БИР БҮРКҮМ

  • Дүйнөдөгү "эң таасирдүү ПАСПОРТ" аталышындагы рейтингде 193 мамлекеттин ичинен Кыргыз өлкөсүнүн паспорту 66-орунду ээледи. Анда өлкөлөрдүн канча мамлекет менен визасыз режим келишими бардыгы эске алынган. Изилдөөнү "Passport Index" интерактивдүү программасы жүргүзгөн.

  • 16-январга ылайык, өлкөдө сасык тумоого чалдыккандардын саны 1,3 эсеге өстү. Ош шаары жана Баткен облусунан тышкары өлкөнүн бардык аймактарында САСЫК ТУМООГО чалдыккандардын саны өсүүдө. Айдын 2-аптасында эле бул оору менен бейтапканага 7,5 миңдей адам кайрылганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

  • Жогорку Кеңеш "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" мыйзам долбоорун кабыл алды. Ага ылайык, чек ара тилкесинде, чек ара тилкесинен 500 метр аралыкта жана мамлекеттик чек арага жакын аймактарда АҢ УУЛООГО тыюу салынды.

  • 2017-жылдын 1-сентябрына чейин өлкөдөгү 620 мектеп ИНТЕРНЕТКЕ туташат. Тиешелүү макулдашууга кол коюлганын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

  • 12-январда Ала-Бука райондук соту БАПТИСТ деп аялдын сөөгүн казып алган 2 жаранды айыптуу деп таап, 3 жылдан эркинен ажыратты. Кылмышкерлердин жашоо шартын эске алуу менен сот 1 жылды үй камагында өткөрүүгө уруксат берди.

  • ТҮРКИЯДА кыргыз кыздары кыйноого алган кыргызстандык Э.И. аттуу кыз түрк полициясы тарабынан бошотулду. Учурда кылмышкерлерди кармоо иштери улантылууда деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин берген маалыматында.

  • VIII Кышкы АЗИЯ ОЮНДАРЫНА Кыргыз мамлекетинен спорттун 4 түрү боюнча 33 спортчу катышат. Аталган мелдеш 19-26-февраль күндөрү Японияда өтмөкчү.

  • Өткөн жылы 2015-жылга караганда АБОНЕНТТЕР байланышуу үчүн 7 пайызга азыраак акча коротушкан. Жалпы жонунан 2016-жылы 26 миллиард 494 миллион сомдук байланыш кызматы көрсөтүлгөн.

  • Орусиянын Челябинск облусунда МИГРАНТТАРГА автобус жана такси айдоочусу болуп иштөөгө тыюу салынды. Буга чейин ушундай эле буйрук Новосибирск облусунда күчүнө кирген болчу.

  • Ысык-Көлдүн айланасында Дүйнөлүк банк бөлгөн каражаттын негизинде ДААРАТКАНАЛАР курулат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков айтты.  

  • Жогорку Кеңеште 18-январда экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу МАКСИМ БАКИЕВДИН жана анын жакындарынын мүлктөрүнүн сатылышы боюнча иликтөөчү депутаттык комиссия түзүлдү.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 742, 20-январь-26-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан