Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев "Манас" аэропортунун жанында жүк ташуучу учактын кыйрашынын айынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып жана аларга материалдык жардам берүүнү тапшырды. Мамлекет башчысы андан тышкары авиакырсыктын натыйжасында жабыр тарткандарды дарылоого жана саламаттыгын калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүү боюнча буйрук чыгарды. Өкмөткө каргашанын себептерин терең иликтеп жана авиакырсыктын кесепеттерин жоюу чараларын көрүү тапшырылды.
"Көп иштер жасалды, бирок жабыркагандардын, айрыкча жаш балдардын башына капысынан түшкөн мүшкүлдү жеңилдетип, аларга камкордук көрсөтүүнү улантуу керек. Оор шарттарга карабастан, көптөгөн адамдар кырсыкка кабылгандарды куткарып, жабыркагандарга жардам берип жатышат. Азыр журтубуздун биримдиги артып, ал эми мамлекетибиз улам күчтүү болуп бара жатканына дагы бир жолу ынандык",- деген мамлекет башчы жарандык тилектештикти көрсөткөн жарандарга элдин атынан ыраазычылык билдирип, алкыш айтты.
Мамлекет башчысы өкмөткө курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө эл аралык ченемдерге ылайык компенсация төлөөнү чечүү жана алардын укуктарын коргоону камсыз кылуу үчүн юридикалык колдоо маселелерин иштеп чыгууну тапшырды.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg