Буга чейин жогорку 2 окуу жайды аяктаган Нурзат Токтосунова учурда 3-окуу жайдын аспиранты. Тактап айтканда, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин философия факультетинде окуп, Манас таануу боюнча диссертация жазып жаткан учуру. "Манасты окуп баштагандан тарта билгенден биле элегим көп экен деп калдым. Ар бир кыргыз окуп чыгышы керек экен. Ал жерде адамдар ортосундагы, улуттар ортосундагы мамиле бардыгы камтылыптыр",- дейт философия илиминин болочок кандидаты.