Кыштын ызгаарында шоу-бизнес өкүлдөрү Санжар Мыкыев, Кубат Кубанычбеков, Анжелика жан шериктери менен жыл бою жайдын жашыл тукабасын жамынган ысык өлкөлөрдүн бири Таиландда эс алып жүрүшөт. Мындай эс алуу чыгармачыл адамдарга эргүү, дем-күч берери бышык. 8 күндүк эс алууда убакытты көңүлдөгүдөй өткөрүп жаткандарын алардын интернеттеги баракчаларына илген сүрөттөрүнөн байкасак болот. Бул тууралуу Анжелика: "Жолдошум экөөбүз жыл сайын бир өлкөгө барып эс алууну максат кылып, ошого жараша аракеттенип иштейбиз. Декабрь айынын башында чыгармачылыктагы досторубуз менен отуруп Таиланд жөнүндө сөз болуп, чогуу барууну пландап баштадык. Жолдомону эртерээк алган арзан чыгарын билип, Паттайя шаарын тандап, билет алып койгонбуз. Чыгармачыл чөйрөдөн 3 үй-бүлө анан Абай, Жазгүл деген досторубуз менен эс алып жүрөбүз. 7 шаркыратмага бардык, пилге миндик, кыскасы, эс алуу укмуштуудай өтүп жатат. 13-январда мекенибизден чыгып кеткенбиз, буюрса, 22-январда борбордо болуп калабыз. Алыс жүргөндө мекениңе болгон сүйүү күчөйт экен. Учактын кулаганын уккандан кийин баарыбыз жаман болдук. Жакындарын жоготкондорго көңүл айтабыз",- дейт.