НАРЫН ШААРЫНДА ОКУУЧУ МУУНУП КАЗА БОЛДУ

9-январь күнү Нарын шаарында С.А. аттуу 2000-жылы туулган өспүрүм асынып каза болгон. Ал болгону алакандай кагазга чоң ата-чоң апасынан кечирим сурап кат жазып калтырган. Окуя тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматкери Медина Султангазиева айтып берди:
– Нарын шаарындагы орто мектептердин биринин директору тарабынан 9-январь күнү Нарын ШИИБине 9-класстын окуучусу өз үйүнөн муунуп каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бул боюнча биздин ыкчам иликтөө тобу окуя болгон жерге барып, алгачкы тергөө аракеттеринин натыйжасында гараждын ичине 2000-жылы туулган С.А. аттуу өспүрүмдүн муунуп өлгөндүгүн аныкташкан. Соттук-медициналык экспертиза кызматынын экспертинин катышуусу менен өлүккө сыртынан кароо жүргүзүлгөн. Каза болгон баланын жанынан "ата, апа, мени кечиргиле жана досторума салам айтып койгула" деген кат табылган. Текшерүүнүн жыйынтыгында өспүрүмдүн ата-энеси жок болгондугу аныкталды. Баланын атасы каза болгондо апасы аны чоң ата-чоң апасынын колуна таштап, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Ошондон бери С.А. чоң ата-чоң апасынын колунда тарбияланып келген. Бул факт боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, анын өлүмүнө шектүү катары эч ким аныкталган жок. Тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган эмес, туугандары да эч кимге эч кандай дооматтары жок экенин билдиришти.

"ЖАКШЫ ОКУУЧУЛАРЫМДЫН БИРИ ЭЛЕ"

Андан соң биз Нарын шаарындагы Матен Сыдыков атындагы орто мектептин директору Жийде Көкөтөева менен байланышып Советбек уулу Азим тууралуу маалымат алдык.
– Азим биздин мектептин 9-классында окучу. Ал сабакты жакшы окуган, тартиптүү бала болчу. Балдар арасында болуучу чыр-чатактарга бир да жолу катышкан эмес. Сабактарды калтырбай окуган, класстын лидер балдарынын бири эле. Билишимче, Азим 3 жашында атасы каза болуп калган, буга чейин аны чоң ата, чоң апасы карашчу. Алар дагы мектеп менен тыгыз байланышта болуп, дайыма небереси тууралуу кабар алып турушар эле. Бул ишке эмне себептен барганына мен дагы түшүнө албай жатам. Мен аны 7 жашынан бери тааныйм, жакшы окуучуларымдын бири болчу. Бул окуя кышкы каникул учурунда болду, бирок классташтары тийиштүү органдар тарабынан суракка алынышты.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
baltabai
2017-01-25 09:39:19
Jaiyy janatuu bolsun
Jatkan jeri jailiuuu bolsun
+3
Elzira.91
2017-01-25 20:55:04
Кандай сырын болсода озун менен бирге ала кетиптирсинда байкушум ий Кудайым сенин жанынды Бейиштин кушу кыла корсун жаткан жерин жайлуу болсун топурагын торко болсун Алла Таалам Шейитинен бере корсун досторуна салам дегенине караганда бир сыр барго деп ойлойм.
+4
DNurgiza
2017-01-25 23:02:40
неге я? неге?
+1
Mononoke
2017-01-26 06:45:14
Ххх деген хештегдер инстаграмда карасанар, оспурумдорду суицидке ундогон группа. оюнга кирсен олот экенсин. ошол оюнга кирип алгандыр
-3
Aizat_1991
2017-01-26 15:07:10
Ооо Жараткан Алла Таалам өзүң күүнөөлөрүн кечирип, бейиштен орун бер!
+1
№ 742, 20-январь-26-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан