“Күүгүм” тасмасы жарыкка чыгары менен бул актёрго көпчүлүк айымдар ашык болуп калган. Алардын катарында, урматтуу окурман, сиз да болушуңуз ыктымал. Бүгүн биз сиздерге аталган тасмадагы вампирдин ролун жараткан Роберт Паттинсон тууралуу маалыматтарды тартуулайбыз.
Толук аты-жөнү – Роберт Томас Паттинсон
Лакап аты – Роб
Туулган жери – Англия, Лондон шаары
Туулган жылы – 1986-жыл, 13-май
Бою – 185 сантиметр
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
БОЛОР БАЛА БАШЫНАН
Роберт Паттинсондун келбетине карап канчалаган кыздар мынча келишимдүү, мынча сулуу дээрине шек жок. Ал сулуулугу боюнча апасын тарткандыгы маалым. Энеси Клэр ай чырайлуу белгилүү моделдердин бири. Ал эми Роберттин уялчаак мүнөзү атасыныкына окшош делет. Роб кичинесинен ырга шыктуу. Фортепианого кызыгып, аны ойноп үйрөнүү үчүн атайын ийримге катышкан. Кийин бул музыкалык аспаптын үстүнө гитара кошулган. Бирок гитарага кызыгып баштаганда фортепианону таштап коёт.
Апасы Клэр уулунун актёрлукка шыгы барын байкап тааныштары аркылуу театрга киргизип, "такшала берсин" дейт. Анда Роберт 12 жашта эле. Энеси балакайынын шыгын туура байкаган экен. Анткени болочок актёр өзүнө берилген ролду образга кирип аткаруу менен көпчүлүктү таң калтырган. Ошондо театрда ойногон актёрлор бул баладан бир нерсе чыгарына ишенишкен.
СЫНЧЫЛАРДЫН ИШЕНИМИН АРТТЫРЫП...
Паттинсон 18 жашында “талантым такшалып калды. Тасмада роль жаратууга даярмын” деп түрдүү кастингдерге катыша баштайт. Бир нече кастингге барып жүрүп акыры “Нибелунгдардын шакеги” аттуу тасмага тартылууга мүмкүнчүлүк алат.
Аталган тасмага тартылгандан бир жыл өткөн соң “Гарри Поттер жана оттун кубогу” деген киного тартылууга сунуш алган. Ал фильм жарык көргөндө сынчылар “Роберт Британиянын болочоктогу жылдызы. Көрөсүңөр го, убакыттын өтүшү менен бул бала чоң ийгиликке жетет” дешкен. Сынчылар жаңылбаган көрүнөт. Ал “Күүгүм” тасмасында вампирдин ролун ушунчалык жеткиликтүү аткарып, бүгүнкүдөй атак-даңкка жете алды.
БЕЛЛАНЫ ЖАШООДО ДА СҮЙӨТ
Паттинсон алгач “Күүгүм” тасмасына тартылууга сунуш алганда макулдугун берген эмес. Себеби вампирдин ролун жеткиликтүү аткара аларына көзү жеткен эмес. Маалыматтар боюнча "Роберт Белланын ролун Кристен Стюарт аткарарын билгенден кийин гана макулдугун берген" делинет. Анткени аны бир көрүп эле жактырып калган экен.
“Күүгүм” тасмасы жарык көргөндө көпчүлүккө тасмадагы “Эдвард менен Белла жашоодо да кыз-жигит экен” деген маалымат тарайт. Бирок роль жараткандар "бул жөн гана ушак" деген жооп менен кутулушчу. Ушул сыяктуу түрдүү ушактын учу үзүлбөй койгон. Папарацци өкүлдөрү экөөнүн кол кармашып жүргөнүн тартып алганда да алар “биз жөн гана доспуз” деп жеңишчү. Бул актануулары көпкө узаган жок. Ал экөө экран алдында эмес, чыныгы жашоодо өбүшүп жатканын папарацци өкүлдөрү тартып алышкан. Ошондо Роберт: “Көпчүлүктү аралаган ушактын чындыгы бар. Кристен экөөбүздүн мамилебиз достуктан күчтүүрөөк. Мен Кристенди чыныгы жашоодо да сүйөм”,- деп жооп берген.
КУМИРИ – ЖЕК НИКОЛСОН
Паттинсон белгилүү актёр Жек Николсонду кумир тутуп келет. Ал бала кезинен эле Николсон аткарган тасмаларды сүйүп көрүп, жадакалса ошону туурап кийинчү экен. “Чоңойгондо ким болосуң?” деген суроого “Жек Николсондой актёр болом” деп жооп берчү дешет. Убакыт өткөн соң бул оюн өзгөрткөн жок. Бүгүнкү күндө да кумири менен бир тасмада роль жаратууну самап келет.
РОБ КАНДАЙ АДАМ?
Шоу-бизнес жаңылыктары
“АББА” ТОБУ КАЙРА ЖАНДАНАБЫ?
Тараганына 30 жыл болгон легендарлуу “АББА” тобун кайра жандандыруу тууралуу топтун ырчылары Бьерн Ульвеус жана Бенни Андерссон сүйлөшүп жатышат. Алар буга чейин “топ жанданабы?” деген суроого жок деп эле келишчү. 2000-жылы 1 миллиард доллар гонорарды түзгөн гастролдук турдан баш тартышкан. Бул сумма музыка тарыхында абсолюттук рекорд деп саналып келет. Топтогу Бьерн менен Бенни кайрадан ырдап чыгууга даяр. Ал эми ырчы айымдар Анни-Фрид Лингстад менен Агнета Фельтског макулдугун берише элек.
СОГДИАНА ЖОЛДОШУНА ОНУНЧУ БАЛАСЫН ТӨРӨП...
Согдиана экинчи жолу уулдуу болду. Ымыркай бою 53 сантиметр, салмагы 4 килограмм 170 грамм болуп жарыкка келди. Согдиананын бул экинчи перзенти болсо, жолдошу Башир Куштовдун онунчу баласы. Эскерте кетсек, ырчынын биринчи никесинен Арджун аттуу уулу бар. Ал экс-күйөөсү уурдап кеткен боюнча Индияда.
.
“ФАБРИКАНЫН” ЫРЧЫЛАРЫ АЛМАШАБЫ?
“Фабрика” тобунун кыздары толугу менен алмашат” деген сөздөр жайылууда. Мунун жөнү бар. Топтун продюсери Игорь Матвиенко топко ырчы кыз алам деп бир айдан бери кастинг өткөрүүдө. Кастингдин биринчи туру өттү. Жакында экинчиси болот. Топтон Саша Савельеванын кетери маалым болду. "Аны менен чогуу Сати Казанова да кетет, ордуна жакында эле “Hi-Fi” тобунан кеткен Катя Ли келет" деген да имиштер бар. Ал эми Матвиенко эч кандай комментарий бербей жатат.
ЭЛТОН ЖОН БУТ КИЙИМСИЗ КАЛДЫ
Элтон Жон 100 жуп бут кийимин, ал эми түгөйү Дэвид Ферниш “Александр Маккуин" жана “Chanel” фирмасынан алган кийимдерин аукционго коюшту. Аукциондо баштапкы баа 1000 фунт стерлинг болмокчу. Андан түшкөн каражат ВИЧ оорусуна чалдыккандарга жардам катары бөлүнүп берилет. Ырчы: “Бут кийимсиз калсам да муктаж болгондорго жардам берүүгө даярмын”,- дейт
Бактыгүл Сокушова
star@super.kg