Оору тууралуу Бишкектеги Улуттук урологиялык борбордун эндовидео-урология бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин кандидаты, уролог Абдиталып Адиев баяндайт.
"Цистит" – бул грек сөзү, бизче "табарсык" дегенди түшүндүрөт. Медицина боюнча алып караганда "табарсыктын ички былжыр кабыкчасынын сезгенүүсү". Аталган оорунун өнөкөт түрү менен аялдардын 25, эркектердин 5 пайызы жабыркайт. 3-12 жаш курактагыларда эң көп жолугат (эң баёо жана ойноо мезгил).
ЦИСТИТТИН ТҮРЛӨРҮ:
ДАРТТЫН БЕЛГИЛЕРИ:
ООРУНУН КЕЛИП ЧЫГЫШЫН ШАРТТООЧУ ФАКТОРЛОР:
ДИАГНОЗ
ДАРЫЛООДО КОЛДОНУЛАТ:
Дарыланбаса эмнеге алып келет?
ООРУНУ ЖАРАТУУЧУЛАР БОЮНЧА КОШУМЧА МААЛЫМАТ:
Инфекциялар
Бөйрөк ооруларында оору козгогучтар заара чыгаруучу түтүк аркылуу ылдый жылып, табарсыкка түшүп, аны сезгендирет. Ичтеги бездерде инфекция бар болсо, ал кан аркылуу таркап табарсыкка да барат.
Жыныстык органдарды жууганда арттан алдыны көздөй эмес, алдыдан артты көздөй жууш керек. Арттан алдыны көздөй жууганда көтөн чучуктун тегерегиндеги бактериялар аялдардын жыныс кынына кирип кетип, анан заара чыгаруучу канал аркылуу барып табарсыкты сезгендирет. Өзгөчө ичеги таякчасы коркунучтуу.
Жыныстык жактан жугуучу оорулардын оору козгогучтары төшөк оюнунда аялдардын жыныс кынына, эркектердин заара чыгаруучу каналына түшүп, андан ары заара чыгаруучу түтүк менен өйдө жылып табарсыкка барып цистит жаралат. Дарыланбаса аялдарда жыныс кынынан ары жатынга, жатын түтүкчөлөрүнө чейин жетип түбү тукумсуздукка жеткирет. Эркектерде урук чыктагыч безге чейин жетип простатитти, кийин аденоманы, тукумсуздукту жаратат.
Таш оорусу
Бөйрөктө таш болсо ал заара менен кошо жылып табарсыкка түшүп, аны сезгендирет. Ошондой эле табарсыктын өзүндөгү таш да сезгендирет (вторичный цистит).
Заара чыгаруучу каналдын ичкерүүсү
Аталган канал ичкергенде заара аздан чыгып, туруп калган заарада микробдор көбөйүп сезгенүүнү чакырат.
Гигиеналык каражаттарды бат-бат алмаштырбоо
Аялдар этек кири келгенде гигиеналык каражаттарды бат-бат алмаштырбаса ал жерде микробдор көбөйүп анан алар жылып отуруп табарсыкка барып аны сезгендирет.
Тар ич кийим, бикини
Тар ич кийим кийгенде табарсык кысылат. Бикини кийгенде ал ары-бери өйкөлгөндө көтөн чучуктун тегерегиндеги бактерия алдыга жылып, жыныс кыны аркылуу кирип табарсыкка барат.
Турмушка жаңы чыгуу
Мурун кыздык белги жыныс кынына микробдордун кирип кетишинен сактап турса, турмушка чыкканда ал айрылат да микробдорго жол ачылат. Анын үстүнө кыздык белги айрылганда жараат пайда болот да микробдор ошол жерге чогулуп, көбөйөт. Андыктан жаңы келин циститке кабылбашы үчүн өзү да, күйөөсү да таза жуунуп, күйөөсү жыныстык жактан жугуучу оорулардан алыс болушу, кыздык белги айрылганда пайда болгон жараат айыккыча кошулууну токтото туруусу зарыл.
Кургак учук коштогон цистит (кийин кайталанган циститке кирет)
Кургак учук менен ооруганда жана рак оорусунда нур терапиясын алганда табарсык кичирейип, заара чыгаруучу канал ичкерип кетет. Убагында дарыланбаса кийин операцияга жеткирип, табарсык алынып салынат. Ичегиден табарсык жасалат же заара чыгаруучу канал заара чыгаруучу түтүкчөгө түз кошулуп коюлат.
Бензин, боёк менен иштөө
Аталгандар менен иштөөдө зыяндуу заттар организмге түрдүү жолдор менен кирип циститти жаратат.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg