Нурмат Садыров, ырчы: "МАИ КЫЗМАТКЕРИ МАШИНА АЛЫП БЕРГЕН"

Нурмат Садыров 2010-жылдан бери маршруттук таксиге түшө элек. "Ушул унаамдын алды-артына күйөрман кызым "Нурмат, мен сени сүйөм" деп жазып, телефон номерин калтырып кетиптир. Ошонун айынан полировка кылдырганча жөө жүрүп калдым",- дейт ал.

УНААСЫ ТУУРАЛУУ:

Үлгүсү
– Lexus
Модели – GS 300
Кыймылдаткычынын көлөмү – 3000 см3
Чыккан жылы – 2008-жыл
Баасы – 12 000 доллар
Түсү – Кара
Эң жогорку ылдамдыгы – 260 чакырым-саат

"МУЗДАТКЫЧКА УНААНЫН СҮРӨТҮН ЧАПТАЙ БЕРЧҮМҮН"

-Бала кезде унаа айдаганга кызыгып, зымды ийип унаа, дөңгөлөк жасап ойночумун. Атам трактор айдагандыктан үйдө темир-тезектин түрү бар эле. Ошолордун таасиринен улам техникага жакын болуп өстүм. Кошунабыздын Жигулисине кызыгып жүргөн күндөрдүн биринде таякем жапжаңы Волга 3110 үлгүсүндөгү унаа алды. Апакай болуп турса кызыгып кармагым келе берчү, таякем чиесиңер деп жакындатчу эмес. Атама "чоңойгондо ушундай машина алып, апам экөөңдү салып шаарга алып барам" десем, "ээ, балам, сен чоңойгондо мындан да сонун машиналар чыгат" дегени эсимде. Ошол кыялым орундала тургандай сагыз сатып алып, андан чыккан унаанын сүрөттөрүн муздаткычка чаптай берчүмүн.
Эң алгач рулга отурган күнүм эсимде. Илич, Билим деген балдар менен "Трио" деген топ ачып, "Асылзат" деген ырыбыз популярдуу болгон эле. Ошондо Ысык-Көлдүн Боз-Учук деген айылына концерт коюп барганбыз. Мурун байкелеримдин унааларын ары-бери жылдырып эле койгонум болбосо, айдай алчу эмесмин. Концерттен чыгып мени кыйын айдайт экен деп ойлоп калсын деп сыр бербей Билим деген баланын кичи автобусун айдай калып, артымдагы имаратты сүзүп алдым. Ошентип быссымылда дегенде эле кичи автобус айдап бир топ тажрыйба топтогом.

"КЫРСЫКТАГАНЫМ ЖАКШЫ БОЛГОН ЭКЕН"

Алгачкы күмүш түстөгү Тойота Камри үлгүсүндөгү унаамды 2013-жылы бир тууган агам белек кылган. Аны айдап досторум менен Кара-Балтага концертке барып келе жатып чиркегичи бар оор жүк ташуучу унаа сүйрөп кетти. Тулпарым такыр эле жарабай калган, аман калганыма сүйүнүп, темирге кейиген деле эмесмин. Бир жагынан кырсыктаганым жакшы болгон экен, тобо кылып, шашпай, жол эрежесин бузбай айдап калдым.
Андан кийин өзүм акча чогултуп, унаа алайын деп базарга барып эң арзанын алып жатсам, МАИде иштеген тааныш байке "сага ак түстөгү Ниссан Сефиро таап койдум" деп чалып калды. "Акчам жетпейт" десем, өзү 1 жарым миң доллар кошуп алып берген.

"УНААМДЫ ДОСТОРУМА ДА БЕРБЕЙМ"

-Андан кийин Хонда Аккорд үлгүсүндөгү кызыл машина алып айдап жүрсөм Бегимай Карабаева "машинаңыз жакты, сатсаңыз мен алам" деп калды. "Макул, сага арзан эле берем" деп койгом. 2 жумадан кийин алам деп келип калыптыр. Мынчалык тез болуп кетерин ойлогон эмесмин, айла жок сөзүмө туруп сатып ийдим.
Тойлордо ырдап чогулткан акчама ушул Лексус үлгүсүндөгү унаамды алдым. Интернеттен сатылат деп жарыя чыккан күнү барсам 7-8 кардар талашып жатышыптыр. Анан ырчы жигит экен деп мага беришти. Машинамды аябай таза алып жүрөм. Кичине эле кирдеп баштаса кир кийим кийип алгансып өзүмдү жаман сезем. Досторум машинага аяр мамиле кыларымды билип, унаамды сурашпайт. Бул тулпарым шаар ичинде күнүнө 13 литр бензин коротот.
Былтыр Токтогулга жердештериме концерт коюп баргам, концерттен кийин алар менен сүрөткө түшүп өзүнчө эле Майкл Жексон болуп алгам. Анан сүрдөп кетип машинамдын тескери жагына отуруп алып жатпаймынбы. Дагы жакшы, досум бар болчу, ага ачкычты бердим да, ал айдап кетип билинбей калды.

"МАИ КЫЗМАТКЕРИНИН ТОЮНДА ЫРДАП БЕРИП КУТУЛГАМ"

-Унаага байланыштуу эч кандай ырым-жырым колдонбойм. Болгону алыс жолго чыкканда жол дубаларын окуп коём. Анан кырсыктагандан кийин дөөтүнү сатыш керек дебей, айдаш керек дегенге аябай ишенип калдым. Себеби кырсыктаган унаамды айдап жүргөндө "муну сатып, үстүнө акча кошуп жакшы машина алсам" деп көп айтчумун. Машинанын моторун чачып оңдой албасам да, дөңгөлөгүн чечип алмаштырып, жарык берүүчү фараларын оңдойм. Жайында өзүм эле жууйм.
Бир жолу жол эрежесин бузганымда МАИ кызматкери тосуп калды. "Тоюңузга барып кызмат кылам" деп кутулган элем. Кийин тоюна чакырып ырдап келгенден көп өтпөй бир багытта кетүүчү жолго түшүп алыптырмын. МАИ кызматкери токтотту, түшсөм баягы байке экен. "Мени таанып алып жол эрежесин бузуп эле жүрөт экенсиң да" деп күлгөн.

"Салонумда дайыма нымдуу чүпүрөк, комуз, формаларым жүрөт. Тойго чакыруу болуп калса унаамдан эле кийинип даяр болуп калам".


Замира Рахманбердиева
Алишер Алиев
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Нурмат Садыров: "Унаамды ырчы Бегимай Карабаева айдап жүрөт"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
Djal1987
2017-02-01 16:49:36
Бизде тааныш билиштин заманы. Эртен бир косяк кылса кочодо ээ брат тоюнузда ырдап берейинчи дейт экен да? Гаилердин кучу карапайымдардын акчасын алып ал акчага ушул окшогондорго кызмат кылдырып а булар мактанып дегендей.
+2
Gulkin
2017-02-01 17:54:58
азыркы заманда бекер эмес карызга да анча беришпейт го кичине окшошпой калыптыр ушунсу
-1
Suluu4a
2017-02-01 18:25:30
Буюрусун. Сен жакшы баласын
0
Tyty1990
2017-02-01 20:32:06
Мактоого бир аллах татыктуу
0
Gul14kA
2017-02-01 20:49:53
Наоборот Нурмат мактанбайт. Абдан жонокой. Сен мыктысын, таланттуусун!
+5
wirin.weker
2017-02-01 23:49:57
Мактанбай эле суйлогон. Денсоолук болсо баары болот, жонокойлуктон жазбаныз!
+2
umar.88
2017-02-02 09:57:16
Азаматсын!Жонокой экенсин.Аял албай,кыз ал! Тамаша.
-3
Murmur
2017-02-02 14:21:55
видиосунда нормальный эле суйлоптур )) тиги жазма турундогусун мактангандай кылып жазышып коюшуптурдаа ))) молодец Нурмат
-1
aitieva00
2017-02-02 15:08:30
Аявай жагасыз да,жонокойсуз.Ишинизге ийгилик!Дагы коптогон бийиктиктерди багынтып журо бериниз!!!
+2
nuris208
2017-02-02 22:42:28
Мага жаккан машина)))) Торкенге качан айдап барасын эми ))))
+2
beka1207
2017-02-03 14:25:25
Биздин шоу бизнес элитасынын маданий деңгеелинин төмөндүгү бул!
-1
TARNADO
2017-02-03 14:37:29
Молодец! Ийгилик! Мага жагат ырлары
+1
Akylai_aktan
2017-02-03 21:13:47
Чыгармачылык ийгилик.Жонокойлугунуздон жазбаныз,дайыма донгологунуздон шамал отуп журо берсин!Азаматсыз
+1
Mahabat84
2017-02-05 23:04:56
Нурматтын кулуп турган коздору жагат.Молодец чыгармачылыгына ийгилик
+2
NURDANCHIK
2017-02-06 15:32:09
Боп кетипсин нурмат насип кылсын красавчик алга
0
№ 743, 27-январь-02-февраль, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан