Кыргыз маданиятында 40 жылдан ашуун тарыхы бар "Кыз-Бурак" тобунун жетекчиси Сайкал Садыбакасова топтон кетти. "Жеке ырчы катары иш алып баруу маселеси буга чейин бир нече ирет көтөрүлгөнү менен, убакыт-сааты эми келди. Апамдын сунушу менен ушундай бүтүмгө келдик",- дейт ырчы кыз. Сайкалдын өз алдынча учуусуна апасы Гүлшайыр Садыбакасова сахнада жүргөндүгүнүн 15 жылдыгын белгилеп отчёттук концертин бергенден кийин уруксат берди деп түшүнсөк болот. Жаңырган жылдын башында топ курамы толук өзгөрөт экен. Учурда таланттуу кыздар арасында топтук курамды түзүү үчүн кастинг жүрүп жатат.