле көрбөдү беле, эми мени эмнеге эзип жатат?..” деген ой жүрөгүмдү оорутуп жатты. Кайненемдин да кирип-чыгып мени каарыганы көбөйдү. Ал кичине ичкиликке жакыныраак болчу. Бирок мен анын баарына чыдап жашап жүрдүм. Бул күндөрү боорумдун ооруганы да күчөп калган.
Талантка “мени доктурга алып бар. Кийин, балким, кеч болуп калат. Төрөп, мен да бактылуу болгум келет” деп жатып шаарга келдик. Анткени мен ооруканага көрүнүшүм керек болчу. Ошентип, өзүмдүн апамдын үйүнө келдик. Апамдар менен сүйлөшүп, чай ичип, бир аз отургандан кийин эле Талант ордунан туруп, бир жакка барарын айтты.
«ЭРТЕҢ КЕЛЕМ...»
– “Эртең келем...” деди маңдайымдан өөп. Мен кала бердим. Бирок ошол боюнча ал мага кайрылган жок. “Эмнеге? Көз жашын куюлтуп ант берген сүйүүсү жыйырма гана күнгө жеттиби?..” дейм өзүмчө. Албетте, мен өзүмдүн абалымды түшүнүп эле турам. Мени дени-карды соо, Таланттай келишимдүү эркек өмүрлүккө жар кылып алыштын өзү эле чоң эрдик. Бирок ошол эрдиктин аягына жетсе эмне?! Талант мени таштап кеткенден бери жашоом ыйдан бүткөндөй эле ыйлай берем. Ар бир кылыгын, басканын, сүйлөгөнүн эстейм. Ушунчалык бир адамды сүйүп, ага байланып калам деп ойлогон эмесмин. Кусаланганымдан өзүмдү жинди болуп кетчүдөй сезем. Азыр деле мага сөз айтып жүргөн адамдар бар. Бирок алардын бири да мени кызыктырбайт. Таланттын мага кылган жаман мамилеси эсимден чыгып, жакшы кылык-жоруктары эле көз алдыма элестей берет. 21 жашта болсом да, өзүмдү 40ка чыгып калгандай, ушунчалык карыгандай сезем. Анткени мен 21 жылдын ичинде көп нерсени көрдүм.
Талант, эгерде бул макаланы окуп жатсаң, мага бир келип кетчи. Болуптур, мени менен жашай албасаң да, өзүң түшүндүрүп, коштошуп кетчи. Угушума караганда сен ичип жүрүпсүң. Мурда аракты оозуңа алчу эмес элең, балким, күнөөңдүн оордугу сени ушуга түртүп жаткандыр. Эгерде келип кечирим сурасаң, мен сени кечиргенге даярмын. Балким, ошол учурда ачууң менен же кимдир бирөөнүн сөзүнө кирип, менден кетип калгандырсың. Менин оюмча, бардыгын башынан баштаганга кеч эмес. Кантсе да “эртең келем” деген сөзүңдү унута албай жашап келем. Таң атса эле келип калчудай сезилесиң. “Эртең келем” дегениң кулагыма жаңырат. Сенин кеткениңе жарым жыл болсо да, келер күнүңдөн үмүт үзбөйм!
Ушундай окурман, айланкөчөк жашоодо эмне деген гана окуялар болбойт. Кандай болсо да, Мээримдин мындан аркы жашоосу жакшы жагына өзгөрүшүн каалайбыз. Мээримдин өзү каалагандай мээримдүү эне, күйүмдүү жар болушуна тилектешпиз.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg