КАНДУУ ТАҢ. БОИНГ 38 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛЫП КЕТТИ

16-январда таңга жуук жалпы кыргыз элин чоң кайгыга салган каргашалуу кырсык катталды. Бишкек шаарынын "Манас" эл аралык аэропортуна жакын жерде учак айылдын үстүнө кулап, анын кесепетинен көптөгөн адамдар көз жумду.

УЧАК КЫРСЫГЫНЫН ХРОНОЛОГИЯСЫ

6:41.
Учак Кыргыз өлкөсүнүн аба майданына кирген.
7:16. Учкуч "Манас" аэропортуна конууга уруксат сурап, кыргыз тарап уруксат берген. Мындан кийин учактын экипажы диспетчерге байланышка чыккан эмес.
7:20. "Манас" аэропортунун кызматы коркунуч сигналын жарыялаган.
7:31. Аэропорттун кызматкерлери окуя болгон жерге барышканда учак өрттөнүп жаткан.
7:45. "Манас" аэропорту убактылуу жабылып, бир нече каттамдар токтотулган.
18:00. "Манас" аэропорту кадимкидей тартипте кайрадан иштей баштаган.

КАРГАШАЛУУ ТАҢ

16-январь күнү таңкы саат 7:15 чамасында "Манас" эл аралык аэропортуна жакын "Аэрофлот" аталышындагы курулуш башкармалыгынын дачалары жайгашкан аймакка жүк ташуучу учак кулап түшкөн. Кырсыкка кабылган Боинг 747-400F учагы Гонконг-Бишкек-Стамбул багытында учуп бара жатып, күйүүчү май куюу үчүн Бишкекке конмок болгон. Бул кырсыктын кесепетинен 38 адам набыт болуп, дагы 16 адам жаракат алды (18-январга карата). Каза болгондордун 17си али эне сүтү оозунан кете элек жаш балдар. Учак эмнеден улам кырсыктаганы азырынча белгисиз. Учактын 2 "кара кутусу" табылып, экспертизага жөнөтүлдү.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев төмөнкүчө маалымат берди:
– Кырсыкка кабылган учактын экипажы "Манас" аэропортунун диспетчерлеринен конууга уруксат сураганда алар уруксат берген. Учкучтарда 325 метрдей аралыкты көрүүгө мүмкүнчүлүк болгон, ал эми кантип конуу экипаждын иши. Тактап кетүүчү жагдай, ошол эле түнү туман каптап турган маалда 11 учак "Манас" аэропортуна конгон. Азыр ким күнөөлүү экендигин айта албайбыз, бирок адистер кырсык экипаждын күнөөсүнөн улам болду деп жатышат. Алдын ала маалыматтарга караганда, тумандын айынан учкучтар конуучу тилкеден өтүп кетип дача аймагына түшкөн. Ушул эле экипаж мүчөлөрү "Манас" аэропортуна мурда 3-4 жолу конгон, аэропортту жакшы билишкен.
Дача тилкесиндеги 23 үй жана чарбалык курулуштар талкаланган. Учак кулаган бул жер дачалык участок, элге убактылуу берилген. Дайыма жашаганга болбойт. 1 жарым миңдей киши жашайт. Мектеп жашындагы балдар коңшу Манас айылындагы мектепке барып окушчу экен. Эми бул жерде мындан ары элге жашаганга болобу же болбойбу чечебиз.

КЫРСЫКТЫН СЕБЕБИН КОМИССИЯ АНЫКТАЙТ

Ондогон адамдын өмүрүн алган кырсыкты Мамлекеттер аралык авиациялык комитетинен, АКШнын Транспорт коопсуздугу боюнча улуттук кеңешинен, Түркиянын авиациялык бийлигинен жана Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлигинин Жарандык авиация агенттигинен өкүлдөр кирген комиссия иликтейт. Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев жетектеген өкмөттүк комиссия да түзүлүп, кырсыкты изилдешмекчи. Комиссиянын курамына өзгөчө кырдаалдар министри, транспорт жана жолдор министри, саламаттыкты сактоо министри, тышкы иштер министри, ички иштер министри, УКМКнын төрагасы жана өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү киришти.
Бул кырсык боюнча транспорт прокуратурасы Кылмыш жана жаза кодексинин 280-беренеси (аба транспортунун кыймылынын жана аны пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу бир канча кишинин өлүмүнө алып келсе) боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда ИИМ жана УКМКнын кызматкерлеринен турган ведомстволор аралык тергөө тобу иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. 17-январь жалпы Кыргыз мамлекетинде аза күтүү күнү болду. Учак кырсыгынан жабыркаган 4 үй-бүлө учурда Бишкектеги "Семетей" мейманканасында баш калкалоодо. Жалпы 21 адам, булардын 10у чоң кишилер болсо, 11и балдар.
"Супер-Инфо" гезитинин жалпы жамааты каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

2 ҮЙ-БҮЛӨДӨН БИРДЕН БАЛА ГАНА КАЛДЫ

Бул апааттуу кырсык Жакшылык менен Султанды ата-энесиз, бир туугандарсыз калтырды. Султандын атасы Азамат Дербишалиев, апасы Наргиза Жумаканова, иниси Актан Абакиров жана карындашы Раяна Абакирова каза болуп, бул үй-бүлөдөн тукум улаар жалгыз 7 жашар Султан калды. Ал эми 7 жашар Жакшылык Шералиевдин ата-энеси, 2 карындашы да кырсыктан каза тапты.

"КАЙНЕЖЕМДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨН ЭЧ КИМ АМАН КАЛГАН ЖОК"

Биз кырсык болгон жерге барып жергиликтүү тургундар менен жолуктук. Бакыт Абдраев кайнежеси үй-бүлөсү менен кырсыктан каза болгонун айтат:
– Мен ушул айылда жашайм, болгон окуяны өз көзүбүз менен көрдүк. Учак таңкы саат 7:10дордо кулап түштү. Биз уктап жаткан болчубуз. Биринчи жер титирегендей болду, анан эле жарылды. Коркконумдан кыйкырып жибериптирмин. Секирип туруп эшикке чыга калсам учак өрттөнө баштаган экен. Мен чуркаган бойдон 8-көчөгө келдим, анткени ал жакта Бүнаркан Орозбаева аттуу кайнежем жашачу. Бирок үйүн таппай калдым. Ошол маалда аябай газ жыттана баштаган, мен ары баралбай койдум. Качан гана өрт өчүргүчтөр келгенден кийин алар менен кошо жакындарыбызды издей баштадык. Кайнежемдин үй-бүлөсүнөн эч ким аман калбаптыр. Ошол күнү анын үйүндө 2 небереси, кызы жана сиңдиси бар болчу. Кайнежемден башкаларынын денелери күйүп калса да тааныдык, ал эми өзүнүн башы жулунуп кетиптир. Сөөгүн короосунан тапканга караганда ал эшикке чыкканда учак сүрүп салган окшойт. Бул жерге өрт өчүргүчтөр жарым сааттан ашкандан кийин келишти. Ага чейин жергиликтүү тургундар өзүбүз казып, адамдардын дене бөлүктөрүн чогултуп жаттык.

"13-14 АДАМДЫН ДЕНЕ БӨЛҮКТӨРҮН ТААП ӨТКӨРҮП БЕРДИМ"

Зайырбек Жунушов жергиликтүү тургун. Ал окуя болор замат тийиштүү кызматтарга кабарды билдиргендердин бири:
– Эртең мененки саат 7ден өтүп калганда дааратканага бара жатып учактын жарылганын көрдүм. Ал учуп баратып эле жерге түшүп, ошол замат от чыкты. Учак 2-көчөдөн 9-көчөгө чейин сүрүлүп келип токтоду. Өзүм 8-көчөдө жашайм, менин үйүм эч нерсе болгон жок, бирок жаныбыздагы үйлөрдөн эч нерсе калган жок. Кошуналарымдын үйлөрүнөн башы бөлөк, колу бөлөк болуп жаткан денелерди чогулттук. Мен учак кулаар замат 103 номери аркылуу "Тез жардам" кызматына чалсам, кайра алар "103кө чалгыла" деп койду. Анан өрт өчүрүү кызматына чалсам, ал жактан "жөнөп кетишти" деп айтышты. Алардан соң милицияга байланышсам "биздин кызматкерлер ал жерге жөнөп кетишти" деп билдирди.
Жеке өзүм 13-14 адамдын дене бөлүктөрүн таап чыгып, тийиштүү орган кызматкерлерине тапшырып бердим. Бир учкучту отурган жеринен чыгарганбыз, ал ошол учурда тирүү болчу, тили көгөрө баштаган экен. Аны "Тез жардам" кызматы алып кетти.

"ТҮШТӨН КИЙИН КЕЛИП АЛЫП ТОСУП ТУРУШТУН КЕРЕГИ БАР БЕЛЕ?"

Учак кулап түшөр замат "Манас" аэропортуна кабарды жеткирген Алтынбек Кабылов аэропорттун кызматкерлерине нааразы:
– Менин кызым саат 7де окууга кетти. 10 мүнөттөн кийин "даң" деген үн чыгып, жарык болуп жарылып кетти. Анан эле Максим деген киши экөөбүз аэропорттун башкы өткөрүү пунктуна барып кызматкерлерине айтсак, алар "эч кандай жарылуу болгон жок, балким, үй өрттөнүп кетти" дешти. Мен "ой, учак кулап түшүп жарылды" деп чырылдап жибердим. "Силер бара бергиле, билдирип коёбуз" деп бизди жолго салышты. Кийин кырсык болгон жерди аэропорт жана милиция кызматкерлери тосуп, "дагы жарылат" деп бизди киргизбей коюшту. Эгерде ошол убакта бизди кырсык болгон жерге киргизгенде бир топ адамды куткарып калмакпыз. Түштөн кийин келип алып тосуп туруштун кереги бар беле?! "Тез жардам" кызматкерлери болсо 2 адамды бизде орун жок деп карабай коюшту эле, алар 15 мүнөттөй жатып каза болушту.

Расмий маалыматка ылайык, кырсыктан каза тапкандардын саны 38ди түздү (18-январга карата). Каза болгондордун тизмеси:

1. Абакиров Актан Азаматович, 2011-жылы төрөлгөн.
2. Абакирова Раяна Азаматовна, 2016-жылы төрөлгөн.
3. Батыров Сүйүн, 1966-жылы төрөлгөн.
4. Белекова Адинай Руслановна, 2010-жылы төрөлгөн.
5. Белекова Мадина Руслановна, 2003-жылы төрөлгөн.
6. Дербишалиев Азамат Абакирович, 1983-жылы төрөлгөн.
7. Дүйшеева Венера Рахманкуловна, 1993-жылы төрөлгөн.
Кош бойлуу болгон.
8. Жумаалы кызы Акмарал, 1991-жылы төрөлгөн.
9. Жумакунова Наргиза Болотбековна, 1984-жылы төрөлгөн.
10. Исакова Гүлжан Муратбековна, 1980-жылы төрөлгөн.
11. Камилов Иса Сагынович, 2013-жылы төрөлгөн.
12. Камилов Али Сагынович, 2011-жылы төрөлгөн.
13. Карыпбаев Эрзат Нурланович, 2011-жылы төрөлгөн.
14. Карыпбаева Жылдыз Нурлановна, 2015-жылы төрөлгөн.
15. Келишова Айнуса, 1976-жылы төрөлгөн.
16. Кожоналиева Наргиза Эсенкуловна, 1988-жылы төрөлгөн. Анын 8 айлык боюнда бар болгон.
17. Курманбеков Аман Кубанычбекович, 1997-жылы төрөлгөн.
18. Максатбеков Тимур Зарлыкбекович, 2005-жылы төрөлгөн.
19. Орозбаева Айжамал Максатбековна, 1989-жылы төрөлгөн.
20. Орозбаева Бүнаркан, 1959-жылы төрөлгөн.
21. Осмонов Санжарбек Абдыманапович, 1981-жылы төрөлгөн.
22. Осмонов Айболот Санжарович, 2006-жылы төрөлгөн.
23. Осмонов Анарбек Санжарбекович, 2014-жылы төрөлгөн.
24. Шаршенбеков Руслан Нурланович, 2011-жылы төрөлгөн.
25. Шералиева Сабина Уларбековна, 2012-жылы төрөлгөн.
26. Санжар кызы Айяна, 2007-жылы төрөлгөн.
27. Солтокенов Айбек Анарбекович, 1988-жылы төрөлгөн.
28. Солтокенов Анарбек Садыбакасович, 1960-жылы төрөлгөн.
29. Солтокенова Мариям Анарбековна, 2009-жылы төрөлгөн.
30. Солтокенова Фарида Алмазбековна, 1969-жылы төрөлгөн.
31. Чомуева Кундуз Тагайбековна, 1985-жылы төрөлгөн. Кош бойлуу болгон.
32. Шайырбек уулу Айбол, 2006-жылы төрөлгөн.
33. Шералиева Айдай Уларбековна, 2015-жылы төрөлгөн.
34. Шералы уулу Уларбек, 1990-жылы төрөлгөн.
Мындан сырткары учак экипажынын 4 мүчөсү көз жумду.

БОИНГ 747-400F УЧАГЫ ТУУРАЛУУ

Боинг 747-400 – Боинг 747 түркүмүндөгү учактардын ичинен эң популярдуу үлгүсү болуп эсептелет. Мурунку үлгүлөрүнө салыштырмалуу Боинг 747-400 учагына жаңы кыймылдаткыч, кошумча бак орнотулган. Жүргүнчү ташуучу Боинг 747-400 учагы 1989-жылдан бери чыгарылып баштаса, ал эми ошол эле моделдин жүк ташуучу Боинг 747-400F учагы 1993-жылдан тартып чыгарыла баштаган. Баасы 250-265 миллион доллар. Бишкектин жанында кулаган учак 2003-жылы чыгарылган жана 44 миң 376 саат учкан. 112 тоннага чейин жүк көтөрө алуучу Боинг 747-400F учагынан жалпысынан 126 даана чыгарылган. Боинг 747-400 учагынын колдонуу тарыхына келсек, буга чейин 7 учак (3 жүк ташуучу, 4 жүргүнчү ташуучу) кырсыкка кабылып, анын кесепетинен 94 киши көз жумган.

КУЛАГАН УЧАКТЫН КОЖОЮНУ АБАКТА

Кулаган учак түркиялык "АСТ airlines" ("MyCargo Airlines") жүк ташуучу авиакомпаниясына таандык жана аны "Turkish Airlines" авиакомпаниясы "нымдуу лизинг" формуласында (бир авиакомпания башка авиакомпанияга учакты экипажы менен кошо ижарага берет жана техникалык тейлөөнү, камсыздандырууну моюнуна алат) ижарага алып иштетип жаткан. 2016-жылдын мартына карата 8 учагы бар болгон бул компания дүйнө жүзү боюнча жүк ташуу жана чартердик рейстерди уюштуруу боюнча ири карго-оператор катары саналат. 2004-жылы Түркияда негизделген бул компаниянын ээлери Даалар Чизмежи менен анын уулу Явуз Чизмежи. "Спутник Түркия" маалымат агенттигинин билдиришине караганда, Явуз Чизмежи учурда абакта. 2007-жылдын 30-ноябрында Түркиянын Испарта шаарынын аэропортуна жакын жерде MD-83 учагы кулап түшүп, анда болгон 56 киши каза тапкан. Учакты "АСТ airlines" компаниясынын директору Явуз Чизмежи ижарага бергендиги аныкталган. Соттук териштирүүнүн жыйынтыгында Явуз Чизмежи күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

МАРОДЁРЛОР

Тилекке каршы, кырсык болгон жерден учактан түшкөн буюмдарды уурдап пайда көрүүгө аракет кылгандар да болду. Бир тургундун үйүнөн кырсыкка кабылган учакка тиешелүү чайнек, уюлдук телефондор табылган. Анын үстүнөн Сокулук РИИБи "уурулук" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Мындан башка мародёрлук факт катталбаганын, чачылган буюмдарды тапкандар өз каалоосу менен алып келип тапшырып жаткандыгын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Интернетке милиция кызматкерлери мародёрлук кылган деп шектелген 2 жаранды суракка алып жатканы тартылган видео да жүктөлдү.


ЖУРТ БУЗАР

Жалпы кыргыз эл кайгырып жатканда кырсыктан каза тапкандарды табалагандар да болду. Фейсбуктагы Таттыгүл Доталиева аттуу колдонуучу мерт кеткендерди табалап, элди бөлгөн чагымчыл билдирүү жазган. Анын мындай билдирүүсү коомчулукта чоң нааразычылык жаратып, көпчүлүгү мындай журт бузарлар кылмыш жоопкерчилигине тартылсын деп талап кылышты. Кийин анын Медициналык академиянын мугалими экени аныкталып, бул билдирүүсүнөн кийин ал жумушунан айдалган. УКМК ага эскертүү берди.



КОМПЕНСАЦИЯ ЖАКЫН АРАДА ТӨЛӨНӨТ

"АСТ airlines" компаниясы жалпы кыргыз элине көңүл айтып, кырсыкта каза тапкан бардык жарандардын жакындарына жана жабыр тарткандарга компенсация төлөнүп берилерин билдирди. Компаниянын маалыматына караганда, экипаж Гонконгдо 69 саат эс алуудан кийин учакты кынтыксыз кабыл алып, Бишкекти көздөй учкан. Буга чейин техникалык мүчүлүштүк болгон эмес. Учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон. Экипаж мүчөлөрү, капитан Ибрахим Гүржан Диранжи менен экинчи учкуч Казым Өндүл мурун аскер учкучтары болушкан жана Ибрахим Гүржан 2 жолу авариялык абалдагы учакты ийгиликтүү кондурган. Борттехник Ихсан Кожа, жүк ташуу боюнча адис Мелих Аслан да тажрыйбалуу адистер болушканы айтылууда.

"БИР УЙДУН МҮЙҮЗҮ СЫНСА, МИҢ УЙДУН МҮЙҮЗҮ ЗЫРКЫРАЙТ"

Мекендештерибиз кайдигер карабай, жабырлануучулар үчүн каражат, кийим, буюм-тайымдарды чогултуп колдоо көрсөтүп жатышат. "Супер-Инфо" гезити менен SUPER.KG порталынын кызматкерлери да кырсыктан жабыркагандарга бир күндүк айлык маянасын которду. Өлкөбүздүн ар кайсы аймактарына жардам кабыл алуу пункттары ачылган. Президенттик фонддон ар бир үй-бүлөгө 100 миң, премьер-министрдин фондунан 70 миң, Жогорку Кеңештин фондунан 80 миң сомдон материалдык жардам бериле турган болду. Ошондой эле өкмөттүн тапшырмасы менен өлкөдө бирдиктүү каражат которуу эсеби ачылды. 18-январга карата бул эсепке 4 миллиондон ашык сом чогулган. Жабыр тарткандарга жардам берүүнү каалагандар төмөнкү эсепке акча которо алышат:
Эсептик номер: 4407012100007868
Банк:
Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгы (Банк: Центральное казначейство МФ КР)
БИК: 440001
Төлөм коду: 14238900
ОКПО: 22710535
ИНН: 00103200110150

Нурбек Абдыкадыров,
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
farida.kg.1991
2017-01-25 10:15:23
кырсык каш кабактын ортосунда деп коет мындай кырсык болушун ким ойлоптур кудай сактасын.
+3
Elzira.91
2017-01-25 21:16:17
Кноонуу эчкимге коё албайбыз Кудайдын берген сыноосу экен Шугур кылып чыдайбыз ажал экен баш ийбегенге арга жок,Кудайым каза болгондордун баарын Шейит кылган болсун,терен кайгыруу менен туугандарына конул айтам Аллахым жаткаг жерлерин жайлуу кылсын.
0
Elzira.91
2017-01-25 21:16:55
Сабыр сабыр сабыр жана сабырдуулукту тилейм
+1
Djal1987
2017-01-26 02:56:58
Жакшылык жонундо кайра кайра жазып жатышты ( мен каршы эмесмин) бирок Султан жонундо анча жазышпады деле. Экоо тен жети жашта экен. Аттарына заттары жарашкан эл керегине жараган жигиттерден болсун. Экоо тен жалгыздан калышты. Кудай келечегин кен берсин. Ата эненин мээримин туугандарынан корушсун.
+2
Djal1987
2017-01-26 03:05:06
Таттыгул Дооталиева сага кудай ыйман берсин, ошончо адамдын туугандарынын конулун ооруттун. Анча мынча кезде болуп турат жашоодо жаныласын, жыгыласын пенде болгондон кийин болуп турат бирок кудай сендей жанылтпасын, сендей жыгылтпасын. Кырсык болгон куну кошо кайгырып ыйлап алдык чыдабай сенин создорун ашыкча болду.
+1
№ 742, 20-январь-26-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан