ЧЫГЫШ БИЙИН YЙДӨ ӨЗYҢYЗ YЙРӨНYҢYЗ

Бүгүнкү каарманыбыз бийчи Наргиза Момунтаева 10 жашынан тарта бийлеп келет. Наргиза баарыбыз жактырган чыгыш бийин ар бир айым үйдө күзгүнүн алдында өзү деле үйрөнсө болот дейт. Анда шашылалы, Наргизанын жардамы менен 14-февраль – Сүйүшкөндөр күнүндө сүйүктүүбүзгө сюрприз жасоого жетишип калалы...


1.
Бир бутту бир аз алдыга чыгарып, согончокту көтөрөсүз. Кайсы бут алдыга чыкса ошол жамбашты өйдө көтөрүп, кайра ылдый түшүрөсүз. Муну кыймыл эмес сокку деп түшүнүңүз, андыктан катуураак жасаңыз.


2. Кийинки ыкмада жамбашты алдыга, кайра калыбына, капталга, кайра калыбына анан артка алып келесиз.


3.
Денени бош коюп, улам бир тизени кичине бүгүү менен титирейсиз. Тулку бой титирегенде кан айлануу жакшырып, целлюлит кетет, муундардын кыймылы да жакшырат.


4.
Көкүрөктү алдыга, өйдө, артка, ылдый алып келиңиз. Алгач ар бир кыймылды тамга үйрөнгөндөй өз-өзүнчө үйрөнүңүз, андан кийин кошуп окуган сымал кыймылдарды кошуп жасаңыз. Көкүрөк иштеп жатканда дененин ылдыйкы бөлүгү кыймылдабашы керек.


5.
2 бутту ийиндин кеңдигинде ачып, сол жамбашты алдыга, капталга, артка алып келесиз. Сол жамбаш артка келгенде оң жамбаш өзү эле алдыга чыгат, болгону бир аз түртүп коюу керек, кайра капталга анан артка алып келесиз.

ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ!

  • Ар бир ыкманы үйрөнгүчө канча жолу жасаганыңызга көңүл бурбай, шашпай, күзгүнүн алдында жасай бериңиз. Машыгуу 1 жарым саатка чейин созулушу кажет.
  • Үйрөнгөндөн кийин бийлөө учурунда 1 ыкманы 4-8-10 жолудан, бат-баттан жасаганыңыз туура.
  • Бул кыймылдарды бат жасаганда адам тердейт, кан айлануу жакшырат, аялдар жыныстык ооруларынан арылат.
  • Үйдөн жылаңайлак бийлеген ыңгайлуу.
  • Унутпаңыз, тамактангандан 2 саат өткөндө бийлеңиз. Эгер арыктоо максатыңыз болсо, бийлегенден кийин дагы 2 саат тамак ичпеңиз.
  • Чыгыш бийи грыжасы барларга жакшы жардам берет. Кайсы бир дары майды (мазь) сүйкөөнүн ордуна ушул көнүгүүлөрдү жасаса бир нече эсе пайдалуу.
  • Биз көрсөткөн көнүгүүлөр үйрөнчүктөр үчүн жетиштүү. Болгону бийлегенге ыңгайлуу музыканы, бөлмөнү туура тандоо зарыл.

Пайдасы:

  • Чыдамкайлыкка үйрөтөт;
  • Ашыкча салмак кетет;
  • Өзүн жакшы сезип, шайдоот жүрөт;
  • Кан айланууну жакшыртат;
  • Ичегинин иштөөсүн жөнгө салат;
  • Тамак сиңирүүнү нормалдаштырат;
  • Муундардын иштөөсүн жакшыртат;

Кимдерге болбойт?

  • Кош бойлууларга;
  • Бут оорулары;
  • Жүрөк оорулары барларга.

"АЖЫРАШСАМ ДАГЫ КАЙЫН ЖУРТУМ МЕНЕН ЖАШАЙМ"

– Наргиза, "Жаш кыял" бий тобунда канча бийледиң?
– 8 жыл бийледим. Топто жүрүп көптөгөн өлкөлөрдү көрдүм. Жоопкерчиликке, өз алдынчалыкка үйрөндүм. Агайыбыз "мектептен 5 алып келсеңер гана бийге киргизем" дегендиктен жакшы окудум, бийди да таштаган жокмун. Агайыма ыраазымын.

– Кызыңдын атынан "Майрам" бий студиясын ачыптырсың...
– Студияга 3 жаштан жогору кабыл алабыз. Кенже, орто, чоңдор үчүн 3 тайпа бар. "Майрам" студиясынын ачылышына токтоло кетсем, балдарыңдын аракети, жылмайганы, ийгилиги, таланты чыныгы байлык экен. Кызым Майрам азыр 5 жашта, жакшы бийлейт. Кызымдын жөндөмүн өнүктүрүп, ага кошуп балдарга бий үйрөтүүнү максат кылдым. Анын үстүнө мурун мен сабак бергендер "качан жумушка чыгасыз?" дей беришти. Төрөп үйдө отурганда да сабак бергем. Мен анда 80 килограмм болуп толуп кеткем. Ошол салмагым менен кантип сабак берем, инструктор өзү жакшынакай көрүнүшү керек да. Бийлеп, кечкисин саат 6дан кийин тамак ичпей жатып 3 айда арыктагам.

– Бийден башка ишкерлик менен да алектенет экенсиң...
– Бир жолу апам менен Кытайга барып өзүмө кийим ала келгем. Көбүн курбуларым "мага берчи, сонун экен" деп алып кетишти. Ошондон кийин соодага кызыгып кеттим. Бир жолу тойдо бир столдо 12 киши отурсак, ошонун баары мен Түркиядан алып келген кийимдерди кийип келишиптир. "Made in Nargiza" болуп кетиптирбиз го" деп каткырышкан.

– Сурабай кетпесем болбос. Шоумен Бакыт Байсариев экөөңөрдүн ажырашууңарга эмне себеп болду?
– Экөөбүз жаман-жакшы айтышкан жокпуз. Ажырашканыбыздын себеби сүйүү өчтү. Чынында ортобузда чоң сүйүү болгон, 8 жыл бирге жашадык. Аны эч качан жамандабайм, балдарымдын атасы. Дайыма жаркылдап, күлүп-жайнап, аман жүрүшүн каалайм. Мен өтө токтоо адаммын, Бакыт үйгө кеч келеби, эрте келеби баарын көтөрчүмүн. Акыркы убакта таптакыр башка адам болуп 180 градуска өзгөргөн. Эмнеге ушунчалык катуу өзгөрдү билбейм. Эгер менден кетсе, азыр кайын журтум менен бир үйдө жашабайт элем да. Күндүзү жумушка кеткенимде 2 баламды чоң эне, чоң атасы карап калат. Бакыт үйгө келип кетет, бирок мен аны көрбөйм деле. Жолугуп калсам балдар тууралуу гана сүйлөшөм. Кылганымдын баарын жакшы жакка жасап жатам деп түшүндүм. Ушуну түшүнбөсөм, балким азыр жаман болуп отурмакмын. Анткени эртеби, кечпи баары бир ажырашмакпыз. Мен ошол нерсенин эрте болгонуна сүйүнөм. Азыр жашмын, иштейм, балдарымды бутуна тургузам дегендей. Учурда жан дүйнөм тынч, жүрөгүмдө кандайдыр бир жылуулук бар. Келечекте жашоом мен күткөндөй болоруна ишенем.

– Рахмат маегиңе, ишиңе ийгилик.

"Элден өзгөчө кийингенди жактырам. Ошондуктан кызым экөөбүз көйнөктөрдү көбүнчө буйрутма менен тиктирип киебиз".


"Уулум Азирет Алинин келбети атасына, мүнөзү мага окшош".


Сүйүн Кулматова
Адилет Топчубаев
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (56)
jon.as
2017-01-26 15:51:10
Ошол убакта кайненем айткан эле, ат айланып казыгын табат жон кой ыйлаба кайран коз жашын кор болгон деп, айткандай эле болду. Наргизада умут бар окшойт кайын журту менен жашаганына караганда. Ар бир аял бактылуу болушка милдети бар, бирок бироонун ээрин тартып алып эч убакта бактылуу боло албайт. Ар бир адам озунун бактысын озу табыш керек, дайар бактыны тартып албай. Наргиза бактылуу бол. Сага кааларым сабырдуулук анан чыдамкайлык. Бар бол, Балдарындын узурун кор.
+10
bantik
2017-01-26 17:29:21
Суйуунун очоору жаман экен7 Кимдин суйуусу болбосун очобу ия? Суйуу очконуно ичим ачышат.
+3
rahatmiku
2017-01-26 20:36:39
Бироонун кайгысынын устуно бакыт кура албайт! К удай озу сактасын ж ашоо о юнчук сыяктуу эле болуп к алды го.Кайра келгенде деле муздап калган конул жылышы кыйын го...
+7
Mervi
2017-01-26 21:44:38
Комментарий жазгандар аша чаап кетесинер да. Бироонун уй булоосуно баш отунар менен кирип кетпей, озунорду бир аз кармагыла. Суйуу очту, окунбойм деп жатат. Ушунча окуядан кийин кайра жакшы жашоо болмок беле жарашса деле. Бакыт Байсариев башка уй булоосу менен балким бактылуу жашап жаткандыр. Аялына карата жаман кептер кетип жатат. Окуса бул эжеке менен конфликт болуп кетпесин. "Сенин интервьюндан кийин"- деп. Бул эжекеси да бактысын табаар.
-10
meni_kut
2017-01-26 21:58:37
Mervi,адашып плюс басып алдым.Олуп баратса да уйбулоолуу эркектен алыс эле болбойбу.
+3
tuigan.
2017-01-26 21:48:20
Бакыттын акылы жок экен го.Бирок келинчегинде да бар болуш керек
+4
Mervi
2017-01-26 21:51:06
Бакыт ата энемди кечип уйдон чыгып кетти дебептир, эмнеге эле созду ырбатып кечип кетти деп жатасынар. Эркекче чыгып кетиптир башканы суйуп калып. Анан бул эжени кууп чыгыш керек беле. "Мен башканы алып келем" деп
-6
meni_kut
2017-01-26 22:02:14
Mervi,Чымчыктын да уясы бузулбасын.Баланы атанын мээриминен ажыраткан аялга ХХХ
+4
Mervi
2017-01-27 00:57:14
meni_kut, Албетте эч кимдин уясы бузулбасын, сизге кошулам. Суйууну эки тарап жоготпой багуу к.к да. Болору болуптур ажырашыптыр. Суйуу жок, ынтымак жок уй булоодо ызы чуу да чонойгон балдардан коро. Энеси менен жашап атасын сагынганда коруп турган жакшыбы дейм да. Суйуу жок жерде озунду мажбурлап жашоо кыйын болсо керек.
-4
meni_kut
2017-01-27 07:21:53
Mervi,суйуунун балакетин аласынбы,балдарга ата мээрими толук керек.Тем более эркек балага ата тарбиясы керек.Келип кеткен конок болбой.Ким айтты ызы чуу жашоо деп.Тынч жашап жатканда балдардын убалынан коркпогон шайтандын торуна тушту.Алланын алдында эч ким жазасыз калбайт.
+6
admin_superstan
2017-01-27 10:14:51
meni_kut, этика нормаларын сактаңыз.
-1
ozgeldi
2017-01-26 22:37:01
Ким ал Байсары деген.Чынында тааныбайт экем же замандан артта калгам го
-1
Tima07
2017-01-27 19:14:31
жарым жыналач кылып бул бийди уйротпой. кара жорго бийин уйроткулочу.
-4
Umka636589
2017-01-28 11:13:27
Акыркы учурларда эркектер бир эмес торт аял алсак болот экен шарият боюнча деп калышкан менимче Бакыттын максаты ошондой го,анысы менен да суйуусу очот коп болсо 10-жылда ,баарын убакыт корсотот го
+4
KyrgyzKagan
2017-01-28 18:56:19
Суйуу суйуу дейсинер суйуу жок же 3кундук нерсе. Чыныгы суйуу кинодо же чыгармаларда кана кездешет. Кинодо же чыгармаларда эки суйушкондун бироосу олот же жетпей калат. Ошондуктан бизге чыныгы суйуу бардай туюлат. Эгерде аларда бири-бирине жетсе жыл отуп аларда урушат. Жашоодо суйуу эмес урмат сый болуш керек. Аялы балдарымдын атасы деп сыйласа, Куйоосу аялын ошондой сыйлашы шарт. Ал эми бул жерде женебиздин суйлогон созунон байкасак токтоо акылдуу жана сулуу экен. Жакшы аял куйосунда эч качан
0
KyrgyzKagan
2017-01-28 19:22:02
KyrgyzKagan, жамандабайт. Алтын жерде жатпайт дегендей бул кызгада коз арткандар чыгып аткандыр. Ал эми Байсариевке келсек артисти аялым дебе, Таксистти куйоом дебе деген макал эске тушот. Эл алдына коп чыгып той топурда коп жургон немеге бироо жарым жармашып суйуу деген 5 создун артына бекинип козун туман басып атканго? Кеч болсода уйуно кайтып калаар. Ал эми макаланын башындагы чыгыш бийинер 90пайыз эркеке жакпайт болуш керек. Менимче копчулук эркектер аялынын же суйгонунун антип бийлешин эмес
+1
KyrgyzKagan
2017-01-28 19:31:26
KyrgyzKagan, Башка уй булого пайдалуу иш менен алек болушун каалайт. Билбейм эми кечинде бала чакасын чон ата чон энеси менен уктатып коюп анан музыканы акырын коюп алып светти очуруп светилникти куйгузуп алып эле бийлетпесе )))))) копчулугуно аялынын киндигин корсотуп бийлоосу азыркы биздин коомдо терс кабыл алынатго. Ошол сынары магада жаккан жок. Башка пайдалуураак нерсе уйротсонор жакшы болмок. Жогоруда бироо жазгандай Кара Жорго бийин.
-1
aseras
2017-01-31 14:06:54
KyrgyzKagan,ошол светилникти куйгузуп эрлерине бийлеп берсин деп кыз келиндерге уйротуп жатат да)))козун май басканы чын ама))макаланын башындагы чыгыш бийи 90%эркекке жагат эле,))бирок бир гана куйоосуно гана ьийлеп беруу керек.
+1
aseras
2017-01-31 19:07:29
KyrgyzKagan,баса киндигин ачып бий уйроткон фотодогу кыз бул келин эмес окшойт.жакшылап караныз).
+1
gulmira12345
2017-01-28 21:52:47
бироонун турмушу чытырман токой аялы акылдык экен атасы менен апасынын батасын ал бата менен эл когорот
+1
Maxima
2017-01-29 14:47:29
Бакыт байкебиздин өзгөрүп кеткенин түшүнүп турам, эркек көбөт тура, ХХХ ХХХ деп. Кудай сыноо жиберет бирөөнө акча, байлык, бийлик берип, бирөөнүн жакынын алып же оору берип ошону адам көтөрө алса гана сыноодон өтөт. Кээ бирлер аны түшунбөй жер менен баспай учуп калышат тура мен шумдукмун деп. Ошо сыяктуу эле ХХХ ХХХ ХХХ, бала бакырасы да көзүнө илинбей. Ээээх ушуну убагында түшүнсө гана
+2
admin_superstan
2017-01-30 13:26:30
Maxima, далилсиз маалымат жазуудан алыс болуңуз.
0
Ayka0696
2017-01-29 17:24:21
Ийгилик калайм.
0
Kuban99.kg
2017-01-29 23:51:22
Эмне деген уй - було бул
0
Santana
2017-02-08 03:01:43
Эртен Бакыттын маеги чыкса аны туура коруп Наргизаны жамандап жатып калабыз го
-1
№ 742, 20-январь-26-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан