Айымжан Айылчиева, ырчы: "САЯКАТТАН АКЧА АЯБАЙМ"

– Айымжан, Караколдо тоо коюнунда эс алып жүрүптүрсүң. Лыжа тепкенди канча убакытта үйрөндүң?
– Лыжа тепкенди өткөн жылы Чуңкурчактагы лыжа базасына үй-бүлөм менен барганда үйрөнгөм. Ата-энем лыжага тургандан коркуп коюшту. Иним экөөбүз тобокел кылып тээп көрсөк, аябай жагып калды. Инструктор 1 сааттын ичинде эле тепкенди үйрөтүп койду. Эң башкысы денеңди баланста кармап, аны башкарууну билиш керек. Гипске оролуп жатып калгың келбесе, коопсуздук эрежелерин сактоо зарыл. Экстремалдуу спорт болгону менен, абайлап тепсең энергия алып, сөз менен жеткире алгыс сезимдерге курчаласың.

– Жаңы жыл алдында Испанияга барып тасмага тартылып келдиң. Тасмада биринчи жолу өзүңдү сынап жаткандыктан, образды ачып берүүдө кыйналган жоксуңбу?
– 1 айга жакын Испаниянын Барселона шаарында тасма тартып жүрдүк. Ал фильм жазында көрүүчүлөрдүн назарына коюлат. Чындыгында, тажрыйбасы жок адамга образга кирүү кыйын болот экен. Бул мен үчүн жаңы нерсе болчу да. Бирок мени менен чогуу тартылган адамдар актёр болбогону сооротту. Ошондуктан өтө кыйналган жокмун. Тасманын режиссёру бардык клиптеримди тарткан клипмейкер болгондуктан, анын камерасы сүрдөткөн жок. Күчүмдүн жетишинче образды ачып бергенге аракет кылдым. Тасмага тартылууга жөнөкөй жарандарды чакырсак, алар ойлонбостон макул болуп, жардам көрсөткөнү жагымдуу болду.

– Испания мамлекети кандай сезимдерди калтырды? Эмнесине суктандың?
– Испанияга болгон сапарыбыздын башкы максаты – тасма тартуу жана саякаттоо эле. Бул планыбыз толугу менен ишке ашты. Испаниянын Барселона шаары мага унутулгус таасир калтырды. Таптакыр башкача инфраструктура, бир нече муун басып өткөн көптөгөн тарыхый имараттарды көрүп суктандым. Жашоочулары да ачык-айрым жана меймандос адамдар экен. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, сөзсүз бул жакка дагы бармакмын. Барселонаны футболсуз элестетүү мүмкүн эмес го. Ошондуктан футбол оюнун көрбөй кете алган жокпуз. Биз Эль-Класико оюнун көрүүгө жетишпей калдык, билеттер сатылып кетиптир. Анын үстүнө 200дөн 2000 еврого чейинки баадагы билеттер биз үчүн кымбат болчу. Биз "Барселона"–"Боруссия" командаларынын беттешине күбө болдук.

– Кайсы командага жан тарттың?
– Эч кимисине. Себеби биздин максатыбыз – стадионду, сүйүктүү командаларына жан үрөгөн футбол сүйүүчүлөрүнүн маанайына күбө болуу эле.

– Жашоо кымбат бекен?
– Башка европалык мамлекеттерге салыштырмалуу азык-түлүктөрдүн арзандыгына таң калдык. Өзүмө эч нерсе алган жокмун, акчамдын баарына жакындарыма, досторума белек алдым. Ал жакта эң кызыгы дем алыш күндөрү дүкөндөрдүн бири да иштебейт экен. Бизде таң атпай эле жумуш башталса, алар саат 10-11лерде араң ишке киришерин баамдадым. Бул мамлекетте жашаса болот, бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Бирок 1 ай жүрүп, акырында кетким келе баштады. Баары укмуш болгону менен, жакын адамдарың жаныңда болбосо сагынат экенсиң.

– "Сен барда" деген казак тилиндеги ырыңдын клиби да Испанияда тартылыптыр. Ырдын автору ким?
– "Сен барда" аттуу ырым казакстандык кесиптешим, Галымжан деген досумдун белеги. Аны менен 2014-жылы казакстандык долбоорго катышып жүргөндө таанышкам. Ал дагы долбоордун катышуучусу болчу. Ошол кезде эле экөөбүз казак тилинде чыгарма жаздырып, ал рэп айтса, мен вокалдык бөлүгүн ырдагам. Жайында Галымжан чалып ырды угузуп көрдү, мага жагып калды. Клиптин идеясын дагы чогуу талкууладык. Клипке тартылууга Жан Воиновду чакырдык. Эгерде досум Миша Ем болбогондо клип мындай заманбап жана жаштарга ылайыктуу болбой калмак. Ал бардык идеябызды иш жүзүнө ашырган адам болду.

– Учурда апаң менеджериң экен. Мурдагы менеджериң Мирзада Майчинова менен эмне себептен иштешпей калдың?
– Мирзада экөөбүз тыныгуу алдык, себеби анда жаңы долбоорлор жаралды, мен да тасмага тартылып калдым.

– Былтыр Борбор Азиядагы Америка университетинде бекер окууга сертификат утуп алдың эле...
– БААУнун музыкалык сынагына катышууну ата-энем, ошол окуу жайда окуган досторум сунуштаган. Учурда эркин искусство факультетинде окуйм. Жашмын, келечегим алдыда, ошондуктан азырынча өзүмдү издеп жатам.

– Социалдык тармактын колдонуучулары көпчүлүк атактууларга сын пикир айтып, өтө көп негативдүү комментарийлерди жазышат. Сенин баракчаңда да сын айткан окурмандарың барбы?
– Менин социалдык баракчама дагы негативдүү комментарийлерди калтырышат. Бирок андай учурлар кээде гана болгону кубандырат. Башында аларга жооп кайтарып жазып турчумун. Кийин канча адам болсо, ошончо пикир болорун түшүндүм.

– "Акча чогултуп өзүмө унаа белек кылайын деген тилегим бар" дедиң эле, бул кыялың ишке ашканы жатабы?
– Чындыгында ушундай планым бар болчу, жылдын аягына чейин "темир курбу" сатып алам деп ойлойм. Бирок саякаттоо, өзүмдү өстүрүү эң башкы максатым. Башка нерсеге аясам да, саякаттоого акча аябайм, буюрса, үй-бүлөмдү чет өлкөгө алып баруу планым бар. Мүмкүнчүлүк болсо Жер шарын кыдырып чыккым келет. Анткени канчалык көп элдин маданиятын билсең, дүйнө таанымың кеңейип, аң-сезимиң өсөт. Чет өлкөгө чыккан ар бир сапардан кийин жаңы нерселерге сугарылып, жакшы таасир менен келем.

– Маегиңе рахмат, тилегиң орундалсын!

"Тасмада Жан Воинов өнөктөшүм болду".


"Барселонада футбол оюнуна күбө болууга жетиштим. Ошондой эле шаардагы инфраструктураны, бир нече муун басып өткөн көптөгөн тарыхый имараттарды көрүп чыктым".


Динара Абдыкадырова
Миша Ем
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
jarkyn_jakta_jasha
2017-02-01 10:49:19
Сонун
0
Joodarbeshim
2017-02-01 12:17:01
Жаш болсонда ой жугуртуун башка Жашы улуу айрым ырчыларга Караганда сонун,мага жагат,азамат кызсын,стилине ото баа берем
+8
Yahoo
2017-02-01 12:21:08
Joodarbeshim,
уйлонуп алда
+7
Lion.
2017-02-01 12:19:40
Суйомго айыманы ))
-1
mentol
2017-02-01 14:23:40
Суйууну биринчи орунга койблсон эле каалаган нерсене жетишууго болот. Азамат алга умтулабер!
+4
kilim
2017-02-01 18:18:31
Барселонанын оюнун Камп Ноудан корсом эн чон кыялым орундалат эле
0
Gerda96
2017-02-02 08:39:10
Азаматсын, ИЙГИЛИК! стилине соз жок
0
aitieva00
2017-02-02 15:16:33
Ийгилик сизге!
0
Alinokka
2017-02-02 15:18:24
Суйом го Айыма эжени)))
0
№ 743, 27-январь-02-февраль, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан