2017-жылдын 1-январына караган түнү Түркиянын Стамбул шаарындагы "Рейна" түнкү клубунда элге автоматтан ок аткан Абдулгадир Машарипов 16-январда колго түшүрүлдү. Стамбулдун губернатору Васип Шахиндин маалыматына караганда, кылмышкер менен кошо Сенегал, Ирак, Египет жана Сомалинин жарандары да кармалган. Ага чейин Машарипов жашынып жүргөн үйдө кыргызстандыктар болгон деген маалымат тараган болчу. Ал боюнча "операция учурунда кармалгандардын арасында биздин жаран жок" деп Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигинен тастыкташты. Алгач терактты уюштурууга шектеп Кыргыз өлкөсүнүн жараны Йахье Машраповду суракка алышкан. Полиция анын кылмышкерге түспөлдөш жана фамилиясы окшошуп кеткенин айтып, кайра коё беришкен болчу.
Эскерте кетсек, Жаңы жыл түнү болгон куралдуу кол салуудан 39 адам кайтыш болуп, 70ке жакын адам жаракат алган. Ал эми кылмышкер окуядан соң кийимин алмаштырып, дүрбөгөн эл менен кошо клубдан чыгып кеткен. Аталган терактты "Ислам мамлекети" тобу "биз уюштурдук" деп жарыялаган.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg