Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп НАЗАРКУЛ ИШЕКЕЕВ дайындалды. Ал буга чейин жогорку окуу жайлардын биринде проректорлук кызматты аркалаган.
Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ 2017-жылдагы алгачкы эмгек өргүүсүнө чыкты. Ал 9-январдан 14-январга чейин Кытай Эл Республикасында болорун президенттик аппараттан кабарлашты.
Кыргыз өлкөсүндө ПЕНСИЯНЫН орточо көлөмү 5151 сом, ал эми эң көбү 75 миң-100 миң сомго чейин жетет. Бул боюнча Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров маалымдады.
Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп АЙБЕК КАДЫРАЛИЕВ дайындалды.
2016-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча МИГРАНТТАР мекенине 1 миллиард 835 миллион доллар акча которушкан. Бул өткөн жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 18 пайызга көп. Жогорудагы маалыматты Улуттук банктан маалымдашты.
Акыркы 5 жылда өлкөдө эркек балдарга караганда КЫЗДАР 23,6 миңге азыраак төрөлгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп ЗАМИРБЕК ОСМОНОВ дайындалды.
1-январдан 10-январга чейин Бишкектеги ТРАВМАТОЛОГИЯ жана ортопедия илим-изилдөө борборуна 195 адам кайрылган. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришинче, алардын көпчүлүгү көчөдө жаракат алгандар.
Казакстан интернетке болгон бааны 2017-жылдын январынан тарта мурунку баага түшүрдү. Эми Кыргыз мамлекети секундасына 1 мегабит ИНТЕРНЕТ үчүн 13-15 доллар төлөйт. Бул маалыматты "Кыргызтелеком" ААКсынан билдиришти.
2, 4, 8 күн ичинде тез арадагы тартипте ПАСПОРТ алуу тарифи дээрлик 2 эсеге арзандады. Бул тууралуу "Инфоком" ишканасынын директорунун орун басары Акын Мамбеталиев билдирди.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдарга 1 ай ичинде жаңы кабыл алынган БАШ МЫЙЗАМГА ылайык өлкөнүн мыйзамдарын тартипке келтирүүнү тапшырды.
25 жылдан бери биринчи жолу Бишкектин ТРОТУАРЛАРЫ оңдоодон өтөт. Бул үчүн шаардык бюджеттен 50 миллион сом сарпталып, оңдоо иштери май айына чейин бүтөт.
САНАРИПТИК телерадиокөрсөтүүгө өлкө толугу менен ушул жылдын 15-майына чейин өтүп бүтөт. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.