ҮЛГҮЛҮҮ БОМБАРДИР РОБЕРТ ЛЕВАНДОВСКИ

– Польшанын эң мыкты футболчусу ким?
– Збигнев Бонек.
Польшада көпчүлүк футбол күйөрмандары бул суроого ушинтип жооп беришет. Өткөн кылымдын 80-жылдары Бонек Польшада биринчилерден болуп Европанын мыкты клубдарында бир топ ийгиликтерге жетишкен. Андан бери канча жыл өтсө да, ал бийиктикке жете турган польшалык футболчу чыкпай келген.

РОБЕРТ ЛЕВАНДОВСКИ

Туулган жылы, күнү –
1988-жыл, 21-август
Туулган жери – Польша, Варшава шаары
Бою – 184 сантиметр
Салмагы – 79 килограмм
Ойногон клубу – "Бавария"
Жетишкендиктери – Германиянын 4 жолку чемпиону, Германия кубогунун 2 жолку ээси. Польшанын 5 жолку мыкты футболчусу

КОМАНДАДА, БИРОК ТАЛААДА ЭМЕС

Бонек "Рома" клубу менен Италия талааларында гол киргизип жүргөндө Кшиштоф Левандовски уулдуу болуп, ага Роберт деген ысым ыйгарат. Келечектеги чабуулчунун атасы дзюдо жана футбол боюнча, апасы Ивона волейбол боюнча машыктыруучу болуп эмгектенишчү. Роберт 7 жашынан тарта Лешно шаарчасынын атасы иштеген "Партизан" командасында футбол менен таанышкан. Кызыгы, Левандовски жөн гана машыгууларга катышып футболго келгенде ойночу эмес. Бою узун, арык келген уулун атасы футбол эмес, башка спорттон өзүн табат деп ишенип физикалык көнүгүүлөрдү гана жасаттырып койчу.

"АНЫН БИР БУТУ КЫСКА..."

Футболду тандаган Роберт Варшаванын "Дельта" командасында 8 жыл ойноп, Польшанын мыкты клубдарынын бири "Легияга" чакырылат. Бирок аны негизги курамга жакын жолотушкан эмес. "Анын бир буту экинчисинен кыска болуп, аксап басчу. Командалаштары аны шылдыңдап, ызалантышчу эле",- дейт машыктыруучу Михал Зинч. Аталган насаатчы чабуулчуну өз карамагына алып, 4-дивизиондогу "Знич" командасында ойнотуп баштайт.
Бир жолу Польшада атактуу "Лех" командасынын машыктыруучусу Францишек Смуда жаш футболчунун оюнун байкамакчы болуп келет. Оюндан соң ал Левандовскиге "сен мага кайра кеткениме акча төлөшүң керек. Сендей дарактар токойдо толтура" деп какшыктаган. Бирок бир жыл өтпөй "Лех" баары бир Робертти өз карамагына алып, чабуулчу бул командада 2 жылдын ичинде 32 гол киргизген.
"Евро-2012" чемпиондугундагы Польшанын ийгиликсиз оюнуна Левандовски машыктыруучусун айыптап чыккан. Жыйынтыгында Францишек Смуда узакка созулбай ишинен айрылган. Бул кезинде айтылган ачуу сөздөргө болгон өч алуу болгонбу же жокпу, жабылуу аяк жабылуу бойдон калган.

9 МҮНӨТТӨ 5 ГОЛ ЖЕ "ГИННЕСТИН РЕКОРДДОР КИТЕБИНЕ" КАТТАЛУУСУ

Алдыга өсүү үчүн 4 миллиондон ашык еврого чабуулчу "Боруссия" Дортмунд командасына өтөт. 3 жылдан ашык аралыкта Роберт Левандовски футбол коомчулугуна өз атын таанытат. Юрген Клопптун командасы менен Германия чемпиондугун 2 жолу, өлкө кубогун, мыкты бомбардирликти багынтат. Мындан тышкары Чемпиондор лигасынын жарым финалында "Реал" Мадридге покер (бир оюнда 4 гол киргизүү) жасап, жылдызы жанат.
Эми мыктылардын катарына кошулуу үчүн анын супер клубга өтүүсү керек эле, Роберт "Баварияны" тандайт. Бомбардирлик сапаты менен өзгөчөлөнгөн футболчу алгачкы оюндан тарта гол киргизүүнү баштаган. Анын 2015-жылы 22-сентябрда "Бавария" – "Вольфсбург" ортосунда өткөргөн беттеши өзгөчө эсте калды. Командасы 0:1 эсебинде утулуп жаткан маалда Левандовски алмашууга чыгып, 9 мүнөттүн ичинде 5 гол киргизет. Мындай футбол тарыхында болгон эмес! Муну менен ал эң аз убакытта хет-трик (бир оюнда үч гол киргизүү), покер (бир оюнда төрт гол киргизүү), пента-трик (бир оюнда беш гол киргизүү) жана алмашууга чыгып 5 гол жараткан футболчу аталып, "Гиннестин рекорддор китебине" катталган.

АР БИР ГОЛ АТАСЫНА АРНАЛАТ...

  • 2013-жылы Левандовски көп жыл бою сүйлөшүп келген Анна Стахурске менен баш кошкон. Жакында бул үй-бүлө наристе күтүп жаткандыгын жар салышты.
  • Апасы Ивона Левандовски: "17 жашында атасы каза болуп, баласынын жетишкендиктерин көрбөй калды. Балам ошол күндөн тарта гол киргизген сайын атасын эстей турганын айтып турат".
  • "Бавариянын" машыктыруучусу Карло Анчелотти: "Левандовски башы менен мыкты ойноп, эки буту менен сокку жасай алат. Профессионал, эмгекчил.
  • Башкалар андан үлгү алышы керек".
  • Роберт футбол тууралуу: "Алтын топ" эмес, дарбазага киргизилген топ маанилүү".

"Левандовски – бул көйгөй. Жакшысы, биздики эмес, атаандаштардын коргоочуларынын көйгөйү. Эми Левандовскиде өлкө тарыхындагы мыкты футболчу аталууга мүмкүнчүлүк бар. Ал буга татыктуу". Бул Польшанын учурдагы футбол федерациясынын президенти Збигнев Бонектин сөзү. Польшанын кийинки мууну үчүн ким мыкты футболчу экендиги белгилүү болгондой...

Анна дагы спортчу, ал каратэ боюнча Дүйнө чемпиону.


Роберт менен Анна Польшада эң белгилүү жубайлардын катарына киришет.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Suluu4a
2017-01-25 12:09:47
Польшанын да футболистери аябай кучтуу...Рональду гол киргизе албай ыйлап жибере жаздаган го. Аябай кучтуу команда!
-1
admin_superstan
2017-01-30 12:40:46
azabraza, кимдир-бирөөнү мазактаган билдирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
ernis_07
2017-01-31 01:33:45
Suluu4a,Рональдо менен Робертти салыштырып болбойт баары бир Рональдо есть Роеальдо
+1
azabraza
2017-01-28 08:21:50
Роналдо ким ал футболчубу же гейби
0
ernis_07
2017-01-31 01:34:38
azabraza,бироого сын айткандан коро озубузду ондобойлубу
0
Dante
2017-02-03 20:21:34
Ийгилик
-1
fanat_barsa
2017-02-10 22:45:18
Левандовскинин да футболдо чон орду бар
0
№ 742, 20-январь-26-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан