"Кечиккен сүйүү", "Кечирип кой" деген ырлары менен белгилүү болгон Кенже Көбөкова аттуу ырчы айым бар. Жакында эле филармониянын 80 жылдык мааракесинде Мыскал Өмүрканованын ролун жаратты. Эстрада менен фольклорду айкалыштыра ырдаган ырчынын тагдыры кызыктуу экен.
Туулган жылы, күнү – 1985-жыл, 22-апрель
Туулган жери – Нарын районунун Эмгекчил айылы
Билими – Жогорку
Кесиби – Фольклор ырчысы
Учурда – Улуттук филармонияда "Эл шайырлар" тобунун ырчысы, бир уулдун апасы
"ИШ БАШТАЛГАНДА КОМУЗДУ КУЧАКТАЙ КАЛЧУМУН"
– Атым айтып тургандай эле 13 бир туугандын кенжесимин. Кичинемде комуз черткенге кызыгып, Кундуз деген жеңемден үйрөнүп алгам. Ошондон кийин үйдүн "эл артистине" айландым. Ата-энем "ушул кызыбыздан чоң ырчы чыгат" дешсе столдун үстүнө чыга калып ырдап кирчүмүн. 6-классымда таякелерим келин алып, ошол жакта тойдо ырдасам акча кыстарып кызыгуумду арттырып коюшту.
Атам Султек элдик дарыгер, чөп менен дарылап көп адамдарды айыктырып келет. Жаш кезинде бийлеп, жакшы ырдачу экен. Апам Сайракан куудул аял. Кичинемде өтө эрке болчумун, ичем дегенимди ичип, кием дегенимди кийип чоңойдум. "Эжелеримдин эскисин кийбейм" деп чыр салсам, апамдар жерди чукуп болсо да тыйын таап жаңы кийим сатып беришчү.
Үйдө иш башталганда эле комузду кучактап ырдап калчумун. Эжелерим "башталды мунуку" деп тултуңдап калса, апам "менин кызым ырдайт" деп аларды урушуп калар эле. Эсимде, сулуулар сынагына катышып эжелерим формаларымды, жеңем тамак-аш көтөрүп мени коштоп баргандары. Ошондо апам өтүнөн операция болот деп жаткан, барбай эле кой десем болбой "орун албай калса Кенжемдин шагы сынып калат" деп ооруп жатканына карабай өзү жетелеп барган.
"АЛА КАЧЫП КЕТИП, КЫЯЛДАРЫМ ТАЛКАЛАНДЫ"
– 11-классты бүтөрүм менен "бул кыз бизге керек" деп Нарын театрына алып кетишти. 18 жашымда дасыккан артисттердин колуна түштүм. 2 күндөн кийин Таласка 1 айга гастролго жиберишти. Жаш болсом да ырымчыл экенмин, тушоом Манас атамдын жеринен кесилип жатат, чыгармачылыгым Чыңгыз агабыздын айылынан башталды, буюрса, эл сүйгөн ырчы болом деп тилек кылгам.
Ошентип театрда иштеп жүргөн күндөрүмдүн биринде коңшу айылга ала качып кетип, пландарым, кыялдарым талкаланды. Жогорку окуу жайга окуйм десем, окутабыз деп убада беришкен. Тилекке каршы, убада аткарылган жок, 2 ай гана жашап мамилебиз келишпей кетип калдым. Ата-энемдикине келип, уулумду төрөп 3 ай үйдө отуруп калдым. Ошондо "буулугуп, сыздап, булуттар арасынан сени издедим" деген саптары бар "Кечиккен сүйүү" деген ырымды жазып, обонун чыгарып, комуз менен сыздап ырдай берчүмүн.
"КАРА КАЗАНДЫ КУЧАКТАП ОТУРУП КАЛГЫМ КЕЛБЕДИ"
– Баламды 3 айында апама таштап, шаарга окуганы келе бердим. Шаардыктар баласын сейил бакта арабага салып жүргөнүн көрүп, баламды сагынып эмчегиме сүт толуп, сыздап ооруйт эле. Ошентип жүрүп мастит болдум, жүдөдүм, кыйналдым. Сагынганда айылга телеграмма жиберип сүйлөшчүмүн, апам "алло" дегенде "бала жакшыбы?" десем, "баладан мурда мени сурасаң боло, аа кокуй, эне деген ушундай да" деп калчу. Мен ызам менен эле бардык кыйынчылыкка чыдадым окшойт. Анткени мектепте активист кыз болчумун да, кара казанды кучактап отуруп калгым келген эмес. Азыр ойлосом күчтүү, чыйрак болгон экенмин.
Студент кезде орозо убагы болчу, курсагыбыз ачып жарамазан айтып жөнөдүк. Үйлөрдү кыдырып жүрүп туптуура муфтий Мураталы Жумановдун батирине ооз ачтырып жатканда кирип барыптырбыз да. Ал киши ырдатып, курсагыбызды тойгузуп, тыйынын берип узаткан. Далай жолу ачка калып кыйналсам да Б.Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин салттык музыка бөлүмүн кызыл диплом менен аяктадым. Окуу жайдын каржылоосу менен Австралия, Түркияга ырдаганы барып келгем. Устаттарым Роза Аманова, Замирбек Үсөнбаев, Улукмырза Полотов агайлардан сабак алганыма сүйүнөм.
"БАЛАМДЫ ЖЕТЕЛЕП КАЙДА БАРАРЫМДЫ БИЛБЕЙ КАЛГАМ"
– 6 жашка толгондо баламды колума алдым. Окууну бүтүп, вокалдан сабак берип иштеп жүрдүм. Батирге төлөгөнгө акчам жок болгондуктан жатаканада жашачумун. Бир күнү "жатаканада студенттер жашайт" деп чыгарып салышты. Оокаттарымды көтөрүп, баламды жетелеп кайда барарымды билбей турсам балам "мама, айылга эле кетеличи" деп мени аяп тегеренип жүрөт. Ошондо Ошко бир белгилүү инсандын тоюна чакырып калып, оокаттарымды таанышыма таштап тойго кетип калдым. Ал жакта өнөр адамдарын өтө баалап, аябай акча кыстарышат турбайбы. Ошентип 4 миң доллар таап келип батирге чыктым, ырларды жаздырып чыгармачылыгымды уланттым. Кыйынчылыктын баары артта калып, учурда жашаганга үйүм, айдаганга унаам бар. Балам болсо №5-гимназияда 6-класста окуйт.
"ДҮЙНӨДӨ КЫРГЫЗ КЫЗДАРЫНАН ӨТКӨН БЫШЫК КЫЗ ЖОК"
– 14 жыл болду, ошол кеткен боюнча баламдын атасына кезиге элекпиз. Ал эми турмуш куруу боюнча айтсам, азыр чыгармачылык менен эле алекмин. Аны убагы келгенде көрө жатарбыз. Эң негизгиси чыгармачылыгымды колдогон, мени түшүнгөн адамым бар. Кыйынчылык учурда чайханада ырдап баламды баккан күндөрүм болгон. Эми Кудайдын куттуу күнү тойго чакыруу болуп, каражат жагынан да шүгүр.
Учурда "кыргыздын кыздары түрккө тийди", "кытайга кетти" деп кыздарды жамандап эле жатышат. Негизи кыргыздын кыздарынан өткөн бышык кыз жок дүйнөдө. Түйшүктүн баарын кыргыздын кыздары көтөрөт. Колунан баары келет, ийкемдүү болушат. Ошон үчүн кыргыздын кыздарын жаман жагынан эле карай бергендерге сабак болсун деп Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын апасы акын Майрам Курбаналиеванын "Мен кыргыздын кызымын" деген ырын ырдадым.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg