ДОБР ТУУЛГАН КҮНҮНДӨ УУЛУНА ЖЕНТЕК ТОЙ БЕРДИ

11-январь күнү рэп ырчысы Добр 29 жашка толду. Добр үчүн бул күн өмүр бою эсинде калган, кийин сүрөттөрдү карап неберелерине баяндап айтып бере турган сонун күн болду. Анткени ал туулган күнүн өткөрүү менен биргеликте тун уулу Азиретке Бишкектеги ресторандардын биринде жентек той берди. Бул жакшылыгына кошул-ташыл болуп темир тулпар да алыптыр. Тойго Добр менен келинчеги Жибектин жакшы санаалаштары, достору, кыскасы, жалаң жаштар келишти. Ал эми куда-сөөк, туугандарды рэпердин ата-энеси жыл жаңырар алдында чакырып, бата алышкан экен.

Той кыргыздын каада-салты менен башталды. Умай эне "Бешик ырын" ырдап той ээлерин залга алып кирип, бата берди.


Кызыктуу оюндарсыз той көркүнө чыкпайт эмеспи. Тамада Манас Алыкулов конок айымдарды чыгарып, "залдын башына чейин сексуалдуу басып барып Добрду өөп, кайра ошондой басык менен келесиңер" деген тапшырма берди. Назира Жетигенова, Кайрат Примбердиевдин, Ильяз Андаштын жубайлары оюнга катышышты.


Келген коноктордун бир канча бөлүгүн Добрдун сахналаш достору түздү.


Өктөм Сапар уулу жубайы менен келди.


Тамадага оюнга чыккан бийкеч жагып калдыбы, айтор, ага өзгөчө көңүл буруунун аракетин да кыла кетти.


Артисттер конок болуп отурганда ырчылар ырдагандан сүрдөшөт өңдүү. Ильяз Андаш "башка тойлордо жөн эле ырдап кетчүмүн, азыр сүрдөп жатам" деп өттү.


Тойго келгендер жетелешип да, тегерек туруп алып да, тизилип да, окшош да бийлешти. Кыскасы, баарынын маанайы жарык, шайыр жүрүштү. Сынагандай четте карап тургандарды көрө алган жокпуз.


Сүйүн Кулматова
Алишер Алиев
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Добр уулуна жентек той берди
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
radyakiz
2017-01-18 09:31:30
Жентек той деп айтылабы же жээнтек той деп айтылабы? Бир эже айтты эле мага тайке тарап жээнине той откоруп берсе жээнтек той деп айтылат озунор откорсонор бешик той деп айтылат деген болчу,ошол жээн деген создон жээнтек той деп айтылат болуш керек
-1
bantik
2017-01-18 13:33:20
Эл ичинде жентек той деп айтылып, жайылып кеткен.
+2
Gulzat86
2017-01-18 16:41:28
Октомдун аялы мынчааа
+1
aizirek...
2017-01-19 00:21:46
видео кыстарып койсонуздар соонун болмок
-1
madina.87
2017-01-19 10:39:06
Калпак такыр жарашбаптыр.
Уулун акыл эстуу омурлуу болсун!
+1
meni_kut
2017-01-20 11:51:10
Жылдызай турмушка чыктыбы??
0
Sarana
2017-01-20 21:14:40
Oktom Sapar uulunun ayaly choooon okwoyt ozunon dep oylop iydim!!!
-1
IRA
2017-01-21 18:30:58
Sarana,жанылышасын просто не удачный фото.
+1
№ 741, 13-январь-19-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан