КУЛАП ТҮШКӨН УЧАК БИШКЕККЕ ЖҮК ТАШТОО ҮЧҮН КОНМОК БОЛГОН

16-январь күнү таңга жуук "Манас" аэропортуна конмок болуп жатып, анын жанындагы дачалар жайгашкан аймакка кулап түшкөн жүк ташуучу учак күйүүчү май куюуга эмес, жүк калтыруу үчүн токтомок болгон. Бул тууралуу кырсыкка кабылган учактын ээси "ACT Airlines" компаниясынын өкүлү Айше Кынран билдирди. "Учакта күйүүчү май жетиштүү болчу жана бортто эч кандай коркунучтуу жүк да болгон эмес",- деп компаниянын өкүлү 19-январда айтып чыкты. Ошондой эле буга чейин компаниянын учактары, анын ичинде жүк ташуучу Боинг-747-400 учагы да "Манас" аэропортуна 50дөн ашуун жолу конгону белгилүү болду. "Кырсык күнү учак бир канча жолу конууга аракет кылган" деген маалыматты да компания жокко чыгарды.
Эске салсак, биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев 16-январь күнү кырсык орун алган Сокулук районундагы курулуш башкармалыгынын дачалары жайгашкан аймакта берип жаткан пресс-брифингде "учак аэропортко күйүүчү май куюу үчүн конмок болгон" деп билдирген болчу. Компания өкүлүнүн билдирүүсүнөн кийин "Манас" аэропорту "кырсыкка кабылган учакта Кыргызстанда калтырыла турган жүк болгон эмес" деген маалыматты таратты. 19-январь күнү учактагы жүк Жогорку Кеңеште да сөз болуп, депутат Өмүрбек Текебаев кыргыз өкмөтү коомчулуктан маалыматты эмне үчүн жашырып жатканын, жүк контрабанда беле деген суроо койду. "Бортто 83 тоннадан ашуун электроника болгон деп жатышат. Бул 200 миңдей уюлдук телефон чыгат. Мындай бир каттамдан 25 миллион доллар табууга болот. Буга чейин мындай 50 каттам болсо, анда 1 миллиард долларга чейинки акча чыгат. Биздин аткаминерлер контрабанда менен шугулданган деген шек бар",- деди депутат. Мындан улам парламентте учактын ичиндеги жүктүн тек-жайын аныктоо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлдү.
19-январга карата маалыматтар боюнча, бул кырсыкта 38 киши набыт болду, анын ичинде учактын экипажынын 4 мүчөсү да бар.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 742, 20-январь-26-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан