SUPER.KG’ден Күнсереп

SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

12-январь:
КАЗАКСТАН "ЭКОНОМИКАЛЫК БЛОКАДАНЫ" УЛАНТУУДА

2017-жылдын 1-январынан тарта Казакстан Кыргыз Республикасынын эт-сүтүн өз аймагы аркылуу автоунаада алып өтүүгө тыюу салды. Кыргыз мамлекетинин Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын жетекчиси Калысбек Жумаканов Казакстандын айыл чарба министринин орун басарынын атынан чын эле кат келгенин, бирок каттын мазмунун түшүнбөй жатышканын айткан. Аталган инспекциянын өкүлүнүн билдиришинче, Казакстан "товарлар темир жол менен ташылсын жана бир гана станциядан жүктөлсүн" деген шарт койгон. Чектөөгө "Бишкек сүт", "Үмүт жана Ко", "Аю" өңдүү ата мекендик 15 компания туш болгон.
2016-жылдын соңунда Кыргыз Республикасы менен Казакстандын ортосунда темир жол транспортун тейлөө боюнча келишимге кол коюлган. Ага ылайык, Казакстандын аймагы аркылуу поезд менен Орусия жана Беларустан Кыргыз жерине же Кыргыз жеринен аталган өлкөлөргө ташылчу товарлар боюнча тарифтер арзандамак. Транзиттик тарифтер арзандаганы менен, Казакстан жаңы коэффициенттерди киргизиши мүмкүн экенин SUPER.KG порталына өкмөттүн тийиштүү органынан билдиришкен эле. Каттын маңызын түшүнүүгө өкмөткө 10 күндөй убакыт кетти. 11-январда Кыргыз өкмөтү жолдогон катына жооп катары Казакстандын айыл чарба министринен расмий түшүндүрмө келгенин, анда автоунаада жүк ташууга эч кандай чектөө жок экени жазылганын айтып маалымат таратты.
Кандай болгон күндө да башкы жоопкерчилик Кыргыз мамлекетинин өзүндө. Товарларды эл аралык стандартка шайкеш келтирүү иши эмдигиче жолго коюла элек. Өлкө альянска даярдыксыз кирип алганы айтылып, сындалып келе жатат. Бирок керектүү иштерди өз убагында жасабаган чиновниктерди жоопкерчиликке тартууну талап кылган жан жок. Өнөктөш өлкөлөргө таарыныч билдирип отура берүү менен көйгөй чечилип кетпеси анык, өлкө өз күчүнө гана ишенүүсү керек. Өлкө экономикасын ЕАЭБдин шартына ылайыкташтырууга, айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө коротулат делген Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун каражаты "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясына "акылдуу" эсептегичтерди, бюджетке 200 миллион доллар зыян келтирди деп күнөөлөнүп жаткан "Кыргыз темир жолу" ишканасына вагон сатып алуу өңдүү башка иштерге жумшалганы жатат. Ал эми Кыргыз өкмөтү "ЕАЭБге кирбесек абалыбыз мындан да жаман болмок" деп өзүн да, элди да сооротууда...

13-январь:
ОКУУЧУЛАР АПТАСЫНА ЭМИ 5 КҮН ОКУШАТ. САНДАН САПАТКАБЫ ЖЕ КЕП АКЧАДАБЫ?

Кыргыз жеринде мектептер 5 күндүк окуу графигине өтөт. Билим берүү жана илим министрлигинин билдиришинче, бул кадам мектепте билим берүүнү оптимизациялоо максатында жасалууда. Башкача айтканда, сандан сапатка өтүү аракети.
Бул аракетти балдарды билим алуудан алыстатып, ишке түртүү катары кабыл алгандар дагы бар. Окуучулар эми 5 күн мектепке барып, 2 күн дем алышат. Бул шаарда жашаган окуучуларга ыңгайлуу болушу мүмкүн, анткени сабактан тышкары ийримдерге барууга кошумча убакыт табылганы жатат. Ал эми айыл жергесинде үй иштерин жасоого кенен убакыт болот. Баланын эмгекке бышып чоңойгону да жакшы, бирок балдарга билим берүүдө 1 күндүн ашыкча сезилгенин терс кабыл алгандар дагы бар. 5 күндүк иш графигине өткөрүү билим берүүгө кеткен бюджеттин чыгымын кыскартат. Ал эми ошол "үнөмдөйбүз" деген каражат жок дегенде мектептерде кошумча билим берүү, түрдүү ийримдерди уюштуруу сыяктуу иш-аракеттерге жумшалса, окуучулардын билим сапаты жакшырмак.
Билим берүү тармагындагы жаңычылдыктар муну менен эле чектелбейт. Мектептерде жана жогорку окуу жайларда окуу 15-сентябрда башталып калышы мүмкүн. Бул демилге 2014-жылы эле депутат Дастан Жумабеков тарабынан сунушталып, кызуу талкууну жараткан. Депутат бул сунушун "сентябрдын башы түшүм жыйнаган маал, окуучулар ата-энесине жардам беришет. Ысык-Көлдө бул мезгилде туристтер көп болот" деп түшүндүргөн. Бирок сунушу колдоо тапкан эмес, демилге кайрадан көтөрүлүп жатат. Билим берүү жана илим министрлиги менен Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бул демилгени колдоого алары белгилүү болду. Ошентип, балдарга билим берүүгө жумшалчу убакыт кыскартылганы жатат. Билим берүү жаатында тажрыйбасы мол депутаттар Абдувахаб Нурбаев менен Наталья Никитенко бул кыскартууга каршы экенин айтышты. Алар балдар сапаттуу билим алышы керектигин белгилеп жатышат. Бул демилгенин тагдыры парламенттин колунда, жакынкы күндөрү кайрадан талкууга түшөрү күтүлүүдө...

16-январь:
БОИНГ КЫРСЫГЫ: АЙЫЛ УЧАК АСТЫНДА КАЛДЫ

Таң эрте Кыргыз жергесин суук кабар силкинтип өттү. Гонконгдон Стамбулга бет алган Боинг-747-400F жүк ташуучу учагы Бишкектеги "Манас" Эл аралык аба майданына күйүүчү май куюу үчүн конмокчу болуп, ага жетпей Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дачи СУ) айылына кулап түштү. Кырсыктан экипаждын 4 мүчөсү жана азыркы учурга алганда айылдын 40ка чукул тургуну каза тапты. Булардын 13ү балдар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Боинг 23 турак жайды сүрүп кетти. Оор кырсыктан аман калып, ар кандай жаракат алган 13 жаран ооруканаларга жеткирилди. Каза болгондордун саны мындан да көбөйүшү мүмкүн, талкаланган турак жайдын урандыларынын алдын текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Алгач кулап түшкөн учак "Turkish Airlines" компаниясына таандык экени айтылган. Бирок аталган компания бул маалыматты төгүндөп, учак "myCARGO" жүк ташуучу компаниясынын учагы экенин белгилеп чыкты. Учактын кулашына Бишкектеги калың туман себепкер болушу мүмкүн экендиги айтылууда. Түркиялык ММКлардын маалыматына караганда, Боинг 13 жылдан бери колдонулуп келген. Акыркы ирет техникалык кароодон 2015-жылы өткөрүлгөндүгү, "Түрк аба жолдору" жүк жеткирүүгө "ACT Airlines" компаниясынан ижарага алганына 4 гана күн болгону белгилүү болду. Адистердин бир катары жүк ташуучу учактын кырсыкка кабылышына учактын бузулушу же учкучтардын катачылыгы дагы себеп болушу мүмкүн экенин белгилешүүдө. Анткени туман болгонуна карабай бул күнү 11 учак "Манас" Эл аралык аэропортуна ийгиликтүү конгон.
Президент Алмазбек Атамбаев учак кырсыгына байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алып, бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле ал каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Бүгүн катталган кырсык боюнча Транспорттук прокуратура кылмыш ишин козгогону маалым болду. Кырсыктын келип чыгыш себептерин иликтөөгө Эл аралык авиация комитетинин адистери да тартылары белгиленди. Буга катар кырсыкты иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия да түзүлдү. Каза тапкан жарандардын жакындарына компенсация төлөнөбү, ким тарабынан, жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн турак жайын ким калыбына келтирет, канча убакытта? Комиссиялар иликтеп, тактап, чечүүчү суроо жана маселе көп. Азыркы учурда кечиктирилбей жасалуучу иштер башка. Каза тапкан жарандардын аты-жөнүн тактоо, сөөктөрүн тууган-уруктарына өткөрүп берип, зыйнатын кылуу, жакындарынан айрылып, үй-жайсыз калгандарга тиешелүү кам көрүү. 17-январь Кыргыз жергесинде аза күтүү күнү деп жарыяланды...

17-январь:
КЫРСЫК КЫРГЫЗДЫ БИРИКТИРДИ

Бишкектин четине кулаган Боинг 747-400F учагынын ээси "АСТ Airlines" компаниясы кырсыкка байланыштуу билдирүү жасады. Кыйраган учак 2015-жылдын 10-декабрынан бери ушул компанияга (Түркияда "MyCargo Airlines" деген ат менен таанымал) таандык экени, 2003-жылы чыгарылган аба кемеси 116 тоннадан ашык жүк көтөрүүгө ылайыктуу экени айтылат билдирүүдө. Стамбул-Гонконг каттамынан кийин экипаж мүчөлөрү Гонконгдо 69 саат эс алып, кырсык болордон 6 саат мурун, Бишкек убактысы боюнча саат 01:30 чамасында Бишкекке учушкан. Учактын бортунда 85 тоннадан ашык жүк болгон жана абага кадимкидей көтөрүлүп, Бишкекке жеткиче учактан эч бир техникалык мүчүлүштүк байкалган эмес. "Манас" аэропортуна конуу үчүн ылдыйлай баштаган маалда деле учакта баары жайында болгону айтылды, бирок муну эксперттик комиссия аныктайт. Кыскасы, учактын кожоюндары авиакырсыкка техникалык мүчүлүштүк жана жүк фактору себеп болгон жок деген ишеничте. Мындай жагдайдан улам тараза ташы "аварияга учкучтардын жаңылыштыгы же аба ырайы себеп болгон" деген жоромолго ооп тургансыйт. Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү да кырсыкка учкучтар күнөөлүү болушу мүмкүн деген жоромолго ыктап турушат.
Кыйраган учак Гонконгдон Стамбулга уюлдук телефон жана кийим-кече ташып бараткан. Бүтүндөй өлкө кайгырып турган маалда кырсыктын артынан пайда табууну көздөгөндөр да болду. Окуя болгон жерден учактан түшкөн кутуларды үйүнө ташып кеткен жаран кармалып, "уурулук" беренеси боюнча кылмыш иши ачылды. Ошондой эле интернетке милиция кызматкерлери 2 жаранды суракка алып жатканы тартылган видео жүктөлдү. Анда эки адам кол саат, уюлдук телефон өңдүү буюмдарды күрмөгө ороп, кырсык болгон жерден жашыруун алып кетүүгө аракет кылганы тууралуу сөз болот. Кармалгандар жабыркагандардын буюмун өздөрүнө алып баратканын айтып жатканын көрүүгө болот. Бул жоруктар көпчүлүктү кыжырдантты. Мындай жагымсыз окуяларды элдин ынтымагы жууп кетүүдө.
Өлкөгө оор мүшкүл түшкөндө кыргыз эли бир муштумга бириге аларын 2010-жылкы Июнь окуясы көрсөткөн. Бул жолу да жакын адамдарынан, үй-жайынан ажырап оор абалда тургандарга карапайым эл жардам колун сунуп, гуманитардык жардам берүү демилгесин колго алды. Жер-жерлерде жардам кабыл алуу пункттары, бирдиктүү банктык эсеп ачылып, көпчүлүк колдон келген жардамын берип жатканы кубандырат...

18-январь:
"ОШТУКТАР" ДЕП БӨЛГӨН ОКУТУУЧУ ИШТЕН АЙДАЛДЫ

16-январда Таттыгүл Дооталиева деген интернет колдонуучу Фейсбук баракчасына Бишкектин четиндеги Курулуш башкармалыгынын дачалары айылындагы авиакырсыкты табалап билдирүү жазган. Кырсыктан каза тапкандар өлкөнүн түштүк аймагынан экенин айтып, "өздөрүнөн көрсүн, улут тазаланып жатат" деген өңүттө пикир калтырган эле. Оор жоготууну угуп кайгырып турган көпчүлүккө билдирүү катуу тийди.
Интернет колдонуучулары укук коргоо органдарынан бул адамды жазага тартууну талап кылышып, маселе Жогорку Кеңешке чейин жетти. Комитет жыйынында "Бир болдун" депутаты Улукбек Ормонов оор күндө элди бөлүп-жаргандарга чара колдонууну айтып, укук коргоо органдарына коңгуроо какты. Бул адам Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын окутуучусу экени билинип, ЖОЖ жетекчилиги ага эскертүү берилгенин билдирди. Интернетте пикир калтыргандардын дээрлик баары аны жазага тартууну талап кылышты. Көп өтпөй Медициналык академия Дооталиева моралдык жосундар эрежесине байланыштуу иштен алынганы жөнүндө маалымат таратты. УКМК Дооталиеваны 17-январда суракка алып, анын билдирүүсүнөн улуттар жана аймактар аралык кастыкты козутуу элементтерин таап, эскертүү берилди.
Моралдык өңүттөн караганда Дооталиеванын жоругун актоо мүмкүн эмес. Элди бөлүп-жаруу аракеттерине, улуттук коопсуздукка шек жараткандарга сөзсүз чара көрүлүшү керек. Белгилей кетүүчү жагдай – Дооталиева өз билдирүүсү үчүн ММКларды же мамлекеттик трибунаны пайдаланган жок. Кыргыз Республикасынын жараны катары өз оюн (ал ой жаманбы, жакшыбы башка маселе) өлкөдө ММК деп таанылбаган, эркин аянтчадан жарыялады. Адамды жеке пикири үчүн куугунтуктоо жыйынтык бербейт. Жалпы элдик идеологияны пайда кылып, өнүктүрүп, тарбиялоого көңүл бөлүү керек...

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 742, 20-январь-26-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан