Жакында социалдык тармактагы келиндердин арыз-муңу жазылчу баракчадан бир келиндин окуясын окуп калдым. Ал жакка өзүмдүн окуямды жазайын деп кирген элем, бирок мен тууралуу эбак жазылып бүткөнүн көрдүм. Тагыраак айтсам, Алмагүл аттуу айым "жолдошумдун мурунку аялы тынчтык бербей жатат. Бир жолу досубуздун туулган күнүнө барсак ошол жакка жетип барыптыр. Түндө чалат, СМС жазат. Эмне кыларымды билбей жатам" деп ичиндеги бугу менен бөлүшүп, кеңеш сураптыр. Алардын үй-бүлөлүк бактысына балта чапканга аракет кылып жаткан жылан мен болом. Алмагүл арманын интернетке жазып, жанындагы жолдошунун ийинине башын коюп жеңилдеп алат экен. А менчи? Кайсы жарга барып урунарымды билбей жүргөнүмдү ким түшүнөт? 4 жыл мурун турмушка чыгып жатканымда турмушум ушундай нукка бурулуп, мен башкалардын көзүнө жыландай болуп көрүнүп каларым түшүмө да кирген эмес.
Бактылуу болчубуз, эркелешип ээрчишип эле жүрдүк. Бакыт аябай камкор, мээримдүү күйөө болуп чыкты. Азыр анын мага төккөн мээримин, камкордугун жаңы алган жубайына көрсөтүп жатканын элестетсем өзүмдү-өзүм өлтүргүм келет. Колумдан эч нерсе келбеген алсыз пенде экенимди түшүнгөнүмдө таңым атпай калса экен деп тиленем. А бирок боору таш күн чыга берет, таңым атып жашоом уланып келет.
Бардык балээ жолдошум бизнес ачам деп насыяга акча алгандан башталды. "Базарга чыгабыз" деп туруп алды. Акыры чоң суммадагы акча менен "Дордой" базарынын бир бурчунан контейнер алып иштете баштадык, соодабыз жүрүшпөйт, биз турган жай базардын четинде болгондуктан адам деле басып келчү эмес. Акыры банкрот болдук, насыябызды болсо төлөп бүтө элекпиз. Анан элди ээрчип Орусияга сапар тарттык. Ал жактан мен бир дарыкананын полун жууп, жолдошум дүкөндүн күзөт кызматында иштеп жүрдү. Ишибиз акырындап бир нукка түшүп бара жаткан. Бир күнү кайнатам чалып:
– Уулум, тез келип кал, апаң катуу ооруп жатат,- деди.
– Айдайчы?
– Ал убара болбосун, иштей берсин.
Узатып жатып аэропортто экөөбүз кучакташып көпкө турдук, араң коштоштук. Жолдошум апасынын оорусуна байланыштуу 6 ай үйүндө жүрүп калды, мен акча салып жаттым. Экөөбүз күн алыс телефон аркылуу кабарлашып турчубуз. Кызык, аял кишинин жүрөгү сезгич болот дешет го, менин жүрөгүм эч нерсени сезген да жок. Жарым жыл дегенде Кыргызстанды, жолдошумду сагынып чыдабай калдым. Ойлонбой туруп мекениме кайтып келе бердим. Үйгө келсем кайненем сопсоо жүрөт. Мени кубанып тосуп алды, дасторконун жайып, ал-акыбалымды сурап ушунчалык жүрөгүмдү жылытты. Жолдошум болсо достору менен бир жакка кеткенин айтты.
– Үйүңдү дагы сагынсаң керек, каралдым. Төркүнүңө барып каалаганча эс алып кел, Бакыт артыңдан барат,- деп ой-боюма койбой апамдыкына жиберди. Төркүнүмдө 2 жума болдум, Бакыт келген да, чалган да жок. Оюма эмнелер гана келбеди. Бирок анда деле күйөөм мени алдап жүрүшү мүмкүн экенин ойлобоптурмун. Өзүмдү коёрго жер таппай баштаганымда апам "кызым, үйүңө бар, жолдошуңдун колу бошобой жатса керек" деп узатты. Бирок мени кайын журтум күтпөгөн окшойт. Дарбаза жабык, 1 сааттай эшикте күтүп турдум. Бир маалда терезеден Бакытты көргөндөй болдум, "Бакыт" десем жашына калды. Болду, ошол бойдон аны менен сүйлөшкөн да жокмун, досторубуздан гана үйлөнүп алганын уктум. Чалсам албайт, жазсам жооп бербейт. Айла жок баягы досубуздун туулган күнүнө барып анын уятсыз көздөрүн, жаңы алган жарын көргүм келди. Көрөрүн көрүп алып өзүмө келе албай шалдырап канча күн жаттым. Учурунда "Бакыт жакшы бала экен, элдин баары айтып жатат. Ата-энеси билимдүү, интеллигенттүү үй-бүлөдөн. Ушундай жигитке турмушка чыкпаганда кандайын издемек элең?" деген туугандарымдын бири да жок.
Көөдөнүмдө толуп жаткан суроолорума жооп таппай айлам кетип барат, түшүнгүм келет. Кайсы мүнөттө бул алдамчылык башталды эле? Кайсы күнөөм үчүн ушундай жазага татыдым экен? Жиним келгенде "мен жиберген акчаларды кайтарып бер" деп айткым келет. Жарым жылдай күндөшүм менен жолдошумду пол жууп тапкан акча менен багып келгенимди ойлогондо ичим туз куйгандай ачышат. Бирок Бакыттын мага жасаган мамилесин эстегенде кайра аны сагынып, кучактап жыттап-жыттап алгым келет. Ишенесиңерби, жолдошумдун канчалык боору таш болбосун ал үчүн күрөшүүгө даярмын. Экөөбүз чогуу ашып кетсе 2 жарым жыл жашадык, сүйүүм ысык бойдон, өчүрүүгө алым жетпей жатат. Күндөшүмдө күнөө жок чыгар, аны да мендей кылып алдашты окшойт. Билбей калдым. "Бакыт, жок дегенде суроолорума жооп берчи" деп жалбаргандан башка аргам жок. Анан эмне кылам, чалам, СМС жазам, үмүтүмдү үзө албайм.
Айдай