МЫРЗАЛАРЫБЫЗДЫН БОЮНА САЛМАГЫ ДАЛ КЕЛЕБИ?

Кыргыздар кең далылуу, чымыр денелүү эр жүрөк деп жигиттерибизге өзгөчө мүнөздөмө берип келишет. Бирок бой менен салмактын дал келиши туурасында атайын көрсөтүлгөн өлчөм бар. Мына ошол өлчөмгө эл көзүндө жүргөн мырзалардын салмагы, бою дал келеби, карап көрөлү.


Эрмек Нурбаев

Бою – 183 см
Салмагы – 75 кг

Куйкум сөздүү Эрмек өз жумушун мыкты билгендей эле узун боюна канча салмак туура келерин да мыкты өздөштүргөн десек болот. Теле-радиодон сүйлөгөнгө, "Тамашоуну" башкарганга, сүйгөн кызын жандаганга, салмагын көзөмөлдөгөнгө жетишкен жигит курсагын майга бастырбаса, сымбаттуу мүчөсү менен далай кызды ыйлатса керек.


Чыңгыз Мырзаев

Бою – 180 см
Салмагы – 65 кг

Радио дегенде эт-бетинен кеткен Чыкебизге бойду Кудай ченебей эле берип салган экен. Эми мынча бойго дагы 10 килограмм кошсо, мүчө-келбети стандарт болмок эле. Башынан эле ушул жигитти такыр семирте албай келебиз. Өзү бир үйдүн жалгыз эркеси болсо, артынан кыздар Чыңгызды убара кылбай өздөрү ээрчип жүрүшсө, Чыңгыздын толбогону баарыбызга табышмак.


Акбар Сүйүнбаев

Бою – 180 см
Салмагы – 75 кг

Бир калыпта жүргөн, башкача айтканда, жашоонун “рамкасынан” чыкпаган бул жигитибиздин боюна салмагы туура келет экен. Демек, идеалдуу деп айтса болот. “Алдыга кетсем көз тиет, артта калсам сөз тиет” деген көз карашты карманып жашаган Акбар – элдин ортосу.


Мирбек Атабеков

Бою – 178 см
Салмагы – 60 кг

АКШда гастролдоп жүргөн Мирбектин бой-салмагы идеалдуу болуш үчүн бул жигитке дагы 10 килограмм жетишпейт экен. Зал толо концерт берип, бир күндө 10 тойго барып каражат таап жатса да, Микинтай такыр семирбей койду да. Же продюсери менен бөлүшүп, тапкан наны жарты болуп жатабы? Эми эмнеси болсо да АКШнын гамбургерине тоюп, толуп келер деп күтө туралы.


Темир Назаров

Бою – 178 см
Салмагы – 76 кг

Тобо, продюсер Канат балдарынын боюн ченеп алабы же бир аз жетпесе компьютер менен тең кылып коёбу, айтор, Темиринин да, Мирбегинин да бою бипбирдей. Темикебиздин салмагы 2 килограмм ашыкча экен. Келинибиз күндө аш демдеп берип багып жатса, семирбей эмне кылат? Эми Канат менен иштешкени борборго келсе, Оштогудай күндө аш, “гөш” жок арыктап, Мирбектин кейпин кийип калбаса эле болду.


Сапар Эркебаев

Бою – 175 см
Салмагы – 80 кг

Чыгармачылыктан бир аз эс алууда жүргөн Сапарчик үй-бүлөсүнөн “отставкага” кеткенден бери арыктамак түгүл толуп кетти. "Кулак-мурун тынч, күндө мээни жей турган жеңеңер жок" деп сүйүнүп жүргөн ырчы мырза эсептесек, ашыкча 8 килограммды көтөрүп жүрөт экен. Минтип "төрт тарабым кыбыла" деп үйлөнбөй жүрө берсе, 90 килограммдык салмактуу да болушу мүмкүн эмеспи.


Султан Садыралиев

Бою – 173 см
Салмагы – 68 кг

Султан былтыр көздөн далдоо болду эле, быйыл жаркырап чыгар дегенбиз. Быйыл деле концертин берген соң жерге сиңген суудай көрүнбөй келет. Ырчы жигитибиз кайда жүрсө да аман болсун. Бирде кайгырып, бирде кубанычка балкып, кыскасы, сахна менен жеке жашоосундагы өйдө-ылдый Султанды өтө арыктатпай, өтө семиртпей бир калыпта кармап тургандай.


Урмат Усенов

Бою – 172 см
Салмагы – 62 кг

Урмат мырзабыз кийимине эле эмес, дене түзүлүшүнө да кылдат мамиле кылат окшойт. Анткени Урматтын боюна салмагы дал келип, идеалдуу болушу үчүн бир-эки кадам эле калыптыр. Бул да болсо жетишкендик. Болбосо Нелядай сулуу айымга туш болгондон кийин көңүлү жай болуп, толуп кетпейт беле...


Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
almasbek
2010-04-06 01:11:19
кочодо корсон кичинекей эле корунушот..........?
0
dobrajelatel
2010-04-06 12:47:57
Султан жерге синбей Аксыга Кербенге барып от души концерт коюп келди.
бул жигиттин салмагы менен боюу туура келет экеееен
Темир кай жерде блбосун ошол жере Оштуктар ашы менен "гошун" алып барып беребиз.
Эрмек болсо толуп эле баратат толуп эле баратат. Арыктачы айланайын. Жарылып кетип тама-шоуго прикол боло корбоооооооо
0
Wonderfullgirl
2010-04-06 18:07:08
Мен Эрмекти узун экенин билбепмин эшикте коргондо кичине эле корунушот экен
0
adilxx
2010-04-06 19:03:21
Султан менен Мирбектин боюн алмаштырып жазып алган жоксунарбы?
0
zvezda
2010-04-08 12:05:41
Mirbektin boyu 178cm emes ko...
0
Камбаров Б К
2010-04-10 17:53:56
Мирбектин бою 173той эле болуш керек...
0
nurma
2010-04-13 15:38:27
he he emnesi bolsoda aman bolushsunda.
0
№ 387, 2-9 апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан