СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Футбол

АТААНДАШТАР ИНДИЯ, МЬЯНМА ЖАНА МАКАО


Футбол боюнча 2019-жылы өтө турган Азия кубогунун тандап алуу оюндарында Кыргызстан курама командасынын атаандаштары белгилүү болду. 23-январда Абу-Даби шаарында чүчү кулак ташталып, Кыргыз өлкөсү "А" тайпасында Индия, Мьянма жана Макао командалары менен күч сынашмакчы. Тандап алуу оюндарында тайпадан 1-2-орун алган командалар 2019-жылы БАЭде өтө турган финалдык баскычка чыгышат.

28-март: Кыргыз Республикасы – Макао
13-июнь: Индия – Кыргыз Республикасы
5-сентябрь: Кыргыз Республикасы – Мьянма
10-октябрь: Мьянма – Кыргыз Республикасы
14-ноябрь: Макао – Кыргыз Республикасы
2018-жылы 27-мартта: Кыргыз Республикасы – Индия

Универсиада

КЫШКЫ УНИВЕРСИАДАГА 10 СПОРТЧУБУЗ КАТЫШАТ

Казакстандын Алматы шаарында 29-январдан 8-февралга чейин 28-Бүткүл дүйнөлүк Кышкы Универсиада оюндары өтөт. Мелдешке 50дөн ашык мамлекеттен 2 миңдей спортчулардын катышары күтүлүүдө. Аталган мелдештин программасында 12 спорт түрү бар. Бул оюндарда өлкөбүздүн намысын 10 спортчу коргойт. Евгений Тимофеев, Максим Гордеев, Тариэл Жаркымбаев жана Кундуз Абдыкадырова тоо лыжа спортунда күч сынашса, биатлонго Николай Матвеев катышат. Ошондой эле сноуборд боюнча мелдештерге Тимур Губаев, Евгений Кузьмин, Алексей жана Павел Вакуриндер, муз үстүндө бийлөөдө өз өнөрүн Кристина Бедросова көргөзөт.

Теннис

СЕНСАЦИЯГА БАЙ АВСТРАЛИЯ АЧЫК БИРИНЧИЛИГИ

Дүйнөнүн мыкты теннисчилери учурда Чоң шлем мелдештеринин бири саналган Австралия Ачык Биринчилигинде күч сынашууда. Аталган оюндар сенсацияга бай болуп, фаворит саналган спортчулар четтен ыргып кетишти. Алсак, дүйнөлүк рейтингдин сап башындагы Энди Маррей Миша Зверевге утулса, аталган мелдештин учурдагы чемпиону Новак Жокович өзбек спортчусу Денис Истоминге жеңилип калды. Учурда жеңиш жолунда айтылуу Рафаэль Надаль менен Рожер Федерер келе жатат.
Ал эми кыз-келиндер арасында Серена жана Винус Уильямстар атаандаштарын жеңип келе жатышса, дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турган жана учурдагы чемпион Анжелика Кербер чейрек финалга жетпей утулуу ызасын тартып калды.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
baatyrbek083
2017-02-02 20:05:13
Ийгилик калайбыз
0
televizor
2017-02-03 10:27:21
КРнын премьер министри результат көрсөткөн спортсмендерди сыйлады, ошол жөнүндө жазыңыздарчы.
0
№ 743, 27-январь-02-февраль, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан