2-3 ЖАШТАГЫ БАЛДАРГА КАНДАЙ КАМ КӨРҮҮ КЕРЕК?

Балаңыз 2-3 жашка чыкканда жашооңузда жаңы этап башталат. Тагыраак айтканда, суроолор мезгили орун алат. Бул курактагы балдар ар тараптан суроолорду жаадырат. Суроолорго жөндүү жооп беришиңиз керек. Эгер жоопторуңуз маанисиз боло турган болсо, анда ал сиздин орчундуу катаңызга айланат. Андыктан өзүңүздү психологиялык жактан даярдап, чыдамкай болууга аракеттениңиз. Дагы кандай кеңештер сунушталат, ЮНИСЕФтин колдонмосуна көз жүгүртөлү.

2 ЖАШТАГЫ БАЛА

ФИЗИОЛОГИЯСЫ

  • 2 жаштагы баланын кыймылы бир аз басаңдайт.
  • Денесин тең салмакта кармайт. Чуркайт, 10-15 сантиметр бийиктиктен секире алышы мүмкүн. Балаңыз жаракат албашы үчүн дайыма көзөмөлгө алыңыз.
  • Топту эки колдоп ыргытып, кээде тосо да алат.
  • Буюмдарды жана оюнчуктарды бөлүктөргө чачат жана чогултат.
  • Калем, калем сап кармап, чийгенге, түрдүү формаларды тартканга кызыгат. Демек, бул курагында баланы чыгармачылыкка үндөө керек. Балага пластилин, карандаш, фломастер, акварель алып бериңиз.
  • Эки колу менен аракеттенет. Мисалы, тамак жеп жатканда бир колу менен кашыкты кармайт, башкасы менен нанды.
  • Өзүнүн гардеробундагы кээ бир кийимдерин кие алат.

ПСИХОЛОГИЯСЫ

Эки жашында бала «кайда? кайдан? эмнеге?» сыяктуу суроолорду берип, ойлоосу өрчүйт, интеллекти артат.

250-300дөн ашык сөз билип, адамдар менен маектешкиси келет. Өзүнүн оюнчуктары менен да баарлашат. Бул учурда бала менен сүйлөшүү сиздин негизги жумушуңузга айланышы керек. Маектешүү гана аны көп нерсеге үйрөтөт.

Үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана үй жаныбарларынын кыймылдарын туурашат.

Жаңы нерселерди билүүгө, жасоого кызыгат. Мен жасайм деген сезими күчтүү болуп, сиз жасап жаткан нерселерге сөзсүз аралашат. Мисалы, камыр жуурусаңыз, кир жуусаңыз жаныңызга барып "мен да жасайм" деп чыр салат. Мындай учурда уруксат берип, көзөмөлүңүзгө алыңыз.

3 ЖАШТАГЫ БАЛА

ФИЗИОЛОГИЯСЫ

  • Дене түзүлүшү өзгөрүлүп, ийилчээк, кыймылдуу болуп, мурда жасай албаган нерселерди жасап калат.
  • 3 дөңгөлөктүү велосипед тебе алат. Топ менен ойнойт, футбол жана башка оюндарды ойной алат.
  • Өз алдынча кийинет, топчулана да алат. Жүз аарчы, тарак эмне үчүн керек экендигин билет.
  • Колун чоңдордун кароосу астында самын менен жууйт, чайкайт жана аарчыйт. Андыктан бул курактан баштап өздүк гигиена боюнча кеңештерди бере баштаңыз.
  • Баланын эске тутуусу, кабыл алуусу абдан тез жана күчтүү. Андыктан балага санаганды, тамгаларды үйрөтө баштаса болот. Бир нерселерди салып жатканда "бир, эки, үч..." деп санасаңыз, ал сизди кайталап санаганды үйрөнөт.
  • 5-6 сөздөн куралган сүйлөмдөрдү айта алат. Кыска ырларды жаттатсаңыз эсине сактап, өз тилинде айта алат.

ПСИХОЛОГИЯСЫ

Башка балдарга кызыгуусу артат. Андыктан алар менен ойноого уруксат бериңиз. Бул куракта бала бакчага берүү мыкты чечим. Бирок берерден мурун балаңыз башкалар менен тил табышып кете алабы, чоочун жер баланы чочуркатпайбы, ушул суроолорго жооп алгандай анализ жасаңыз. Балаңыз өзү теңдүүлөр менен баарлашып, кичинекей жамаатка көнө баштаса, анда бул кубанычтуу көрүнүш. Айрым балдар апасынан алыстаганда стресске кабылышы мүмкүн. Биринчи психологиялык стресс балага өмүр бою таасирин бериши ыктымал. Андыктан бала бакчага баланы акырындык менен көндүрүү керек.

ОЮНЧУК ТАНДАЙБЫЗ

Баланы ар тараптуу өнүктүрүүчү оюнчуктар болот. Алар баланын аң-сезимин, кыймылын, ойлонуусун өстүрөт. Баланын 1 жаштан 3 жашка чейинки куракта кабылдоосу тез болот, андыктан пайдалуу, керектүү оюнчук үчүн каражат аябаңыз.

Пирамидалар. Баланы сабырдуулукка, бир нерсеге маани берүүгө үйрөтөт. Пирамидалардын өңү түстүү болгону үчүн бала өңдөрдү айырмалаганды үйрөнөт.

Топ. Баланын кыймылын тездетүүгө, ийилчээк, шамдагай болууга үйрөтөт.

Куурчак. Баланын сезимин ойготуучу оюнчук. Бала куурчак менен ойноп жатканда аны бооруна кысып, эркелетип, сиз кылган мамилени куурчагына жасайт. Куурчактын жардамы менен ички сезимдерин билдирүүгө, жакшы көрүүгө, жаман көрүүгө үйрөнөт.

Коляска, бешик. Куурчагын салып, аны терметип, кыздар кадимки апанын ролун мыкты ойноп, кам көрүү тууралуу алгачкы аракетин билдиришет.

Машина. Бала образдуу ойноп машинаныкындай үндөрдү чыгарып, эмоциясын билдирет.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
nazi25
2017-01-18 09:32:24
Кудум эле ушул жазылгандай өсүп атат менин уулум.Өзү кийимин кие алат,конструктор оюнчуктан бирдекелерди жасайт.Өзү тамак жеп,чай ичет.Бирок тили кечигип атат.Апа дегенди гана жакшы айтат.Балам эки жарым жашта.
+5
Asman...
2017-01-18 10:04:47
Менин уулум да 2.5жашта ушундай калыпта чоноюп жатат Аллага шугур. Апа бул эмне, апа бул ким деген суроосу тугонбойт. Тили да так р деп суйлойт. Аллахым балапандарыбыздын омуру,ден соолугу, акыл эси, ыйманы менен берген болсун.
+2
Ayka93
2017-01-18 22:29:14
Менин балам 1 жаш 10 айлык болду жакшы суйлой элек же эми суйлойбу.
-1
dinar-87
2017-01-18 23:16:49
Менин балам 3жашында суйлогон ар кайсы бала ар кандай жашта суйлойт.
+2
madina.87
2017-01-19 09:59:42
Менин балам 2 жашта.
Тили эрте чыкты окшойт.
"Апа тамак жеп буттум".сени атама айтам,атам чени олтуйот,куйсагым ачты,гайочокко чием(горшок)мага момо апкечи(мандарин банан чупачупс ж.б баарын момо дейт)деп айтып калды.
Ии теманы окуп ,баламын кылыктарын жазгым келип кетти.
+2
Kroxa
2017-01-19 12:03:10
Тили кеч бирок баарын тушунот жана тушундурот..2,жарымда биздикиделе,,керектуу создорду гана айтат,татту тили былдырап бирдемелерди божурайт.. таякеси 4 жашында суйлгон экен,,
0
radyakiz
2017-01-19 18:04:19
Менин балам 3 жашта,уйдо баарыбыз кыргызча суйлойбуз баламдын тили орусча чыкты садике деле барбайт эртеден кечке мультик коруп озу уйронуп атат. Ал бизге орусча айтат биз кыргызча жооп беребиз,туугандарга барып калганда угуп алып куло беришет,сенин тилин кайдан орусча чыгып журот деп.
+1
meni_kut
2017-01-19 20:51:47
менин уулум 3,5 жаш тили так эмес
+2
-Sumitra-
2017-01-20 11:50:42
Менин кызым 2,5жаш бар жокту билет,суйлойт.Суроону коп берет?Бирок "Р"тамгасын л деп айтат.
-1
mira28
2017-01-21 05:13:56
Менин кызым 2 жаш 4 ай бардык созду айтат кара жоргону ырдап бийлейт жаны жылга агасына кошулуп 3 4 ырды жаттап жетишти.Туура багытта чоноюп жатканын билип алдым.Жакшы кенеш экен.
0
Aisuluu7
2017-01-21 09:16:54
Супер-Инфо, ушул кенешинерге тиштерине кандай кам коруу керек ошону да кошуп жазып кеткилечи сураныч.
+1
№ 741, 13-январь-19-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан