"КЕЛ, ЖАЙ ЧАКЫРАБЫЗ?"

Тык-тык... Бийик такаңды тыкылдатып сенин келатканыңды илгиртпей билем. Калп эле компьютер тиктемиш болом. Эч кимге көңүл бөлбөй иштеп жаткандаймын тим эле. А чынында көз кыйыгым менен узун буттарыңды карап, "кылт" эте шилекей жутам. Керемет! Буттарың сонун... Скульптор болгонумда жан дилим менен сулуу буттарыңды тарыхта калгыдай жасап чыкмакмын. Кыска юбкаң делебемди козгойт. Кыска кийген өзүңө да жагат окшойт. Мага андан бетер... Эмнелерди гана кыялданбайм?! Сен экөөбүз өөп-жытташып иш бөлмөдө, столдо, отургучта... Кыялдар күлүк, түстүү... Жайкысын аптап бир тең, сенин эликтикиндей сулуу буттарың бир тең. Тердеп-кургап, тарсылдатып компьютердин баскычтарын тез-тезден басам. Тарс-тарс... Улам ылдамдайм. Көзүм буттарыңда. Бах, чиркин!
Азыр кыш. Маңдайымда калың кийинип сен отурасың, бүрүшүп. А мен жайды сагындым! Жайды, сенин жылаңач буттарыңды, кыска юбкаңды, гүлдүн желекчелериндей жука көйнөктөрүңдү, өзүмдүн күлүк, тентек кыялдарымды... Көңүлсүз жайма-жай гана баскычтарды баскылайм. Сени кантип жылытсам экен? Кантип кышты жайга айлантам? Эх, жолун билем десең! Бирок жалгыз колумдан келбейт. Сенин жардамың керек. Жардамың эмес, жай чакырууда сен башкы ролдо болосуң. Ушунун баарын айта албай шаабайым сууп, маанайым жок отурам. Сен да бүрүшөсүң! Эртең даярданып келбесем, айтчумду айтам, көңүлүңдү алам, күлдүрөм, кылыктантып жылмайтам... Анан экөөбүз жай чакырабыз! Иш бөлмөдө, иш столунда, отургучта...

Кубат

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (33)
kanybek1986
2017-02-05 02:01:06
Чакыр чакыр
-1
kanybek1986
2017-02-05 02:01:24
Чакырагой
-1
Zynk.kg
2017-02-05 03:36:38
Бул супер инфодо иштеген кыздардын бирине жазганго кешиптеш жигитери)))
+5
Shakenaga
2017-02-05 12:26:48
Жакшыкен коз менен ишти бутуруп койот экен
+3
Kadyrov_92
2017-02-06 02:42:23
Фантазёр экенда жигит озунчо))
+2
_KipchaK_
2017-02-06 10:08:29
Эээ бай болгур. Козунду чачырата бербей уйлонуп ал да жаныны кыйнабай).
+6
Kadyrbek09.10.2015
2017-02-06 14:21:45
Даярданып барам күлдүрөм жылмайтам дейт анан жайды чакыралат бекен
0
Dilbaranurdinova
2017-02-06 15:11:01
Хаха
0
baytemiraliev
2017-02-06 15:43:52
Ха ха ха
-1
baytemiraliev
2017-02-06 15:44:41
Ха ха
0
kalman
2017-02-07 00:32:15
Салам туугандар! Мен ушул эробекеттин бир нерсесине таң каламда, сайттан кирейин десең өз атыңыз мн же каттодон отүңүз дейт типа 18+ жашы жете электерге болбойт деп. Анан эмнеге газетага чыгарышат? Газетаны 18+ка чейиндер да окушатго?!
+5
altuha8989
2017-02-08 16:33:21
Тушунуксуз тооба
+1
timaika9195
2017-02-15 11:00:40
Kalman. Azyr erobeketti gazetaga chygarbai kalgan. Azyr tolko internetten gana kattalgandar okuit. Birok 18jashka cheiinki kattalgandar dele kop.
+1
bak1122
2017-02-21 20:37:15
айтатурган эркек жайды кутпой эле айтат тарс тарс эле
+1
jigit93
2017-03-05 16:26:24
Мен да элестетип бир жутунуп алдым го
+1
№ 743, 27-январь-02-февраль, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан