«Ааламга карай жол айылдан башталат" дегендей, атайын билим албай эле өзүнүн шыгы менен тааныштарына макияж жасап жүрүп визажисттик кесипти үйрөнгөн Акинай Эмилова Ким Кардашьян жана Голливуд жылдыздарына макияж жасаган белгилүү визажист Марио Дедиванович менен жолукту. Бул жолугушууда Акинай Голливуд жылдызы менен бет маңдай отуруп баарлашса, Марио Дедивановичтен мастер-класс алып кайтты. "Мен алгач тааныштарыма эле макияж жасачумун. Салонго кирип иштейин десем диплом керек дешти, ошондуктан диплом алып 2 ай борбордогу салондордун биринде иштеп, анан өзүм салон ачтым. Мен дүйнө жүзүнө тараган "Make-up Atelier Paris" косметикасын колдоном. Ал косметиканын негиздөөчүсү, белгилүү визажист-стилист Элен Кийеден окуганы Францияга баргам. Андан ары Дубайга барып, Марио Дедивановичтен мастер-класс алып келдим. Дүйнөлүк жылдыздар менен жолугуу, баарлашуу, алардан тажрыйба алуу мен үчүн чоң сыймык",- дейт Акинай Эмилова.