Дамир Газинур уулу, волейболчу: «КЫРГЫЗ ВОЛЕЙБОЛУ ЖАНДАНДЫ»

Кыргыз волейболу акыркы убакта алга арыш жасап, күйөрмандарды кубантып жаткан убагы. Улуттук курама команда эл аралык мелдештерге байма-бай катышып, Азия чемпиондугунда күмүш медаль тагынууга жетишти. Аталган курамдын оюнчусу Дамир Газинур уулу жетишкендиктер жана алдыда боло турчу мелдештер тууралуу маек курду.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 7-июль
Туулган жери – Чүй облусу, Ысык-Ата району, Эпкин айылы
Бою – 190 сантиметр
Салмагы – 80 килограмм
Ойногон клубу – «Жаңы-Муун»
Жетишкендиктери – Кыргыз Республикасынын чемпиону (2016-жыл), Азия чемпиондугунда күмүш медаль (2016-жыл), спорт чебери
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

– Волейбол боюнча улуттук курама команда өткөн жылдын аягында Азиянын борбордук зонасынын чемпиондугунда ийгилик жарата алды. Бирок финалдык оюнда калыстын ышкырыгына жетпей эле утулуп калдыңар, буга эмне себеп болду?
– Ал мелдеш Бангладештин Дакка шаарында өтүп, биз менен бирге үй ээлери, Ооганстан, Непал жана Мальдив аралдары катышты. Алгач тайпадагы бардык атаандаштарыбызды утуп чыктык. Бирок мелдештин эрежеси ушундайбы же үй ээлери ушундай болорун билгенби, айтор, тайпалык оюндарда 1-2-орун алган командалар суперфиналда ойномой болгон. Анда Бангладеш менен ойнодук. Буга чейин аталган команда менен 3 жолу ойноп, үчөөндө тең жеңиш биз тарапта болгон эле. Тайпалык оюнда бир оюнчубуз жаракат алып калган, финалда дагы бирөө жаракат алып калды. Жыйынтыгында курамга оюнчулар жетишсиз болуп, калыстын ышкырыгына жетпей эле жеңилүүгө дуушар болдук. Күмүш медалга жеткенибиз менен, ар бирибиз ичибизден уйгу-туйгу болуп жатканыбыз байкалды.

– Бирок бул жыйынтык деле жаман эмес. Акыркы учурда волейбол спорту өлкөдө бир тепкич өйдө жылганы байкалат...
– Мурунку жылдары клубдар арасында өлкө чемпиондугу эле өтүп, улуттук курама команда деген унутулуп калыптыр. Акыркы 3-4 жыл аралыгында волейбол федерациясынын жана клубдардын жетекчилери улуттук курамды жаңыдан түзүү, эл аралык мелдештерге катышуу иштерин колго алышты. 2015-жылы алгачкы эл аралык мелдешке катышсак, эми быйылкы жылы Азиянын мыкты командалары болгон Казакстан, Индия жана Пакистан сыяктуу командалар менен Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарына катышканы турабыз. Бул оюндар биз үчүн тажрыйба болуп, жаш спортчуларга үлгү боло албасак да, түрткү боло алабыз деп ишенем. Өлкөбүз үчүн эл аралык деңгээлдеги мелдештерге жол ачылып, кыргыз волейболу жанданды.

– Өлкөбүздөгү волейболго кызыккандардын саны арбып, командалар көбөйүп жатканы сыр эмес...
– Ооба, волейболду негизинен улуттук оюн деп да атап коюшат, анткени, ар бир айылда ойношот. Өлкө биринчилиги да өсүшүн арытып жатат. Алсак, 1-Лигада 10 командадан ашык клуб ат салышат. Ал эми Улуттук Лига – бул Жогорку Лига болуп эсептелип, анда 6 мыкты команда биринчи орун үчүн күрөш жүргүзөт. Мурунку жылдары фаворит саналган 1-2 команда эрте эле белгилүү болсо, азыр ар бир команда күчтүү. Атүгүл командалар чет өлкөлүк легионерлерди курамга чакырып, күчтөнүп башташкан.

– Волейболду кантип тандап калдың эле?
– Мектепте окуп жүргөндө шахматтан тарта футболго чейин ойнодум. Бирок олуттуу түрдө машыгуу деген жок болчу. Бир тууган агам Бишкек шаарында волейбол клубунда ойноп баштаганда менде кызыгуу ойгонду. Агам волейбол клубу аркылуу чет өлкөлөргө чыгып жатканда мен да машыга баштадым. Мектепти бүткөндөн кийин Бишкекке келип, "Теңир-Тоо" волейбол клубуна кошулгам.

– Алгачкы машыктыруучу, алгачкы ийгиликтер эстен кетпейт деп коюшат эмеспи. Сенин да эсиңде болсо керек?
– Абдыганы Калыгулов деген машыктыруучум алгачкы устатым болду. Азыр Самат Догочиевдин командасында тарбияланып, машыгып келем. Алгачкы ийгилигим тууралуу айтсам, ал мен үчүн чоң түрткү берген. 9-класста облустук мелдеште байгеге жетишкенбиз. Ал мелдеште диплом жана медаль алып абдан кубангам.

– Спорттон тышкары эмне менен алек болосуң?
– Учурда кыргыз волейболу спорт менен гана жашай турган деңгээлге жете элек. Дегеним, көпчүлүгүбүз эле спорттон тышкары окуйбуз, иштейбиз. Мен учурда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында мугалим болуп эмгектенем.

– Волейболдо жаракат алуу көп катталабы?
– Волейбол да эң көп жаракат алчу спорттун катарына кирет. Кол, манжа, буттар чоюлат дегендей. Буга Азия чемпиондугунда финалдык оюнда жаракаттан улам курамыбыз толук болбой калгандыгы мисал.

– Паркетте кандай өңүттөгү оюнду алып барасың? Амплуаң кандай?
– Мен тор үстүндө блок коюучу, коргоочумун. Башкача айтканда, биз атаандаштын соккуларына тосмо болобуз жана чабуулдарды жасайбыз. Бул амплуадагы волейболчулар дайыма кыймылда жана дайыма секирикте болуп турабыз. Жакшылап секире албасаң оюндун жүрүшү сенин пайдаңа чечилбейт.

Улуттук курамда жаш, тажрыйбалуу оюнчулар чогулган.


Дамир чабуулда мыкты соккусу менен айырмаланат.


Улуттук курама команданын жеңиштен кийинки селфиси.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
hochuradosti
2017-02-01 14:43:11
Молодцы.
+2
baltabai
2017-02-01 18:49:02
Mendagy vallebol go kyzyggamyn telefon nomurnu tashtap ketsin
0
baltabai
2017-02-01 18:51:14
Однокласснике кирсен
Логинин Кандай
0
Kamchy-bek
2017-02-01 19:17:26
Azamattar
+2
joken
2017-02-02 14:49:11
Жарайсыар Кыргызымдын жигиттери!!!!
+1
Taalai94
2017-02-05 21:04:49
Жамалданда интервью алгылачы
0
admin_superstan
2017-02-06 11:42:35
Taalai94, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
№ 743, 27-январь-02-февраль, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан