Азамат Болгонбаев, төкмө акын: "ШЕЙИТ КЕТКЕНДЕРДИ ЖОКТОО – МЕНИН ЖАРАНДЫК МИЛДЕТИМ"

16-январдагы авиакырсыктан улам каза тапкандарды төкмө акын Азамат Болгонбаев жоктоп, ар бирибиздин көөдөнүбүздө жаткан күйүттү жоктоо аркылуу көпчүлүккө жеткизди окшойт. Маегибиз анда ушул жана акындын чыгармачылыгы тууралуу болсун.

АКЫН ЖӨНҮНДӨ КЫСКАЧА:

Толук аты-жөнү – Болгонбаев Азамат Таалайбекович
Туулган жылы, күнү – 1983-жыл, 29-октябрь
Туулган жери – Чүй облусу, Аламүдүн району, Арашан айылы
Билими – Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун оркестр жана дирижёрлук факультетин аяктаган.
Үй-бүлөлүк абалы – үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы

– Саламатсызбы? Мындай каргашалуу окуядан соң жолугуп отурганыбыз өкүнүчтүү. Сизге кырсык тууралуу кабар кайдан жетти?

– Пендебиз да, эл катары күнүмдүк турмуштун түйшүгү менен алек болуп жүргөм. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын биринен кулагым чалды. Аябай жаман акыбалда болдум, жан дүйнөмдү кайгы басып туруп алды. Ойлосом, кыргыздын улуу инсандары дүйнө салганда аларды сөзсүз жоктошчу, мен да шейит кеткен мекендештеримди жоктоо – менин милдетим деп чечтим. Үйгө жетерим менен жоктоонун сөзүн жазууга кириштим, түнү бою ошол менен алек болдум, 17-январь күнү эртең мененки саат 8де комуз менен аткарып үн жаздырдым. Анан көпчүлүккө тарады.

– Чыгармачылыгыңыз тууралуу кепти уласак. Сиз үчүн 2016-жыл ийгиликтүү жылдардан болду окшойт, кирип келген жылга кандай пландарыңыз бар?
– Ар бир өнөр адамынын элди чогултуп кече өткөрсөм деген ниети болот. Менин да үстүбүздөгү жылы жакшы концерт берсем деген тилегим бар. Бирок аллергия деген балээнин айынан жай, күз мезгилдеринде такыр ден соолугум буга мүмкүнчүлүк бербейт. Буюрса, жылдын акыркы айларында өзүмө келип алгандан кийин күйөрмандарымдын башын бириктирип, жакшы кече тартууласам деп жүрөм.

– Эски ырларды комузга салып ырдап калганыңызга күбөбүз...
– Ооба, өкүл атам Элмирбек Иманалиев аткарган чыгармаларды достордун курчоосунда отуруп ырдап коём. Төкмөлүк, ырчылык мунун баары чыгармачылык да. Ошондуктан концерт өткөрсөм, буюрса, күйөрмандарыма ар тараптуу таланттарымды тартуулайм деп жатам. Бирок биротоло ырчы болуп "Секетбайларды" ырдап кетүүдөн алысмын.

– Төкмө акындарды айрымдар тойлордо ырдап "жамакчы" болуп кетишти деп сындашат. Ага карабай бул киреше табуунун эң ыңгайлуу жолу болуп жатпайбы. Дегеним, тойлордо ырдап, айтылган сындарга шагыңыз сынбайбы?
– 2001-жылы "Айтыш коому" фонду жаңыдан түзүлүп, жалпы республикага төкмө акындар арасында айтыш өтөт десе 50 акын чогулуп алардын айтышын көргөнү 20 адам келчү. Ошондо "тиги акындар келип тойдо кызмат кылып тамактанып кетишсин" дегендер бар эле. Садык Шер-Нияз "буюрса, Улуттук филармонияда айтыш өткөрөбүз, баш байгеге унаа коёбуз" десе, "могу акылынан тайып калганбы, куру кыял киши экен" деп, артынан шыбырашкан адамдарды көргөм. Андан бери төкмө акындарга болгон сый пайда болду, Садык мырзанын айткандары аткарылды. Чындыгында жулкунуп тойлорго барып "жамакчынын" кейпин кийип калгандар деле бар. Бир кумалак бир карын майды чиритет болуп, сөз бирок баарыбызга тийип жатат. Илгери деле Токтогулдай төкмөлөр той-аштарда өнөрүн тартуулаган да. Болгону азыр тойлор ресторандарда өтүп калды, саат 6да тиги тойканага, 8де башка жакка дегендей. Мурун айда-жылда 1 бай той берип ага толгон-токой эл чогулчу да. Кандай болбосун бул турмуштун ачуу чындыгы, тойлорго барам. Анын жаман жагын көрбөй элемин.
Колдон келсе, мамлекет акындарды ак илбирстин тукумундай сакташ керек болчу. Камкордук кылып, аларга мыкты көңүл бурулганда акырында өзү эле билинип калмак, кимиси илбирс да, кимиси мышык экени.

– Жубайыңыз дагы чыгармачыл адам экенин билебиз...
– Ооба, эгер ал азыркыга чейин ырдап жүргөндө комуз менен ырдаган кыздардын алдыңкы сабында турмак. Бирок ал үй-бүлөнү биринчи орунга коюп, ырчылыктан четтеп балдар менен үйдө отурат. Балдарымдын улуусу апрель айында 7 жашка толот. Уулумдан анча-мынча чыгармачылыкка болгон кызыгууну байкап калам. Кыздарымдын улуусу Керемет 4 жашта, кичүүсү Мелмил 1 жарым жашта. Азыркы учурда апам менен чогуу турабыз.

– Маегиңиз үчүн рахмат.
– Рахмат, элибизде тынчтык болсун.

"Жубайым Жайнагүл аябай таланттуу ырчы. Бирок ал сахнаны эмес, үй-бүлөнү тандады".


"Өкүл атам Элмирбек Иманалиев аткарган чыгармаларды отуруштарда ырдап калам".


Сөзү: Азамат Болгонбаевдики

ЖОКТОО

Түйшүккө чулгап ак таңды,
Түнөртүп түпсүз асманды.
Кыйноого салып муң-зары,
Кыргызга өчкүс так салды.
Тумандуу таңдын кырсыгы,
Тынч жаткан элге аттанды.
Мээлеген экен шум ажал,
Мемиреп уктап жатканды.
Аяздуу таңдын ажалы,
Аяган жоксуң жаш жанды.
Назарга албай койбопсуң,
Наристе күтүп жатканды.
Окууга кеткен бөбөктүн,
Оюнда ойрон так калды.
Алла, өзүң колдой көр,
Арманга чексиз батканды.

Күйгүзүп тоодой темирди,
Күйүткө салып элимди.
Канаты сынган учагың,
Кайгыга салып элимди.
Үрөйүн элдин учуруп,
Үйлөрдү көздөй теминди.
Жүк эмес келе жатканбы,
Жүктөнүп алып өлүмдү.
Ажалдуу учак жолунан,
Айнектей балдар көрүндү.
Томугу кошо зыркырап,
Тогуз ай бойго көтөргөн,
Тоготпой нурлуу келинди.
Агалар кетти мезгилсиз,
Азапка ороп зээнимди.
Арманда турам мен дагы,
Айталбай эмне дээримди.

Бүчүрлүү бутак кыйылып,
Бүлөлөр бүтүн кырылып.
Жел менен келген кырсыктан,
Түндүктөн жаркып нур чыккан,
Жер менен калды жуурулуп
Күлкүсүн уксак бөбөктүн.
Эми
Күйүтү калды угулуп.
Жүдөттүң, учак, кырсыктуу,
Жүрөктүн кабын сыйырып.
Тирек бол, Алла, кыргызга,
Тилейли дуба жыйылып.

Ак кардын бети кан болуп,
Асмандын бети чаң болуп.
Ак калпак Кыргыз эл ыйлап,
Ала-Тоо кошо зар болуп.
Манастын эли кайгырды,
Майышпас ажал бар болуп.
Кыргыздын жүзү кан болуп,
Жылдыздын жүзү чаң болуп.
Чыңгыздын эли кайгырды,
Чын ажал өзү бар болуп.
Сулайман тоонун тагы ыйлап,
Чатыр-Көл менен Сары-Челек,
Ысык-Көл, Соң-Көл баары ыйлап.

Айкөлдүн кароол чокусу,
Айталбай муңун ал ыйлап.
Кыл кыяк муңдуу муңканып,
Комуздун күүсү дагы ыйлап.
Тоолор да ыйлап ак карлуу,
Токойдо тоңгон тал ыйлап.
Жетим калган бала ыйлап,
Жесир калган жар ыйлап
Тууганын жоктоп табалбай,
Турабыз Кыргыз зар ыйлап.

Жетиген жети жылдыздай,
Жети дубан Кыргыздай.
Бишкек-Ош калааң кайгырып,
Биригип бир муштумдай.
Ыйды жеңе албайбыз,
Ынтымакты кут кылбай.
Көпчүлүк куран окуйлу,
Көкүрөктү муз кылбай.
Жараткан берсин бейишин,
Жаткан жерин сыз кылбай.

Кайгысын элдин бөлүшүп,
Башчылар кайрат айтууда.
Азапка салган бул күндү,
Дем жетпей турат айтууга.
Кайрат кылам десем да,
Кайра эле кайгы тартууда.
Көз жашы Кыргыз элинин,
Көөдөнгө муңун артууда.
Береги наристелерди,
Берен ажал бир келген,
Бересиң кимге тартууга.

Кыргыздар, бекем туралы,
Кыргызга келген кайгыга.
Капталдан карап турбайлы,
Каптаса кырсык айылыңа.
Кыйраган учак кырсыктуу,
Кыргызга бүлүк салды да.
Күйүткө салган бөбөктөр,
Күн нурун көрбөй калды да.
Боздотуп кантип беребиз,
Эми
Бозоргон жердин алдына.

Өлүмгө баш ийгенче,
Адам
Өмүрдүн экен коногу.
Арбаша алган пенде жок,
Ажалдын баркы жогору.
Кейиштен арга жок чыгар,
Бейиштен болсун соболу.
Жаткан жери жай болуп,
Топурагы май болуп.
Түрүлө окуп жаназа
Тирүүлөр себеп бололу.

Нуркыз Курманбек кызы
(Cүрөттөр Азамат Болгонбаевдин
өздүк архивинен алынды)
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
А.Болгонбаев: "Айтыш өнөрүнө аз да болсо салым кошууга аракеттендим"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
kirgizstan
2017-01-25 11:45:00
Азамат.
Ырын тогуз ай бойго которгон
Тоготподун нурлуу келинди
Ыйлагым келди ото жакшы жазылган.
Ылайым жайларын бейиш болсун
+3
anara91
2017-01-27 00:52:26
kirgizstan,
Мага да ушул жери жакты козго жаш келтирип
0
bakyt9
2017-01-25 14:06:07
Аудио вариантын да жүктөп койосузбу админ
0
admin_superstan
2017-01-25 14:43:55
admin_superstan
2017-01-25 14:44:48
Mavlyuda, комментарий жазууда жалаң баш тамга менен жазылган сөздөрдү жазууга болбойт, баш тамгалар эрежеге ылайык гана колдонулушу керек.
0
alykul
2017-01-25 23:24:22
Тоготподуң келиндииии.....ыйлап алдым.
0
alykul
2017-01-25 23:26:12
Эх.назарга албай койбопсуң наристе күтүп жатканды...ыйлап алдым
+1
DNurgiza
2017-01-26 07:24:26
Муну Эмирбек Иманалиев ырдап кошок кошуп атты эле го, анан Азамат сөзү меники дегениби ошондо???
Эмирбек аябай жакшы кошокчу да негизи
0
Gulzat86
2017-01-26 09:40:28
Кайгылуу келип учагын
Кайгыга элди тушадын
Карап бир койбой жаш жанды
Эх ажал ачты кучагын

Айгайлуу тушуп учагын
Арманга элди тушадын
Алып бир тынды шум ажал
Аска зоо Кыргыз бутагын
+2
anara91
2017-01-27 00:51:32
Аябай тасирдуу жазылыптыр
0
portugalia
2017-01-28 08:59:23
Угуп алып ыйладым.Талантынызга таазим!
0
sgushenka
2017-01-30 09:03:44
Ошол аза кутуу куну Кыргызстан обондору радиосунан тынбай берип жатты, бир кун кечке ыйладым. Жараткан Бейишинерди берсин!!!
+1
№ 742, 20-январь-26-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан