Бишкекте ар жума күнү таң эрте жумушка, окууга, өз иштерине шашып бараткан адамдардын колунан "Супер-Инфону" көрүү кадимки көрүнүшкө айланган. Гезиттин жаңы саны борбордон оңою менен чиновниктер жетпеген айыл-кыштактарга дагы жума, ишемби күндөрү жетип, үйлөргө, окурмандарыбызга тарайт. Мына ошондой өлкөнүн маалымат айдыңында лидерликти бербей келе жаткан "Супер-Инфо" гезити быйыл 15 жашта.
ГЕЗИТТИН БАСЫП ӨТКӨН ЖОЛУ:
2002-жылы 31-майда "Супер-Инфо" гезитинин алгачкы саны терезеси жок, араң 2 киши сыяр редакцияда "төрөлгөн". 2-3 жылдын тегерегинде гезит өлкөбүздөгү көрүнүктүү басылмалардын катарына кирген.
2005-жылы «Супер-Инфо» гезити өлкөдөгү шоу-бизнес, маданият чөйрөсүнүн жылдыздарынын башын бириктирип, жылдын мыктыларын тандап, концерт өткөргөн. Жылдын суперлерин тандоо жыл өткөн сайын жаңыланып, толукталып жүрүп отуруп шоу-бизнес жана маданият, кино, теле-радио, спорт, саясат тармактарын кучагына алган жыл жыйынтыгын чыгаруучу абройлуу сыйлыкка айланды.
2006-жылы гезиттин расмий сайты www.super.kg ишке кирген. Учурда SUPER.KG порталы өлкөбүздөгү сайттардын алдыңкы үчилтигинде. Күн сайын кароолордун саны 1 500 000дон ашат.
2007-жылы гезит "Супер сулуу" сынагын негиздеп, өткөрө баштаган. Сынактын башка көптөгөн сынактардан айырмасы – анын стабилдүүлүгүндө, анын адилеттүүлүгүндө, убадалар сөзсүз аткарылып келе жатканында. Баш байгени багынтып, таажы тагынган кыргыздын кымча бел сулуулары кыштын ызгаар суугунда Жер шарынын ар кайсы экзотикалык өлкөлөрүнө саякаттап барып, эли, жери, маданияты менен таанышып, ал өлкөнүн жарандарына да "Кыргыз" деген эл, "Кыргыз" деген жер бар экендигин тааныштырып кайтууда.
2007-жылдан тарта гезит "Улуттук гезит" сыйлыгынын "Жылдын нускасы" наамына татыктуу болуп, "Гезиттик Оскарды" ошончо жылдан бери татыктуу багынтып келе жатат.
2008-жылы "Улуттук гезит" сыйлыгы тарабынан "Супер-Инфо" гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов "Жылдын медиаменеджери" деп табылган.
2008-жылдан баштап гезиттин жарык көргөн күнүнө карата, май айынын аягында "Супер футбол" оюндары старт алган. Алгач жолдоштук беттеш катары башталган "Супер футбол" өлкөнүн абройлуу компанияларын, спортчуларды, саясатчыларды, шоу-бизнести кучагына тартып, футбол сүйүүчүлөрүнүн сүймөнчүк мелдешине айланды.
2009-жылдан тарта гезиттин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов жыл сайын бир кызматкерге автоунаа тартуулоо саамалыгын баштаган.
2011-жылы гезиттин www.super.kg сайтынын колдонуучулары менен биргеликте Бишкектин «Ататүрк» сейил багына «Достук багы» отургузулган.
2014-жыл. "Заманыбыздын супер ырчысы" Каныкей, "Заманыбыздын супер рэп ырчысы" Добр жана "Супер концертте" алып баруучулук тизгинди колунан чыгарышпаган "Заманыбыздын супер алып баруучулары" Нурзат Токтосунова менен Эрмек Нурбаевдин Шри-Ланка аралындагы эс алуусунан көз ирмемдер. "Супер-Инфо" гезити маданият жана шоу чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө "сюрприз" кылып, аларды чет өлкөлөргө эс алууга байма-бай жиберип келет.
2014-жыл. Биздин рекорд – 122 000 нуска!
2016-жылдын соңу. Бишкек шаарында жайгашкан кароосуз калган балдар борборундагы бөбөктөр "Супер-Инфо" уюштурган Жаңы жылдык кайрымдуулук-концертинде маанайлары шат. Биздин гезит коомдун аярлуу катмары болуп эсептелген адамдарга ар дайым кол сунуп, кайрымдуулук иштерин жасап келет жана мындан ары да жасай бермекчи.