Бишкекте кытай туугандардын күн санап көбөйүшү көпчүлүктү ойго салбай койбосо керек. Бир гана борборубузда эмес, айылдарда да кытайлар отурукташууда. Бул көрүнүш кыргыз элине эмне пайда алып келет же зыяндуу жагы көппү?
ЖАНГ ШУ МЕЙ:
«КАЧАН КЕТЕРИБИЗДИ АЙТА АЛБАЙМ»
Кытай улутундагы Жанг Шу Мей Кытайдын Чин Дао шаарынан Бишкекке досунун чакыруусу менен келген. Бишкектеги сулуулук салондорунун биринде косметолог болуп иштегенине бир жарым жыл болду. Кытайда эки сиңдиси бар. Алар дагы косметологдук менен алектенишет. 38 жаштагы Жангдын жолдошу да кытай улутунда. Ал Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыгер болуп эмгектенет. 18 жаштагы уулу Кытайда чоң энесинин колунда. Жанг Шу Мей Кыргызстанга келгенинин себебин мындайча түшүндүрдү.
– Биз Кыргызстанга бир жылдык виза менен келебиз. Бишкекке келген себебибиз – бул жакта иштөө аябай оңой. Мисалы, Кытайда мен иштегендей укалоо, бетти тазалоо ыкмаларын жасоочу адистер көп. Башкача айтканда, атаандаштык күчтүү. Ал жактан үйрөнгөн ыкмаларым менен кыргызстандык туугандарды тейлеп жатам. Бул жерде батирде жашайбыз. Үй сатып алалы десек, чет өлкөлүктөргө алууга болбойт экен. Кыргызстандан биротоло качан кетерибизди азырынча айта албайм.
ПЕН:
«ТУУЛГАНДЫГЫМ ҮЧҮН АТА-ЭНЕМ САЛЫК ТӨЛӨГӨН»
“Таатан” соода борборунда иштеген Пен аттуу жигит буларга токтолду.
– Мен 1990-жылы төрөлгөм. Ал жылдары Кытайда бир баладан ашык төрөгөнгө уруксат жок эле. Мен үй-бүлөдө экинчи баламын. Анан ата-энем менин жарыкка келгендигим үчүн салык төлөшүптүр. Тун баланын билим алып, бир кесиптин ээси болушуна, жумушка орношуусуна мамлекет жардам берет. Ал эми салык төлөнгөн балдарга андай мүмкүнчүлүктөр жок болчу. Ошол себептен жанымды багайын деп Кыргызстанга келгем. Бишкекте атамдын иниси менен батирде турам. Кытайдан жумшак эмерек алып келип сатабыз.
Орус тилине кызыккандыктан, Улуттук университеттин алдындагы орус тилин үйрөтүүчү курста окуп жатам. 1 жылга 1000 доллар төлөйм. Окууга, жашаганга кетүүчү акчаны өзүм табам.
КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
“Дордой” базарын аралап жүргөнүбүздө соода кылгандардын кытайларга нааразы экендиктери сөздөрүнөн байкалып жатты. Бул нааразычылыктын түйүнү товарда экен. Базарда отургандар: "Кытайлыктар товар чыгарган фирма менен түз иштешет. Биз Кытайдан алып чыккан баада алар ушул жерде сатышат. Анан биз банкрот болбогондо эмне болобуз?! Алардын жашоо деңгээли кыргыздар менен эле бирдей. Мисалы, биз Орусияда иштеп келгенбиз. Ал жакта сырттан келгендер базардагы орунга жергиликтүү калкка караганда кымбат төлөтөт. Бизде деле ошондой кылып койсо болмок, өздөрү эле кетмек",- дешет.
Бул маселени ЖКнын депутаттары да күн тартибине коюп талкуулашкан эле. Талкууда депутат Бейшенбек Абдрасаковдун “кытайлар бизде көбөймөк тургай кыргыз кыздарына үйлөнүп жатышпайбы” деп күйгөнү бар.
«КЫТАЙЛАР ҮЧҮН БИЗ...»
"Кытайлардын көбөйүшү кооптуубу?" деген суроо менен тарых илимдеринин доктору, профессор, саясат иликтөөчү Нур Омаровго кайрылдык.
– Нур мырза, учурда "чек арадан Кыргызстанды көздөй өткөн кытайлардын саны айына 200гө жетет" деген маалымат бар. Бул кооптуубу?
– Кыргызстанга келип жаткан кытайлардын санынын кескин көбөйгөнүн аналитиктер, саясат изилдөөчүлөр, анын ичинде мен 2000-жылдан бери айтып келе жатабыз. Анткени бул коркунучтуу тенденция ошондо эле байкалган. Бирок “айына 200 кытай кирет” деген маалымат туура эмес. Алар Кыргызстанда жашап калууну деле ойлошпойт. Эгер мекендеп калгылары келишсе, анда бизди эмес, Казакстанды, Орусияны тандашмак. Анткени бул өлкөлөр бизден бир кыйла өнүккөн. Кирген кытайлардын артка кайтпай жаткандарынын себеби – Кыргызстандын КМШ өлкөлөрүнүн көбү менен визасыз келишими бар. Алар бизди КМШ өлкөлөрүнө же андан ары башка мамлекеттерге өтүү үчүн транзиттик база катары колдонуп жатышат.
– Кытайлар биздин жаштарга тилин үйрөтүү менен кытайлаштыруу максатын көздөшкөн жокпу?
– Чынында, азыр айрым өлкөлөрдө англис эмес, орус тили да эмес, кытай тилинде сүйлөө актуалдуу. Кыргыз жаштары да дүйнөлүк өсүштөн калышпай кытай тилин өздөштүрүшүүдө. Бизде ашып кетсе 10 миңдей кытай жашайт. Азырынча алардын Кыргызстанга тийгизген 2 зыяны бар: биринчиден, жергиликтүү жарандардын жумуш ордун ээлеши, бул – экономикалык зыян; экинчиден, Кытайдын жарандары биздин территория аркылуу башка өлкөлөргө өтүшүүдө. Кыргызстандын ансыз деле анча бийик эмес кадыр-баркын ого бетер төмөн түшүрүп, кошуналарга жаман көргөзүп жатышат.
«ОЙЛОНБОЙ КОЁ АЛБАЙБЫЗ»
Макалабыздын кириш сөзүндө кытай туугандардын айылдарда да бирин-экин отурукташып жатканын сөз кылбадыкпы, бул сөзүбүздү Ат-Башы айылынын тургуну, ошол райондогу “Элдик кыймылдын” жаштар канатынын лидери Айнура Сатыбалдиева тастыктайт.
– Биздин кыймыл коомдо болуп жаткан кооптуу көрүнүштөр көз жаздымда калып кетпеши үчүн түзүлгөн. Учурда толкундоо жараткан көрүнүштөрдүн бири бул – кытайлардын ата мекенибизди акырындык менен басып бара жаткандыгы. Бул боюнча ойлонбой коё албайбыз. Ушул жылдын эле 27-мартында биздин райондун Кара-Суу айылына барып келдик. Биз уккандай эле айыл тургундарынын бирөөсүнүн эки кабаттуу үйүн жети кытай батирге алып жашап жатышыптыр. Айына 13 000 сомдон бир жылдыкын алдын ала төлөшүптүр. "Кандай максат менен канча мөөнөткө келдиңер?" деген суроо узатсак, “котормочубуз жок, жетекчибиз борборго кеткен” деп жооп бербей коюшту.
Кытайлардын жергебизде көбөйүшү ар бир кыргызды ойлонтору талашсыз. Канчалык зыяны, канчалык пайдасы бар экенин изилдөө олуттуу маселе экени да анык.
КЫСКАЧА...
Сүйүн Кулматова